Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

"Мекенсиз" калган Саакашвили


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили украин жарандыгынан ажыраганын угары менен өз укугу үчүн күрөшөрүн билдирип чыкты.

Президент Порошенко кезинде Одесса облусун жетектеген грузин саясатчысынын атуулдугун 26-июлда жокко чыгарган.

Грузиядагы реформалары менен таанымал жана саясий жолу талкуу жараткан Михаил Саакашвили грузин жарандыгын жоготкондон эки жыл өтпөй украин атуулдугунан ажырап отурат.

Украин президенти Петро Порошенконун мындай чечимине Саакашвилинин 2015-жылы украин жарандыгын аларда жалган маалыматтарды көрсөткөнү себеп болду деп кабарланды.

АКШда жүргөн Саакашвили дароо видео кайрылуу таратып, украин бийлигинин соңку кадамын кескин сындап чыкты. Ал Украинада баш-аягы 13 жыл жашап, үч революцияга катышканын, өз укугу үчүн күрөшөрүн айтты:

- Менде бир гана украин жарандыгы бар. Андан айрылбайм. Мени качкынга айлантуу аракети жүрүп жатат. Андай болбойт. Башка жакта калбайм жана макамымды өзгөртпөйм. Мен Украинага кайтуу боюнча мыйзамдуу укугум үчүн күрөшөм. Порошенко мен өлкөнүн сыртында жүргөндө пастык менен мени атуулдуктан ажыратууну чечти. Бийликтегилер оппозиция бул күздө олигархтардын макулдашуусун токтотуу үчүн көчөгө чыгууга камданып жатканын көрүп, коркууга алдырышты. Президент Порошенко Конституциянын гаранты болгондун ордуна ага түкүрдү.

Саакашвили кезинде украин президентинин башкы тилектештеринин бири деп сыпатталган.
Саакашвили кезинде украин президентинин башкы тилектештеринин бири деп сыпатталган.

Саакашвили 2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган. Анын саясаты Орусиянын кыжырын келтирип, ортодогу тирештин кесепети 2008-жылдагы согушка алып келген. Орус-грузин жаңжалынан кийин Грузия Түштүк Осетия жана Абхазия аймактарынан ажыраган.

Саакашвили полиция реформасы үчүн макталганы менен президенттик мөөнөтүнүн акырында түрмөлөрдөгү кыйноолор үчүн сынга кабылган. Анын Грузиядагы саясий тагдырын 2012-жылдагы парламенттик шайлоо аныктаган. Себеби анда президенттин партиясы бизнесмен Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулган.

Саакашвили кыйла төмөн рейтинг менен президенттиктен кетип, көп өтпөй Украинага келген. Грузияда ага каршы бир канча кылмыш иштери ачылып, издөө жарыяланган.

Украинадагы 2013-жылдагы "Евромайдан" окуяларына активдүү катышкан Саакашвилиге элдик толкундоодон кийин бийликке келген украин президенти Петро Порошенко 2015-жылдын 30-майында жарандык берген.

Бидзина Иванишвили (солдо) жана Михаил Саакашвили
Бидзина Иванишвили (солдо) жана Михаил Саакашвили

Ошол эле күнү Саакашвили Украинадагы ири Одесса облусунун губернатору кылып дайындалган. Анда Порошенко грузин саясатчысын мактаган эле:

- Ал Украинанын чоң досу. Мен жыйырма жылдан ашык убакыттан бери, университеттен бери билген адам. Сөз менен эмес, иш менен билимин жана жаратмандыгын гана көрсөтпөстөн, аларды ишке ашыра алган, бүтүндөй өлкөнү өзгөрткөн киши,- деп билдирген Порошенко эки жыл мурда.

Саакашвили губернатордук кызматка шымалана киришип, облуста реформаларды жүргүзөрүн, Одессаны Грузиянын курорттук Батуми шаарына айлантарын да айтканы бар. Бирок грузин губернатору өкмөт жетекчилери менен тил табыша албай, бара-бара карама-каршылык күчөгөн. Акыры, 2016-жылдын ноябрь айында кызматтан кеткен. Анда Саакашвили Украинадагы коррупциялашкан системадан тажап бүткөнүн айтып, президент Петро Порошенкону паракорлорду калкалайт деп сындаган. Көп өтпөй Украинада оппозициячыл кыймыл түзгөн.

Порошенко июнь айында Брюсселдеги сапары маалында Саакашвили көзгө көрүнөрлүк иш деле кылбаганын журналисттин суроолоруна жооп берип жатып ишара кылган эле. Ал грузин саясатчысын жарандыктан ажыраткан чечими боюна комментарий бере элек.

Украин президенти өткөн аптада Грузияга визити маалында Саакашвилинин экстрадициясы тууралуу суроого жооп берип, аны күч органдары чечерин айткан.

Украин президент Петро Порошенко (солдо) менен грузин президенти Георги Маргелашвили, Тбилиси, 18-июль 2017-жыл.
Украин президент Петро Порошенко (солдо) менен грузин президенти Георги Маргелашвили, Тбилиси, 18-июль 2017-жыл.

Украин саясатчылары экстрадиция маселесине Саакашвилинин украин жарандыгы тоскоол болуп келгенин, эми ал Украинага кайтып келсе Грузияга өткөрүлүп берилиши мүмкүндүгүн айтышат.

Парламент депутаты Виталий Куприй Саакашвили АКШдан баш калка сурашы мүмкүндүгүн айтты:

- Мен Порошенконун Грузияга визитине байкоо салып турдум. Визит башталганда Тбилисиде болчумун. Жолугушуунун натыйжасында мындай макулдашуу болду деп ойлойм. Бул жагдай жакшы эмес. Себеби Порошенко өзү Саакашвилини реформа жүргүзүү үчүн Украинага чакырып, жарандык берген. Мен өзүм Саакашвили мырзанын жасаган жана жасабаган иштерин өтө катуу сындаган адаммын. Ошентсе да бул окуя Украинанын укуктук мамлекет деген кадыр-баркына доо кетирет.

«Батькивщина» партиясынын лидери, мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко да ушундай эле мүнөздөгү билдирүү таратты.

Кантсе да Украинада да, Грузияда Саакашвили тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Былтыр октябрь айында анын "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы жубайы Сандра Рулофстун жетеги астында Грузияда парламенттик шайлоого катышып, бирок калктын жапырт колдоосуна ээ боло алган жок.

Алар кайрадан "Грузин кыялы" партиясына утулуп калышкан. Эгер жеңген болсо Саакашвили Грузияга кайтып барышы мүмкүн эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG