Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:19

Кыргызстан Крым боюнча БУУ резолюциясына каршы добуш берди


Бириккен Улуттар Уюму.
Бириккен Улуттар Уюму.

Бириккен Улуттар Уюмунун "Крым автономиялык республикасында жана Севастополь шаарында адам укуктарынын абалы, Украина" резолюциясына Кыргызстан каршы добуш берди. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар борбору кабарлады.

19-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы кабыл алган резолюцияга 70 өлкө "макул", 26 өлкө "каршы", 76 өлкө "арсар" добуш берген.

Каршы болгон мамлекеттердин арасында Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларус, Боливия, Индия, Казакстан, Кытай, Түндүк Корея, Куба, Сербия, Тажикстан жана Түштүк Африка Республикасы ж.б. бар.

Резолюцияда Башкы Ассамблея аннексияланган Крымда адам укуктарынын тебеленишин, улутчулдук мүнөздөгү басмырлоону, орусиячыл көз караштагылардын үстөмдүгүн сындаган.

Ошондой эле ал жакта Орусиянын мыйзамдарынын орношу туура эмес экендиги айтылат.

Крымды Орусия 2014-жылы аннексиялап алган. Референдум өтүп, аймакты Москва көзөмөлдөй баштаган. Украина бийлиги жана Батыш мамлекеттери муну эл аралык эрежелерди бузуу катары сыпатташат.

Бишкек Крымды Орусиянын аймагы катары расмий түрдө тааный элек.

XS
SM
MD
LG