Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:33

Украина "агрессиядан" соң аскердик абал киргизди


Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отуруму. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин отуруму. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Украин парламенти 26-ноябрда кечинде өлкөгө аскердик абал киргизди. Мындай сунуш менен президентке жана парламентке Украинанын Коргонуу жана коопсуздук кеңеши 25-ноябрдын түнүндө кайрылган.

Мунун алдында Кара деңизде Орусиянын аскер-деңиз күчтөрү украин кемелерине ок аткан эле. Ошону менен катар ал украин моряктары менен катерлерин да кармап кеткен.

Керч кысыгында, Кара жана Азов деңиздери кесилишкен аймакта болгон окуяны расмий Киев “агрессия”, Москва “чагым” деп баалады.

Украинада 26-ноябрдан тартып өлкөнүн Куралдуу күчтөрү күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Улуттук коопсуздук кызматынын өздүк курамына да ушундай буйрук берилди.

Дүйшөмбү күнү түштөн кийин президент Петро Порошенко 26-ноябрдан 25-январга чейин аскерий абал киргизүүнү караган жардыкка кол койду.

Украинадагы улутчул активисттердин Киевдеги нааразылык акциясы. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украинадагы улутчул активисттердин Киевдеги нааразылык акциясы. 26-ноябрь, 2018-жыл.

25-ноябрда Орусиянын согуштук кемелери Украинанын чопкуттуу артиллериялык катерлерине ок аткан окуя алар Кара деңизден Керч кысыгы аркылуу Азов деңизине өтүп бараткан учурда болгон.

Расмий Киев орус тараптын аракетин“агрессия” деп баалады:

- Орусия Федерациясынын агрессиясы күчөп бара жаткан шартта Украинанын коргонуу жөндөмүн арттырыш үчүн эл аралык мыйзамга ылайык аскердик абал киргизилет. Аскердик абал биз Украинанын аймагын бошотууда саясий жана дипломатиялык ыкмалардан баш тартканыбызды билдирбейт. Биз эл аралык милдеттенмелерибизди, анын ичинде Минск келишимдерин сактоону көздөйбүз, - деди украин президенти Петро Порошенко Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин чукул жыйынында. Ал ошондой эле Орусия ок аткандан кийин орус тарап кармап кеткен украин моряктары менен кемелерин тезинен бошотууну да талап кылды.

Орусиянын кемеси украин кемесин деңизде сүзгөн учур тартылган видеону Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жарыялады.

Расмий Киевдин маалыматына караганда, Орусия Украинанын 23 морягын кармап кеткен. Булардын ичинен алтоо жаракат алган, экөөсү оор жарадар болгон. Орусия тарап болсо Украинанын жаракат алган үч морягы азыр ооруканада экенин билдирүүдө. Ал эми Украинанын кармалган үч кеме-катери Керч портуна жеткирилген. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, кармалган украин моряктары мыйзамга ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.
Украинанын Орусия Керч портуна жеткирген кемелери. 26-ноябрь, 2018-жыл.

Киевдин маалыматына ылайык, Орусия украин кемелерине ок аткан окуя Москва 2014-жылы Крымды аннексиялагандан кийин өзүнүкү деп эсептеген аймактык суулардан сырт жакта болду.

- Орусия Федерациясы Керч кысыгы аркылуу кемелерди Азов деңизине эркин өткөрбөгөнүн ырастады жана анысын бүт дүйнөгө көргөздү. Орусия Федерациясынын катаал жана агрессивдүү аракеттери да ачыкка чыкты, -дейт Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн командачысы Игорь Воронченко.

Москва болсо украин кемелери Орусиянын чек арасын бузуп, убактылуу жабылган акваторияга мыйзамсыз кирди деп эсептейт. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 26-ноябрда окуяны “чагым” деп баалап, ал Украинанын "эң жогорку жетекчилигинин тикелей буйругу менен жасалган" деп белгиледи:

- Эл аралык укуктун чечүүчү жоболору бузулду, деңиз укугу эле эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун уставы да бузулду. Биз Киевдин Батыштагы демөөрчүлөрүн азыр аскердик долулук менен Украинадагы шайлоолорго жана башка окуяларга байланыштуу саясий упай топтоого умтулгандарды тынчтытууга чакырабыз.

26-ноябрда Орусиянын аракеттерине каршы нааразылык акциялар Украинанын бир катар шаарларында өтүүдө. Активисттер дүйшөмбү күнү Львов, Харьков жана Одесса шаарларында, Орусиянын консулдуктары алдына жыйналды. Ага чейин 25-ноябрдын кечинде Киевде, Орусиянын элчилиги алдындагы акцияда "Орусияга өлүм!" деп кыйкыргандар да болгон. 26-ноябрда Киевдин Көз карандысыздык аянтына "Улуттук корпус" деген уюмдун жактоочулары чогулушту.

Азов деңизин "блокадалоо"

Орусия Керч кысыгында ал Украинадан 2014-жылы аннексиялап алган Крымды өлкөнүн калган бөлүгү менен кургактан туташтырган ири көпүрөнү быйыл май айынан тартып пайдаланууга берген. Андан бери Азов деңизиндеги кырдаалга байланыштуу Украина эле эмес, Европа, АКШда тынчсыздануусун билдирип жаткан болчу.

Өткөн айда эле Европа парламенти Москваны Азов деңизин милитаризациялап жатканы үчүн айыптаган атайын резолюция да кабыл алган. Анда Европа парламенти Орусиянын Азов деңизиндеги аракеттерин “ блокада”, Украинанын “эгемендигин”, “эл аралык деңиз укугун” бузуу катары мүнөздөгөн. Европарламент ошондой эле бул көрүнүш улана берсе Орусияга каршы санкциялар күчөтүлөрүн да эскерткен.

Керч кысыгындагы көпүрөнүн көрүнүшү. 25-ноябрь, 2018-жыл.
Керч кысыгындагы көпүрөнүн көрүнүшү. 25-ноябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Азов деңизин блокадалашы алгылыксыз экенин, азыркы кырдаал кооптондуруп жатканын бүгүн Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас да эске салды.

Европа кеңешинин президенти Дональд Туск Орусия Азов деңизинде күч колдонушун 26-ноябрда айыптады. Туск Москва "Украинанын моряктарын, кемелерин кайтарып бериши керек, Европа Украинаны колдоодо бирдиктүү бойдон калат" деп билдирди.

Москва менен Киевдин мамилесиндеги соңку чыңалууну бүгүн БУУнун Коопсуздук кеңеши чукул отурумунда талкуулаган жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG