Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Зеленский: Украинаны сатпайм


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украин президенти Владимир Зеленский 3-октябрда элине кайрылып, "Мен эч качан Украинаны сатпайм" деди. Бул сөздү ал "Штайнмайер формуласы" деп аталган документке Украина кошулгандан кийин чыккан нааразылык акцияларынан соң айтты.

"Штайнмайер формуласы" деп аталган документти Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму - ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуштаган.

Анда белгиленгендей, Донецк жана Луганскиде Украинанын мыйзамдарына ылайык шайлоо өтөт жана аны ЕККУ эл аралык стандарттарга төп келет деп тааныса, Киев бул облустардын өзгөчө макамы тууралуу мыйзам кабыл алат. Ошондой эле Москва менен Киев туткундардын баарын алмашат.

Зеленский билдирүүсүндө жогорудагы формулага түшүндүрмө берди:

- Келгиле, алгач бул кандай формула экенин түшүнүп алалы. Анда "Украина Крымдын аннексиясын таанып, Донбасстан баш тартат" деп турабы? Жок. Анда Донбасстагы шайлоолор автомат кундагы алдында өтөт деп турабы? Жок.

Киев, Москва жана ЕККУ эл аралык коомчулукта "Штайнмайер формуласы" деген ат менен таанымал документке 1-октябрда кол койгон. Ага ылайык, өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

Буга чейин Москва "Штайнмайер формуласына" Киев көнбөсө, Путин "Норманд төрттүгүнүн" алкагында Зеленский менен жолукпай турганын айткан.

Келишимге ылайык, Украина Донецк жана Луганск облустарынын айрым райондорунда кезексиз шайлоо өткөрүүгө макулдук берет. Шайлоолор Украинанын Конституциясына жана кезексиз шайлоолор тууралуу атайын мыйзамга ылайык өткөрүлөт. Донбасстын убактылуу макамы добуш берүү бүтөрү менен күчүнө кирет жана ЕККУнун байкоочулары шайлоонун жүрүшү тууралуу баяндамасын жарыялаганга чейин сакталат.

Эгер ЕККУ Донбасстагы добуш берүү демократиялык шайлоо тууралуу эл аралык талаптарга жооп бергенин тааныса, Донбасстын өзгөчө макамы бекийт. Бул мыйзамда эмнелер каралганы азырынча белгисиз. Бирок Украинадагы орусиячыл партиялар аймакта орус тили да украин тили менен катар өзгөчө макамга ээ болуусу тийиш экенин талап кылышууда.

Украин президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, Донбасстын өзгөчө макамы тууралуу жаңы мыйзамды парламент "коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта жана ачык талкуулоо аркылуу" иштеп чыгат.

- Бул маселени чечүүдө алдыбызда узак жана татаал жол турат. Биз бул жолду чогуу басып өтүүгө тийишпиз. Ал үчүн бизге ынтымак керек. Мен ар бир жарандын конституциялык укугун сыйлайм. Мен сиздерди угуп жатам, мен эч качан Украинаны сатпайм!.

"Штайнмайер формуласына" каршы акция. Харьков, Украина.
"Штайнмайер формуласына" каршы акция. Харьков, Украина.


1-2-октябрда Жогорку Раданын алдында "Штайнмайер формуласына" каршы нааразылык акциялары болуп өттү. Киев шаарынын тургуну Надежда президент Зеленскийге таарынычын билдирди:

- Биз бүгүн эгер биздин баалуулуктар, эгемендигибиз, аймактык бүтүндүгүбүз коркунучта калса, канча киши көчөгө чыгууга даяр экенин президент Зеленскийге көрсөтүү үчүн Майданга келдик. Биз Украинаны баскынчыга кармата берүү үчүн добуш берген эмеспиз.

2-октябрда Владимир Зеленский "Штайнмайер формуласы" боюнча парламенттеги фракция лидерлери менен жолугушкан. Жолугушуу жабык өтүп, 40 мүнөткө созулган. "Европа тилектештиги" фракциясынын мүчөсү Ирина Геращенко жолугушууда "маанилүү, бирок бардык маселелерди чечүүгө жетишсиз сөз" болгонун журналисттерге билдирди.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG