Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:16

Берлинде Украина маселеси чечилген жок


"Норманд төрттүгүнө" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жыйынга кирип бараткан учур. Берлин. 11-июнь, 2018-жыл.
"Норманд төрттүгүнө" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери жыйынга кирип бараткан учур. Берлин. 11-июнь, 2018-жыл.

Донбасстын аймагына Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу боюнча бир жаңсыл чечим кабыл алынган жок. Бул маселени талкуулап жаткан "Норманд төрттүгү" аттуу топтогу Германиянын, Франциянын, Украинанын жана Орусиянын тышкы иштер министрлери мунасага келе албай коюшту.

16 айлык тыныгуудан кийин Берлиндин жака-белиндеги Тегел көлүнүн жээгинде жайгашкан Тышкы иштер министрлигинин конок үйүндө өткөн жолугушуу үч саатка созулду. Кечки саат жетиге жакын сүйлөшүүгө кирген министрлер түнкү он жарымдарда гана журналисттерге чыгышты.

Германиянын тышкы иштер министри Хайко Маас сүйлөшүү “ачык жана кенен-кесир” өткөнүн айтты. Министр Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрү боюнча демилгени Москва менен Киев экөө тең колдогону менен аларды жайгаштыруу боюнча экөөнүн көз караштары эки ача болуп, бир мунаса келе алышпаганын кошумчалады:

Хайко Маас.
Хайко Маас.

- Биз көп суроолор боюнча макулдашууга жетиштик. Тараптар узак мөөнөткө ок атышууну токтотуу, оор артиллерияны чатак тилкесинен чыгарып кетүү, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) ​ байкоочуларына коопсуздукту камсыз кылып, аймакка тоскоолдуксуз кирүүгө шарт түзүп берүү зарыл экенин белгилешти. Ал эми Украинанын чыгышына жайгаштырыла турган Улуттар Уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрү тууралуу айта кетсек, бул боюнча биз өз өкүлдөрүбүзгө сүйлөшүүлөрдү улантып, жакынкы апталарда пикир келишпестиктерди жөнгө салууну тапшырдык. Эки тарап тең эле миссиянын жайгашуусуна каршы эмес, бирок: “Ал кандай болот, кайда жайгашат?” деген суроолор боюнча пикирлери ар башка.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттар менен Украинанын БУУнун “көгүш каскачан” тынчтыкты сактоочу күчтөрүн жайгаштыруу планы “Минск келишимине каршы келерин” белгиледи.

- Биз украиналык кызматташтарыбыз жана Американын өкүлдөрү биргелешип сунуш кылган демилге Минск келишимине каршы келерин түшүндүрдүк. Анткени алар жайгаша турган күчтөрдү саясий, аскердик миссияга айлантууну көздөп жатышат. Менимче, француздар жана немистер биздин позицияны түшүнүп жатышат. Украиналыктар болсо өз оюнан кайтпай жатышат.

Ошол эле учурда сүйлөшүүгө катышкан тараптар жалпысынан жолугушуу пайдалуу болгонун белгилешти. Маселен, туткундарды алмашуу жана бошотуу боюнча жол картасын түзүү, куралдуу кагылышуу болуп жаткан аймакты миналардан тазалоо жана башка маселелер сүйлөшүлдү.

Украинанын жетекчилиги тынчтыкты сактоо күчтөрүн Донбасстын аймагына толук, анын ичинде Киевдин көзөмөлүнөн чыгып кеткен Орусия менен чек аралаш аймактагы 400 чакырымга созулган тилкеге да жайгаштырууга үндөп жатат. Украин бийлиги “көгүш каскачандар” мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү куралсыздандырып, аскердик кампаларды өз көзөмөлүнө алып, жайкын тургундарды коргошу керек деп эсептейт.

Москва мындай сунуштарды четке кагып, "тынчтыкты сактоочу күчтөр ЕККУнун байкоочуларын коштоп гана жүрүшү керек" деп жатат. Кремль Украинанын чыгышындагы орусиячыл козголоңчулардын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, миссиянын жайгашышы боюнча алардын да макулдугун алыш керек деп эсептейт.

"Норманд төрттүгүнө" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери сүйлөшүп жатышат. Берлин, 11-июнь, 2018-жыл.
"Норманд төрттүгүнө" кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери сүйлөшүп жатышат. Берлин, 11-июнь, 2018-жыл.

Украинанын тышкы иштер министри Павел Климкин Украинанын чыгышында тынчтык орнобой жатканын Орусиядан көрдү:

- Буга чейин Орусия баарын бузуп, муну атайлап кылып келгенин баарыбыз эле көрүп жатабыз. Бул жолугушуу ок атышууну токтотууга жардам берет деген үмүттөбүз. Бирок бул үчүн бизге Москва так кепилдик бериши керек. Башка жолу жок. Эгер шарттар аткарылбаса, бизде жылыш болбойт. Бул баарына анык, тилекке каршы Орусия эле түшүнбөй койду окшойт.

Германиянын, Франциянын, Орусиянын жана Украинанын жогорку деңгээлдеги өкүлдөрүнөн турган "Норман төрттүгү" аттуу топтун алгачкы жыйыны 2014-жылдын 6-июнунда Франциянын Нормандия аймагында өткөн. 2015-жылы Минскте өткөн жолугушуу 17 саатка созулуп, анда Минск келишимдерин аткаруу боюнча чаралар комплекси кабыл алынган.

2014-жылдын мартынан бери Киевдин өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын ортосундагы куралдуу кагылышуулар он миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG