Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Украина Путиндин талабына көндү


"Штайнмайер формуласына" каршы протест. Киев. 2-октябрь, 2019-жыл
"Штайнмайер формуласына" каршы протест. Киев. 2-октябрь, 2019-жыл

Украина өлкө чыгышында жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарда шайлоо өткөрүп, аларга өзгөчө макам берүү талабына көндү.

Киев, Москва жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) эл аралык коомчулукта "Штайнмайер формуласы" деген ат менен таанымал документ тууралуу макулдашты.

Ага ылайык, өздөрүн "Донецк жана Луганск элдик жумурияттары" (“ДНР” жана “ЛНР”) деп атап алган облустардагы шайлоонун жыйынтыгын эл аралык коомчулук таанууга тийиш. Аймактардан куралдуу топтордун баары чыгарылып, Украина чыгышындагы Орусия менен чек арасын толук өзү көзөмөлдөйт.

Буга чейин Москва "Штайнмайер формуласына" Киев көнбөсө, Путин "Норманд төрттүгүнүн" алкагында Зеленский менен жолукпай турганын айткан.

Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-октябрда брифинг өткөрүп, "Штайнмайер формуласы" деп аталган документ "андай деле коркунучтуу эмес" экенин айтты. Ошондой эле мындай кадам алты жыл мурда башталып, 13 миңден ашуун адамдын өмүрүн алган Донбасстагы согушту токтотуу үчүн тынчтык сүйлөшүүлөрдүн башаты болот деп белгиледи:

- Бүгүн "Норманд төрттүгүнүн" саммитин өткөрүүгө тоскоол кылган жагдайдын баары жоюлду. Саммиттин датасы жакынкы күндөрү белгилүү болот. Ал аймактарда мындан ары тапанча такаган шайлоолор өткөрүлбөйт. Биз алдын ала турган бардык чараларды даярдайбыз. Сиздер менен аскерлер жүргөн аймактарда шайлоо өткөрүүгө эч качан көнбөйбүз.

ЕККУ тараткан билдирүүдө Донбасстан Украина менен Орусия аскердик техникаларын жана жоокерлерин 7-октябрдан тарта чыгара баштары айтылат.

"Штайнмайер формуласы" деп аталган документти Германиянын азыркы президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 2015-жылы ЕККУга төрагалык кылып турганда сунуштаган.

Документте Донецк жана Луганскиде Украинанын мыйзамдарына ылайык шайлоо өтөт жана аны ЕККУ эл аралык стандарттарга төп келет деп тааныгандан кийин Киев бул облустардын өзгөчө макамы тууралуу мыйзам кабыл алат.

Ошондой эле коңшулар туткундардын баарын алмашат.

Владимир Зеленскийдин бул билдирүүсүнөн кийин Украинанын бир катар аймактарында нааразылык акциялары, митингдер өттү.

Өлкөнүн экс-президенти, "Европалык тилектештик" партиясынын лидери Петро Порошенко буга байланыштуу атайын видео кайрылуу аркылуу Владимир Зеленскийдин саясатын айыптады. Ал жана анын тарапташтары "Штайнмайер формуласынын" шарттарына көнбөсүн айтты.

Порошенко бул документти "Путиндин формуласы" деп сыпаттады. Ойлонулбаган иштин айынан "Донбасс менен Крым колдон чыгарын, Орусияга карата коюлган санкциялар жумшарып, керек болсо жоюларын" билдирди.

Украинанын мурдагы премьер-министри, "Батькивщина" партиясынын төрайымы Юлия Тимошенко келишимди Украинанын "улуттук коопсуздугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине коркунуч келтирет" деген пикирде.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган жана Луганск, Донецк облустарындагы жикчилдерди колдоп келет.

Владимир Зеленский быйыл апрель айында президенттик шайлоодо жеңип келгенден кийин согушту токтотууга убада кылган. Өткөн айда Киев менен Орусия бири-бири менен туткундарды алмашкан жана бул жараян дагы уланары айтылган.

Германия, Франция, Орусия жана Украинанын башын кошкон "Норманд төрттүгү" 2016-жылдын октябрь айынан бери жолуга элек. Буга чейин Кремл "Штайнмайер формуласы" Киевди ынандырбаса, орус президенти Владимир Путин бул биримдиктин алкагында украин президенти Владимир Зеленский менен жолукпай турганын билдирген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG