Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:54

Грозин: Кыргызстандык Саакашвили азырынча жок


Москвадагы КМШ институтунун Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Андрей Грозин "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Айрым эксперттер орусиялык расмий адамдардын Кыргызстанга акыркы визиттерин президенттик шайлоого байланыштырды. Чын эле ошондой байланыш болушу мүмкүнбү?

Андрей Грозин: Байланыш бар болсо да, азырынча тикелей эмес деп ойлойм. 15-октябрга чейин дагы көп убакыт бар экенин бардыгы жакшы түшүнөт да.

Ооба, талапкерлерди көргөзүү активдүү жүрүп жатат, сыягы президент болом дегендер ондоп саналат. Жеке баамымда Орусияда болочок өнөктүк эч кандай тынчсыздануу жаратпайт. Себеби реалдуу жеңишке азыркы жана мурдагы премьерлер баштаган беш-алты киши же андан да азы жетиши мүмкүн. Ошол бир ууч адамдардын арасынан эч кимиси Кремлдин "аллергиясын" жаратпайт. Мен андай кишини көрбөй жатам.

"Азаттык": Кандай саясатчы сиз айткандай "аллергия" кылмак, Москваны кандай талапкер, окуялардын кандай өнүгүшү кабатыр кылмак?

28-февраль, 2017-жыл
28-февраль, 2017-жыл

Андрей Грозин: Эми бул жерде түрдүү божомол, түкшүмөлдөрдү, спекуляцияларды айта берсе болот. Бирок иш жүзүндө кыргызстандык Саакашвили же кыргызстандык Ющенко, кыргызстандык Порошенко деп атагандай саясатчылар жок. Андай кишини мен көрбөй жатам. Бул Орусиянын эмгеги же Кыргызстандагы шайлоонун өзгөчөлүгү деп айта албайбыз.

Албетте Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүк боюнча түрдүү ойлор бар. Бирок эмгек мигранттары жеңгени түшүнүктүү. Ар биринин артында үй-бүлөсү, жакындары турат. Ошол себептен Орусия менен азыркы байланыштарды сактап калууну же кеңейтүүнү колдогондор көп.

Саясатчылар муну жакшы аңдап, теманы өз кызыкчылыгында кеңири пайдаланып жатышканы түшүнүктүү. Эми Орусия менен достук мамилени канчалык чын жүрөктөн жакташары жөнүндө талашып-тартышса болот. Бирок объективдүү жагдайдан алсак, Кыргызстан дагы кимге таяна алат? Коңшу Кытай да бар. Бирок бул жерде да өз плюс-минустары бар да. Коомдун маанай-пикири да бир аз башкачараак. Кыскасы, саясатчылар шайлоочуларга жаккан ыргакка салып эле аракет көрүп жатышат жана Кремл менен досмун деп жакшы көрүнгүлөрү келет. Кремл болсо көпчүлүк учурда мындай билдирүүлөр таза конъюнктура экенин түшүнөт.

"Азаттык": Кремл муну түшүнүп, ойноп жатабы?

Андрей Грозин: Кантип ойносун? Телевизорду көрсөңөр эч нерсе деле айтылбайт. Убакыт бар да, поезддин алдына түшүп алып чуркоонун кереги жок.

Алыстан байкоо салган саясат

"Азаттык": Кыскасы, Кремл кимге артыкчылык берерин ишара кыла элек?

Андрей Грозин: Менимче, айтпайт деле болушу керек. Анын эмне кереги бар? Билесизби, биздин чыгыштагы улуу кошунабыз өтө акылдуу, даанышмандык менен мамиле кылып келатат. Алар да эч качан эч нерсе деп айтышпайт. Алар жөн гана байкоо жүргүзүп келет.

Мен ал өлкөгө көп каттап турам, түрдүү эксперттер менен баарлашам. Алар 2005-жылы камтама болушкан, Акаевден кийинки келген бийлик башка багытта кетет деп чочулашкан. Бирок андан кийин ким келбесин, кредиттерди кайтаруу, Кытай менен эсептешүү керектигин жакшы түшүнөрүн билип калышты. Орусия да ушундай позицияда.

Орусияда болочок талапкер жооп бериши керек болгон критерийлердин өз тизмеги бар. Ал эми аты-жөнү маанилүү эмес.

Президенттикке ким келбесин объективдүү реалдуулук кала берет. Кыргызстан Орусиянын инвестицияларынан, Орусиянын эмгек рыногунан, орус базасынан көз каранды. Мына ошол реалдуулукту жеңүү кыйын.

"Азаттык": Башкача айтканда, орусиялык фактор Кыргызстандагы шайлоодо чечүүчү болбосо да, маанилүү болот деп эсептейсизби?

Андрей Грозин: Орусия айталы, Сариев же Бабановду же дагы бирөөнү колдоо менен эмне кыла алат? Орусияга, менимче, баары бир. Жээнбеков же Бабанов же дагы башкасы келеби. Медиада колдоо берилиши мүмкүн. Орусиялык пиар адистер жардам бериши мүмкүн. Бирок менин баамымда, азырынча бардык шайлоо штабдар өз ресурстары менен эле иштеп келатат. Өлкөдөгү кырдаалды начар билген чоочун адамдардын кереги жок.

Балким мен адашып жатам, бирок Орусияда болочок талапкер жооп бериши керек болгон критерийлердин өз тизмеги бар. Ал эми аты-жөнү маанилүү эмес. Конкреттүү бир адамдарды эч ким атабайт.

"Азаттык": Сиз алдыда Саакашвили менен Порошенкону мисал кетиргениңизге караганда, эң негизгиси болочок талапкер батышчыл болбосун деген критерий барбы?

Андрей Грозин: Эми бул чектен чыккан вариант. Саясат Кыргызстанда персонификациялык мүнөзгө ээ. Кыргызстанда саясаттын мүнөзү жеке адамга байланган. Бирок биз алдыда сөз кылган маанайды эске алганда батышчыл саясатчынын олуттуу перспективалары бардыгынан күмөн санайм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG