Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Орусия украин деңиз аскерлерин эки айга камады


Украин морягын сотко алып бара жатышат. Симферополь, 27-июнь, 2018-жыл
Украин морягын сотко алып бара жатышат. Симферополь, 27-июнь, 2018-жыл

Батыш мамлекеттери Орусияны 25-ноябрда кармалган украин деңиз аскерлерин тезинен бошотууга чакырды.

Орусия аннекциялап алган Крым жарым аралындагы Симферополь шаарынын соту 27-ноябрда украиналык "Яни Капу" буксиринин капитаны Виктор Варемезди жана "Никополь", "Бердянск" артиллериялык катерлеринин матростору Сергей Цыбизов, Андрей Оприско, Виктор Беспальченкону эки айга - 25-январга чейин камакка алды. Алар Орусиянын Кылмыш кодексинин "топ адам менен Орусиянын чек арасын мыйзамсыз жана күч менен кесип өтүүгө аракеттенген" деп айыпталышууда. Сот ушундай эле айып менен Виктор Можелянский, Андрей Долгополов жана Михаил Белоусовдун да бөгөт чарасын карап жатат. Эгер деңиз аскерлеринин баары күнөөлүү деп табылса, алты жылга чейин кесилиши мүмкүн.

25-ноябрда Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы жаңжалда жалпысынан 24 украин жоокери кармалган. Калган моряктардын бөгөт чарасы боюнча сот отуруму 28-ноябрда өтө турганы маалым болду.

Моряктарды бошотуу чакырыктары

Батыш мамлекеттери Орусияны Украинанын үч кемесин жана 24 морягын кармап кеткени үчүн айыптап, аларды тезинен бошотууга чакырууда. Бирок деңиз аскерлеринин 25-январга чейин камалышы Орусиянын аларды бошотуу ниети жоктугун көрсөтүүдө.

Европа Биримдигинин Тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини Орусияны кармалган моряктарды тезинен коё берүүгө жана аларга медициналык жардам көргөзүүгө үндөдү. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг болсо, “Орусия өз аракеттеринин кесепети болорун түшүнүшү керек. Биз өз колдообузду билдирүү үчүн украин өкмөтү менен байланышта болобуз” деди:

Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

- Биз Орусияны украин портторуна тоскоолдуксуз жетүүнү, Украина үчүн Азов деңизинде жана Керч кысыгында навигацияны камсыздап берүүгө чакырабыз. Украин кемелерине жана деңиз күчтөрүнүн кызматкерлерине каршы аскердик күч колдонууну актоого болбойт. Биз Орусияны тезинен украин деңиз аскерлерин жана басып алынган кемелерди бошотууга чакырабыз.

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерреш тараптарды мүмкүн болушунча сабырдуу болууга жана инцидентти тезинен жоюу чараларын көрүүгө чакырды. Ушундай эле пикирди Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриан орусиялык кесиптеши Сергей Лавров менен болгон маалымат жыйынында айтты.

Эстониянын президенти Керсти Кальюлайд Орусиянын аракетин "Европадагы согуш" деп баалап, "бул эч качан адаттагыдай иш деп кабыл алынбашы керектигин" кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Керч кысыгында түзүлгөн кырдаалды президент Петро Порошенко менен талкуулап, ал экөө муну “Орусиянын агрессиялык актысы” деп айыпташкан.

Азов деңизи.
Азов деңизи.

Мамлекеттик катчы Москваны кемелерди жана моряктарды бошотуп, Украинанын таанылган чек арасын, анын ичинде деңиздеги чектерин сактоого чакырды.

Президент Дональд Трамп болсо, журналисттердин Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу тууралуу суроосуна кыска жооп берип жатып, эч бир өлкөнү атаган жок:

​- Кандай болгон күндө да азыр болуп жаткан нерселер бизге жакпайт. Мен бул жагдай оңолот деп ойлойм. Менин билишимче, Европада да сүйүнүп кетишкен жок – алар дагы бул маселе боюнча иштеп жатат. Биз бул боюнча баарыбыз чогуу иштейбиз.

25-ноябрда Орусиянын согуштук кемелери Украинанын чопкуттуу артиллериялык катерлерине ок аткан окуя алар Кара деңизден Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине өтүп бараткан учурда болгон. Аталган окуяда жалпысы 24 украин деңиз аскери кармалып, анын ичинен алтоо жаракат алган. Орусия тараптын маалыматында жаракат алгандардын ичинен үч моряк ооруканада. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалап жатат. Ал 26-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде да каралды. Анда Орусиянын өкүлү Дмитрий Полянский:

- Биз мындай аракеттерди Орусиянын суверенитетин бузуу катары карайбыз. Бул мыйзамсыз кадамдар Орусиянын тиешелүү органдарын күч колдонууга мажбурлады. Алардын сабырдуулугунан жана жогорку кесипкөйлүгүнөн улам курмандыктар болгон жок, - деди.

Ал эми Кошмо Штаттардын БУУдагы өкүлү Никки Хейли окуяны “Эгемендүү Украинанын аймактык бүтүндүгүн бузуу” деп баалады.

Орусиянын күчтөрү тарабынан Крымдагы Керч портуна токтотулган Украинанын кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл
Орусиянын күчтөрү тарабынан Крымдагы Керч портуна токтотулган Украинанын кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл

Кремлдин маалыматына караганда, президент Владимир Путин менен Германиянын канцлери Ангела Меркел 27-ноябрда Азов деңизинде түзүлгөн кырдаалды телефондон талкуулашты. Орусия президенти “Берлин украин бийлигине мындан ары да акылсыз кадамдарды жасабоого таасир эте алат” деген үмүтүн билдирген. Орус президенти сүйлөшүүдө “Киевдин өзүнүн куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирип, аскердик абал жарыялашына кабатырлануусун” айткан.

Меркел Азов деңизинде түзүлгөн жагдайды ага чейин украин президенти Петро Порошенко менен да талкуулаган.

Аскердик абал жана шайлоо

Ал арада Украина 27 аймагынын ичинен Орусия менен чектешкен 10 регионунда аскердик абал жарыялады. Жогорку Рада 30 күнгө аскердик абал киргизүүнү 26-ноябрда кечкурун узак созулган талкуудан кийин колдоду:

Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

- Мен атайын чаралар Орусия Федерациясынын туруктуу аскерлеринин Донбасстан жана мыйзамсыз оккупация болгон Крымдан башка аймакта кургактан чабуул жасаган учурунда колдонула турганын белгилейм, - деди парламентте президент Петро Порошенко.

Аскердик абал учурунда мамлекеттик коопсуздукту камсыз кылуу максатында борбордук жана жергиликтүү бийликтин, ошондой эле аскерлердин ыйгарым укуктары кеңейип, ал эми жарандардын конституциялык укуктары чектелет.

Жогорку Рададагы талкуу учурунда аскердик абал кийинки жылы 31-мартта өтө турган президенттик шайлоонун алдында жарыяланышынан улам шайлоо өтпөй калабы деген кооптонуулар айтылды. Ошондуктан Аскердик абал жөнүндөгү документке "шайлоо башка күнгө жылдырылбайт жана өз учурунда өтөт" деген пункт атайын кошулду.​

Украин моряктарынын видеосу

27-ноябрда Орусиянын Аскер-деңиз күчтөрү үч украин морякты суракка алган видео тасманы жарыялады. Алардын бири өзүн Андрей Драч – Украинанын коопсуздук кызматынын контрчалгын башкармалыгынын ыйгарым укуктуу өкүлү деп тааныштырган. Кармалгандардын баары Орусиянын деңиздеги мамлекеттик чек арасын бузуп жатканы тууралуу эскертүүнү угушканын айтышат.

Киев украин моряктары кысым астында жалган маалымат бергенин билдирүүдо. Украинанын Аскер-деңиз күчтөрү "Фейсбуктагы" билдирүүсүндө орустардын колуна түшкөн экипаждын берген көрсөтмөлөрүн "түшүнүү менен кабыл алары" айтылат.

Керч кысыгындагы тосулган көпүрөнүн көрүнүшү. 25-ноябрь, 2018-жыл.
Керч кысыгындагы тосулган көпүрөнүн көрүнүшү. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицактын билдиргенине караганда, 25-ноябрда Керч кысыгында кармалган кемелерде Украинанын Коопсуздук кызматынын аскердик контрчалгын офицерлери болгон. Грицак офицерлер Украинанын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аскер-деңиз бөлүктөрүндө контрчалгын тапшырмаларын аткарып жүрүшкөн болчу деп маалымдады.

Москванын Киев менен мамилеси 2014-жылы Крым жарым аралын аннексиялап, Украинанын чыгышындагы өкмөткө каршы чыккан жикчилдерди колдогондон кийин бузулган.

Батыш бул аракеттерден жана Москванын жикчилдерди колдогонунан улам Орусияга каршы бир нече жолу санкция киргизген. Кремль "Орусия жикчилдерге көмөк көргөзүүдө, кошуна өлкөнүн ички иштерине кийлигишүүдө" деген дооматтарды четке кагууда.

Донбасстагы куралдуу жаңжал төрт жылдын ичинде 10,5 миңдей кишинин өмүрүн кыйды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG