Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:28

Донбасстагы кырдаал президенттерди сүйлөштүрдү


Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин. (коллаж сүрөт)
Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Орусиянын лидери Владимир Путин. (коллаж сүрөт)

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын лидери Владимир Зеленский 11-июлдун кечинде телефон аркылуу сүйлөштү. Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, эки тарап Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салууну талкуулашты.

Кремлдин маалымат кызматы кабарлагандай, сүйлөшүүнү украин тарап сунуштаган.

Москва тараткан билдирүүдө «Украинанын чыгышындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча суроолор жана эки тарапта тең кармалып тургандарды бошотуу боюнча биргелешип кызматташуу маселелери талкууланды», - деп жазылган.

Зеленскийдин администрациясы президенттер телефон аркылуу баарлашканын ырастап, анда кеп Орусия туткунга алган украиналык моряктарды бошотуу тууралуу болгонун айтты.

Былтыр ноябрда Керч кысыгында Орусия менен Украинанын деңиз күчтөрүнүн ортосунда жаңжал чыгып, орус тарап деңиз аскерлерин камакка алган. Бириккен Улуттар Уюму туткунга түшкөн украиналыктарды «аскер туткундары» деп тааныган. Москва алар «Орусиянын чек арасын бузган» деп билдирип келет.

Бул Зеленскийдин президенттикке келгени Путин менен болгон биринчи сүйлөшүүсү. Орусия лидери аны шайлоодо жеңиши менен куттуктаган эмес. Июнь айынын башында жасаган билдирүүлөрүнүн биринде, Путин ал “мурда жакшы актер болгонун” белгилеген.

Зеленский 21-апрелде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында жеңишке жетип, өлкө башына келген.

Путин Зеленский менен кандай шартта жолугарын айтты

8-июлда Владимир Зеленский Путинге Минскиде жолугушууну сунуштаган. Бул тууралуу ал өзүнүн атайын видеокайрылуусунда айткан.

"Азыр мен Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинге кайрылгым келет. Сүйлөшүш керекпи? Керек. Келиңиз, Крым кимдики жана Донбасста ким бар, ким жогун талкуулап алалы", -деген Зеленский ал сүйлөшүүгө сөзсүз АКШнын, Германиянын, Франциянын жана Британиянын лидерлери катышуусу абзел экенин кошумчалады.

Зеленскийдин бул кайрылуусу боюнча Путин 11-июлда өз жообун берди. Ал Украина президенти өлкө чыгышындагы өзүн «Луганск элдик республикасы», «Донецк элдик республикасы» деп атап алган аймактардын лидерлери менен жолугуп, аларды жикчилдер деп атабаган шартта гана жолугарын айтты.

"Биз эч качан сунушталган форматтардын биринен да, анын ичинде норманд форматын кеңейтүү тууралуу демилгеден да баш тарткан эмеспиз. Биринчиден, бул норманд форматы жана жогорку деңгээлдеги жолугушууга мыкты даярдык керек. Экинчиден, тиги же бу маселе тууралуу Украинада жаңы өкмөт түптөлүп, парламенттик шайлоо өткөндөн кийин гана сүйлөшсөк болот", - деди Владимир Путин.

Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнөн турган "Норман төрттүгү" аттуу топтун алгачкы жыйыны 2014-жылдын жайында Франциянын Нормандия аймагында өткөн. Бул топко Кошмо Штаттар кирбейт.

Путин өз сөзүндө Британиянын премьер-министри Тереза Мэй дагы жакын арада өз ишин жыйынтыкташы мүмкүн экенин кошумчалады.

Москва Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап алган. Көп өтпөй Кремл өлкө чыгышындагы Донбасс облусундагы жикчилдерге колдоо көрсөтө баштаган. Куралдуу кагылышуу башталган беш жыл ичинде 13 миңдей жарандын өмүрү кыйылды. Орусия Донбасстагы жаңжалга тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG