Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:17

Саакашвили Украинада жаңы партия түзөт


Михаил Саакашвили, Киев, 11-ноябрь, 2016-жыл.
Михаил Саакашвили, Киев, 11-ноябрь, 2016-жыл.

Одесса облусунун мурдагы губернатору, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили Украинада жаңы "Хвиля" ( "Толкун") деп аталган жаңы саясий партия түзгөнүн жума күнү Киевден жарыялады.

Саясатчы ырастагандай, жаңы түзүлүп жаткан саясий күчтүн максаты-парламенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшү жана мунун натыйжасында учурда "чайкоочулук менен пайда көргөн" саясий элитаны өзгөртүү.

Одесса облусунун губернатору кызматынан өткөн аптада кеткен Саакашвили украин президенти Петро Порошенкону Кара деңиз жээгиндеги порттук бул аймакты реформалоо аракеттерине саботаж жасаганы үчүн айыптады, Порошенконун парламенттеги партиясы менен алар мөөнөтсүз шайлоого макул болмоюнча иштешпей турганын кошумчалады.

Порошенко Саакашвилинин кызматтан кетүү арызын апта башында кабыл алып, анын Украинадагы саясий амбициялары Грузиядагы мурдагы партиясы шайлоодо утулганына байланыштуу экенин ишара кылган. (UE),

XS
SM
MD
LG