Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Бийликтеги "Грузин кыялы" шайлоодо утту


"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлери жеңишти белгилеп жатышат.
"Грузин кыялы" партиясынын тарапкерлери жеңишти белгилеп жатышат.

Грузиядагы парламенттик шайлоодо бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы жалпы добуштардын дээрлик жарымын (48,6 %) алды. Мурдагы президент Михаил Саакашвили негиздеген “Бириккен улуттук кыймыл” партиясы добуштардын 27 пайызына ээ болду.

Учурда добуштардын 99 пайызы саналып бүттү. Грузин парламентинде 150 орун бар.

Эл аралык байкоочулар бул шайлоодо атаандаштыкка мүмкүнчүлүк берилгенин, бирок үгүт иштери күч колдонуулар менен коштолгонун билдирди. Оппозициядагы партиялар болсо добуштар бурмаланганын айтып жатышат.

Бийликтеги партия жеңишке жетти

Миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвили төрт жыл мурда өзү негиздеген “Грузин кыялы” партиясынын жеңишине ушуну менен экинчи жол күбө болуп жатат. Ал расмий түрдө партияны жетектебесе да, азыркы премьер-министр жана партиянын лидери Георгий Квирикашвили менен кошо жеңишти белгилөө үчүн чогулган элдин алдына чыкты.

Алдын ала жыйыныктар боюнча, анын “Грузин кыялы” партиясы добуштардын дээрлик жарымына (48,6 %), ал эми саясий атаандашы Михаил Саакашвили негиздеген “Бириккен улуттук кыймыл” 27 пайызга ээ болду. Беш пайыздык босогону ашкан орусиячыл “Мекенчилдер биримдиги” партиясын кошкондо шайлоого катышкан 41 саясий биримдиктин ичинен үч гана партия парламентке кире турган болду.

- Биз бул жеңишти күткөнбүз. Буга 2012-жылга салыштырмалуу туруктуу экономикалык өнүгүү жана адам укуктарынын корголушу себеп болду, -деди жеңген партиянын лидери Георгий Квирикашвили.

Миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвили азыркы премьер-министр менен кошо сахнага чыкты.
Миллиардер-саясатчы Бидзина Иванишвили азыркы премьер-министр менен кошо сахнага чыкты.

Грузиядагы парламенттик шайлоого байкоо салган Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму баштаган эл аралык уюмдар жекшембидеги добуш берүүдө атаандаштык болгонун, шайлоо жакшы уюштурулганын жана негизги эркиндиктер сакталганын билдиришти. Ошентсе да алар өнөктүк маалында мыйзамга жатпаган үгүт иштери тууралуу кабарлар түшкөнүн, өнөктүк ар кыл зомбулук окуялары менен коштолгонун белгилешти.

- Атаандаштык курч болду жана шайлоо жакшы уюштурулду. Добуш берүүчүлөрдүн маалыматка негилделген тандоо жасашына шарт түзүлдү. Маалымат каражаттары көп пикирлерди чагылдырды, бирок бир тарапка ыктап турду. Зомбулукка жол ачкан айрым кабыл алынгыс окуялар болду. Бирок алар позитивдүү шайлоого кедергисин тийгизген жок, - деп билдирди ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Игнасио Санчес.

Оппозиция шайлоонун жыйынтыгына канааттанбайт

Саакашвилинин жубайы, "Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери Сандра Рулофс добуш берүүдө.
Саакашвилинин жубайы, "Бириккен улуттук кыймылдын" талапкери Сандра Рулофс добуш берүүдө.

Добуш берүү маалында Грузиянын түштүгүндөгү Марнеули шаарында тополоң чыкты. Ондогон адамдар жергиликтүү мектептеги добушканага күч менен кирүүгө аракет жасашты. Полиция аларды тарата албай, атайын даярдыктагы аскерлерди чакырууга туура келди. Бийликтеги жана оппозициядагы партиялар бул башаламандыкты уюштурду деп бири-бирин айыптады.

Оппозициядагы партиялар шайлоодо добуштарды бурмалоолор болгонун айтышууда. Грузиянын демократиялык партиясынын жетекчиси Нино Бурджанадзе:

- Биздин партия шайлоонун жыйынтыгын тааныбайт. Эркин жана акыйкат шайлоо болгон жок. “Грузин кыялынын” пайдасы үчүн добуштар бурмаланганы тууралуу далилдер бар, - деп билдирди.

“Бириккен улуттук кыймылдын” азыркы лидери Давд Бакрадзе оппозициядагы партияларды колдогондор коркутууга кабылганын айтты:

- Эгер бийликтеги партияга добуш берсеңиз сизге кысым жасабайт. Эгер “Бириккен улуттук кыймылды” колдосоңуз сизди коркута башташат.

Кантсе да бийликтеги “Грузин кыялы” партиясы төрт жыл мурдагы шайлоодо алдыга озуп, коалициялык өкмөт түзүп, Саакашвилинин партиясын бийликтен кетирген. Андан көп өтпөй учурда Украинанын Одесса облусунун губернатору болуп иштеп жаткан Михаил Саакашвилиге төрт кылмыш иши ачылып, анын бир канча тарапкерлери жоопко тартылган. Эми шайлоонун мындай жыйынтыгы менен Грузиянын эшиги Саакашвили үчүн дале жабык бойдон калууда. Бийликтеги партиянын өкүлдөрү мурдагы президент өлкөгө келсе, дароо камакка алынаарын эскерткен. Михаил Саакашвили өзүнүн өлкөдө болбогону партиясынын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп койду дейт:

Бидзина Иванишвили жана Михаил Саакашвили
Бидзина Иванишвили жана Михаил Саакашвили

​- Баарына эле түшүнүктүү. Мен ал жерде болсом, шайлоону оңой эле утуп алмакпыз. Мен ал жерде жокмун, бирок менин партиям жана менин жубайым бар. Ал эл арасында абдан популярдуу. Биз Орусиянын “Газпром” компаниясынын ири акционери Иванишвили менен күрөшүп жатабыз. Аны бир гана максат менен – менден арылуу үчүн гана жөнөтүшкөн.

Байкоочулар Грузиядагы бул жолку парламенттик шайлоону жыйынтыгын алдын ала айтуу мүмкүн эмес добуш берүү деп мүнөздөшкөн эле. Шайлоо көп сандагы партиялардын атаандаштыгы менен гана эмес, ар кыл күч колдонуулар менен да эсте калды. Добуш берүүгө төрт күн калганда “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын депутаты Гиви Торгамадзенин унаасы жардырылган. Андан мурдараак мурдагы коргоо министрине ок атылган болчу. Мындан улам бул шайлоо чагымчыл аракеттер болуп кетпейби деген кооптонуулар менен өттү.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG