Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:16

Михаил Саакашвили украин жарандыгынан ажыратылды


Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.
Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили.

Грузиянын экс-президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили украин жарандыгынан ажыратылды.

Бул тууралуу Украинанын TSN маалымат агенттиги Мамлекеттик миграция кызматындагы булактарына таянып жазды.

Маалым болгондой, буга Саакашвили 2015-жылы жарандык алууга документтерди тапшырып жатканда, жалган маалыматтарды көрсөткөндүгү себеп болду. Ал Грузияда ага каршы ачылган кылмыш ишине байланыштуу издөөдө жүргөнүн ачыктаган эмес.

Орусиянын "Интерфакс" агенттиги Украина президентинин администрациясындагы өз булактарына таянып, Петро Порошенко Саакашвилини жарандыктан ажыратуу боюнча буйрукка кол койгонун кабарлады.

Грузияны 2004-жылдан 2013-жылга чейин башкарып турган Михаил Саакашвили 2015-жылдын декабрь айында украин жарандыгын алган соң, Грузиянын жарандыгынан ажыратылган.

Ал Грузияда өзүнө тагылган айыптар саясий негизде экенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG