Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:21

Украинанын чыгышындагы кагылышууда бир аскер мерт болду


Украиналык аскер. Донбасс. 10-июнь, 2019-жыл.
Украиналык аскер. Донбасс. 10-июнь, 2019-жыл.

25-августта Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында болгон кагылышууда бир украин аскери мерт болуп, үчөө жарадар болду.

Окуя армиянын «Түндүк» деп аталган ыкчам штабында болгон. Аскерлер билдиргендей, аларга орусиячыл жикчилдер куралдын ар кандай түрү менен чабуул коюшкан.

Украинанын Censor.net маалымат агенттиги жазгандай, быйыл июль айында 66 украин жоокери мерт болгон. Жалпысынан Киев менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы жаңжал башталган 2014-жылдын апрель айынан бери 13 миң адамдын өмүрү кыйылды.

Быйыл жазында кызматка киришкен Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкө чыгышындагы кырдаалды талкуулоону жандантуу максатында Орусия, Германия жана Франция менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырган.

Москва кызыкчылыгы бар экенин ишарат кылганы менен сүйлөшүүнүн так датасы белгиленген эмес. Орусия Украинанын чыгышындагы жаңжалга тиешеси бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG