Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:25

Украина: туткун алмашуу башталды


2017-жылдын сентябрь айында Донбасстагы туткундарды алмашуу жараяны.
2017-жылдын сентябрь айында Донбасстагы туткундарды алмашуу жараяны.

Украин өкмөтү менен Донбасстагы орусиячыл жикчилдер дээрлик 15 айдан кийин биринчи жолу туткундардын чоң тобун алмашууга киришти. Расмий Киев өздөрүн Донецк жана Луганск республикалары деп атаган жикчилдерге 300дөн ашык адамды өткөрүп берип, алардын ордуна 74 украиналык туткунду бошотуп алды.

Украин өкмөтү жана алар менен кеминде үч жарым жылдан бери кармашып келе жаткан орусиячыл жикчилдер туткундарды 27-декабрда чак түштө өлкөнүн чыгышындагы Горливка шаарчасынын аймагында алмашып жатышат.

Ал туткундардын тизмеси бир жума мурда Минскте өткөн үч тараптуу байланыш тобунун жыйынында бекитилген.

Макулдашууга ылайык, украин өкмөтү өздөрүн "Донецк жана Луганкс элдик республикалары" ("ЛНР", "ДНР") деп атаган жикчил топторго 306 кишини өткөрүп берүүнү чечкен. Жикчил топтор болсо өздөрү көзөмөлдөгөн аймакта колго түшкөн 74 украиналыкты алмашууга макул болгон.

Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман өкмөттүн шейшембидеги жыйынында жикчилдердин барымтасынан бошотулган украиналыктарга жардам берүүнү тиешелүү министрликтерге тапшырды:

Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман.
Украинанын премьер-министри Володимир Гройсман.

"Төрт жыл мурда өз жарандарыбыз өз жеринде туткунга айланат деп ойлодук беле? Бул аң-сезимге сыйбас нерсе. Бирок биз ар бир өмүр үчүн, эркиндик жана аймактык бүтүндүгүбүз үчүн күрөшүшүбүз керек. Мен президент менен сүйлөштүм. Туткундарга социалдык, медициналык жана каржылык жардам көрсөтүүнү макулдаштык. Январь айында алардын маселелери чечилип бүтүшү керек".

Украин өкмөтү менен жикчилдер дээрлик 15 айдан бери туткун алмаша элек болчу. Буга жикчил топтордун Киевге аткарылышы оор талаптарды койгону себеп болгон. Маселен, алар "2014-жылы Майданда активисттерди өлтүрдү" деп айыпталган мурдагы милиция кызматкерлерин бошотууну талап кылышкан.

Ноябрда украиналык бизнесмен, "Украин тандоосу - элдин укугу" аттуу орусиячыл кыймылдын башчысы Виктор Медведчук орус президенти Владимир Путинге туткундар маселесин чечүү тууралуу кайрылып, аны улай Кремл орус лидери жикчил топтор менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн кабарлаган. Андан көп өтпөй Донбасстагы жикчилдер туткундарды алмашууга макул болушкан. Сүйлөшүүлөргө арачылык кылган украин бизнесмени Виктор Медведчук эки тарап эпке келгенин чоң жылыш катары мүнөздөдү:

- Бул чоң жетишкендик. Биз өтө маанилүү гуманитардык маселени чечтик. Келечекте Украинанын чыгышындагы кырдаалды тынч жөнгө салуу маселесине келгенде да орток пикир табабыз деп ишенгим келет.

Украиналык ишкер Виктор Медведчук менен орус лидери Владимир Путиндин жолугушуусу, 15-ноябрь, 2017-жыл.
Украиналык ишкер Виктор Медведчук менен орус лидери Владимир Путиндин жолугушуусу, 15-ноябрь, 2017-жыл.

Жикчилдердин барымтасында аскер кызматкерлери, журналисттер, ыктыярчылар жана өспүрүмдөр да болгон. Айрым маалыматтар боюнча, Донбасста дагы эле 90дон ашык украиналык туткундар бар. Алардын кайда экени так белгисиз.

Туткундарды алмашуу боюнча макулдашууну эки тарап тең оң баалаганы менен "Бул окуя Минск келишиминин башка жоболорун аткарууга түрткү береби?" деген суроого эч бири так жооп бере албай турат.

Украинада 2013-жылдын аягында жана 2014-жылдын башында “Евромайдан” деген ат менен белгилүү болгон элдик толкундоодон кийин президент Виктор Янукович бийликтен четтетилген. Андан көп өтпөй Орусия референдум өткөнүн жүйө кылып, Крымды аннексиялап алган. 2014-жылдын апрель айында Украинанын чыгыш облустарында Орусияны жактаган жикчилдер менен жаңы өкмөттүн аскерлеринин ортосунда кармаш тутанган. Андан бери чатак токтобой, баш-аягы 10 миңден ашык адамдын өмүрү кыйылды.

Айрым маалыматтар боюнча, жикчилдер Украина менен Орусиянын чек арасынын 400 чакырымдай бөлүгүн көзөмөлдөп турушат. Батыш өлкөлөрү бул окуялардан улам Орусияга каршы санкцияларды киргизген. Орусия Украинанын чыгышындагы окуяларга эч кандай тиешеси жок экенин билдирүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG