Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:09

АКШ Грузияны "далыга таптады"


Жон Керри Тбилисиде.
Жон Керри Тбилисиде.

АКШ мамкатчысы Жон Керри НАТО саммити алдында Грузияга тийип өттү. Анда эки өлкө коргонуу боюнча меморандум кабыл алышты. Керри Грузиянын НАТОго мүчөлүгүн кубаттарын дагы бир ирет эске салды.

6-июлдагы сапарында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Грузия президенти Георгий Маргвелашвили, премьер-министри Георгий Квирикашвили менен жолукту.

Анда коопсуздук жана коргоо жаатында өнөктөштүктү бекемдөө макулдашылып, атайын меморандумга кол коюлду.

Ага ылайык, грузин тарапка америкалык курал - жарактарды алууга, аскердик даярдык боюнча кызматташууга, кибер коопсуздугун жогорулатууга жол ачылат.

Жолугушуудан кийинки маалымат жыйынында Керри Грузиянын “ооган операциясына” кошкон салымын жогору баалап, “евроатлантикалык дымагын” колдоорун белгиледи:

- Кошмо Штаттары НАТОнун “ачык эшиктер” саясатын абдан колдойт жана тилектештер 2008-жылкы Бухарест саммитинде берген убадага ылайык, Грузия НАТОнун мүчөсү боло алат. Биз бул билдирүүнү колдойбуз.

Бирок Керри Грузия качан мүчө боло аларын белгилеген жок. Тек гана кырдаал, тагыраагы Сирия, Украинадагы абал буга кедерги болуп атканын айта өттү.

Деген менен Грузия коргоо министри Тина Хидашели Польшадан баары бир олжолуу кайтарына үмүттөнүүдө:

- Биздин өлкө Варшава саммитинен көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр, коргонуу жаатында азыркыдан да ири эки тараптуу долбоорлор менен кайтат деп айта алабыз. Биз үчүн Варшава саммитинин алдындагы башкы маселе коргонуу мүмкүнчүлүгүн сезилерлик жогорулатуу.

Ошондой эле Грузия сапары учурунда Керри Орусияны 2008-жылдын августундагы тынчтык келишимин аткарып, Абхазия менен Түштүк Осетиядан чыгып, аскерлерин конфликтке чейинки позицияга чегиндирүүгө чакырды:

- Кошмо Штаттары мурдагыдай эле Грузиянын аймактык бүтүндүгү менен суверенитетин чечкиндүү колдойт. Грузин аймагынын кайсы бир бөлүгүн Орусиянын басып алып, зордукчул саясат жүргүзүүсү кабыл алынгыс, - деди Керри.

Орусия 2008-жылдагы Грузия менен кыска мөөнөттүү куралдуу жаңжалдан кийин Абхазия менен Түштүк Осетиядагы жикчилдерди колдоп, аталган аймактарды өлкө катары тааныган.

Аны менен эле тим болбой Орусия Украина ээлигиндеги Крымды 2014-жылы аннексиялап алган.

Аймактагы өлкөлөрдүн бүтүндүгүнө байланышкан окуялардан улам Грузия, андан соң Украина Батыш менен жакындашып, Евробиримдик, НАТОго кошулууга далалаттанып келишет.

XS
SM
MD
LG