Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:00

Украина: Саакашвили сот залынан бошотулду


Михаил Саакашвили жубайы Сандра Рулофс менен сот залында, 11-декабрь, 2017-жыл.
Михаил Саакашвили жубайы Сандра Рулофс менен сот залында, 11-декабрь, 2017-жыл.

Киевдин Печерский райондук соту Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини камакка алуудан баш тартты.

Киевде сот 11-декабрда оппозициялык "Жаңы күчтөрдүн руху” кыймылынын лидери, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилинин бөгөт чарасын карап, аны үй камагына кесүүдөн баш тартты. Муну менен сот прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырган жок.

Сот залынан бошотулган Михаил Саакашвили буга чейинки иштерин уланта берерин, башка да саясий күчтөр менен бириккиси келгенин билдирди.

- Мен эскалацияны каалабайм, бизге тирешүүнүн кереги жок. Эч кимге чабуул коюу зарыл эмес. Албетте, бизге эч кандай төңкөрүштүн да кереги жок. Биз аларды (бийликти - ред.) бардык зарыл мыйзамдарды кабылдап, Украинада конституциялык, тынч, бирок өтө маанилүү жана зарыл бийлик алмашуусуна даярданууга мажбурлашыбыз керек. Болгону ушул.

Михаил Саакашвили Киевде 8-декабрдын кечинде кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал дароо ачкачылык жарыялаган. Бир күндөн кийин прокурорлор Саакашвилини сотко чейин үй камагына чыгарууну өтүнүшөрүн маалымдашкан.

Дүйшөмбүдө Киевдин борборундагы сот имаратынын жанында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция Саакашвилинин тарапташтарын сотко киргизбей турду. Ал эми имараттын ичиндеги журналисттер менен Саакашвили айнек тосмонун артында туруп сүйлөшкөн эле:

- Постсоветтик мейкиндикте Путиндин эң чоң душманы мен экенимди баары билет. Путиндин кылмыш кылганы тууралуу Улуттар Уюмуна катты мен тапшыргам. Мен Грузиянын президенти болорум менен орус ФСБсынын ал өлкөдөгү түзүмүн талкалагам. Ошондон кийин мени ФСБ менен кызматташкан деп ким айыптай алат?

Украин бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын былыктарын жашырган" деп айыптап жатат.

Буга чейин баш прокурор Юрий Луценко оппозиционер саясатчы "Орусияда жашырынып жүргөн укриналык ишкер Сергей Курченкодон жарым миллион доллар алган" деп билдирген. Курченко Саакашвилини тааныбай турганын, Луценконун үстүнөн жалган маалымат таратканы үчүн сотко кайрыларын айтты.

Украин мыйзамына ылайык Саакашвилиге тагылган айып боюнча 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган. Саакашвили болсо өзүнө тагылган айыптарды четке каккан.

Сот болуп жаткан учурда имараттын алдында Улуттук гвардиянын 12 автобусу жана коомдук тартип кызматынын 10 автоунаасы турганын журналисттер билдиришти.

Сот жараянына катышкан Саакашвилинин жубайы Сандра Рулофс күйөөсүн Украина Грузияга өткөрүп берип коюшу мүмкүн экенин грузиндердин «Рустави 2» телеканалына берген комментарийинде айткан.

10-декабрда он миңдеген адам Киевдин борборуна демонстрацияга чыгып, Саакашвилини бошотууну жана президент Петро Порошенкого импичмент жарыялоону талап кылышты.​ Ал жерге келген Саакашвилинин аялы "Бизнесмен Порошенко балким өлкөнү өзгөртүүнү каалагандыр, бирок колунан келген жок. Саясат - бизнес эмес. Адамдар - товар эмес" - деди. Анын сөзүнөн кийин чогулгандар "Украина" деп кыйкырып турушту.

5-декабрда украин коопсуздук күчтөрү Саакашвилинин Киевдеги батиринде тинтүү жүргүзүп, өзүн сегиз кабаттуу үйдүн чатырынан кармашкан. Андан көп узабай тарапташтары аны жоон топ тартип коргоо кызматкерлеринин колунан сууруп кетишкен.

Михаил Саакашвили "Жаңы күчтөр кыймылы" менен октябрь айынан бери Киевде нааразылык чараларын байма-бай уюштуруп, чатырларды тигип, президенттин кызматтан кетишин талап кылып келатат.

Саакашвили 2013-жылы грузин президенттигинен кетип, студент кезинде чогуу окуган президент Петро Порошенконун командасына кошулган. Грузияда ага каршы бир канча кылмыш иштери ачылып, издөө жарыяланган.

Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында украин жарандыгын берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган.

Бир жыл мурда бул кызматтан кеткен Саакашвили президент Петро Порошенкону "паракорлорду калкалайт" деп сындай баштаган. Июль айында Порошенко АКШга кеткен Саакашвилини украин жарандыгынан ажыраткан. Буга карабастан, Саакашвили сентябрда Польша аркылуу Украинага кайтып келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG