Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:09

Саакашвили украин бийлигин айыптады


Михаил Саакашвили.
Михаил Саакашвили.

Мурдагы грузин президенти Михаил Саакашвили Украинанын Одесса облусунун губернаторлук кызматынан кетти. Ал Украинадагы коррупциялашкан системадан тажап бүткөнүн жашырбай айтып, президент Петро Порошенкону паракорлорду калкалайт деп сындады.

Порошенконун тарапкерлери Саакашвилинин жоопкерчиликтен качканын айтышууда. Саакашвили бир жарым жыл мурда губернаторлук кызматка киришкенден бери айрым өкмөт мүчөлөрү менен тил табыша албай келген.

Саакашвили украин бийлигин айыптады

Грузиядан чыгып кеткен мурдагы президент Михаил Саакашвили Одесса облусунун губернаторлук кызматынан кеткенин жарыялоо менен бирге украин жетекчилеринин дарегине ачуу сөздөрдү да айтты. Ал украин бийлигинин курулай убадаларынан тажап бүткөнүн, өлкөдө мурдагыдай эле карактоо уланып жатканын белгиледи. Украин саясатчыларынын кирешелери тууралуу декларациянын жыйынтыгы анын соңку чечимине түрткү бергенин жашырган жок:

- Электрондук декларациялар акыркы чыдамды жок кылды. Миллиарддаган накталай акчасы бар экенин уялбай айткан, мамлекеттен жана ар бир тыйынын санаган пенсионерлерден социалдык жөлөк пул сураган, ашынган бетпактардын жүзүн көргөндө менде башка сөз жок.

Электрондук декларация президент Петро Порошенко жана анын “Тилектештик” блогундагы саясатчылар миллиарддаган долларга тете байлыкка ээ экенин, алар Украинадагы эң бай адамдардын катарына кирерин көрсөткөн.

Саакашвили Украинанын 2014-жылдагы “Евромайдан” окуяларынан кийин бийликке келген айрым жетекчилерди жемкор деп атап, президент Порошенкону Одессадагы паракор кланды колдойт деп күнөөлөдү. Ал буга Одессадагы жетекчилик кызматтарга жаңы кадрлардын ордуна эски саясатчылардын дайындалышын айтып, саясий күрөштү уланта берем деди:

- Мен толук жеңиш үчүн канча керек болсо ошончо аракет кылган, Украинаны коррупциялык баткактан куткаруу үчүн аягына чейин турган аскермин.

Украина президенти Петро Порошенко жана Михаил Саакашвили.
Украина президенти Петро Порошенко жана Михаил Саакашвили.

Саакашвили тууралуу пикирлер бир кылка эмес

2004-2013-жылдары Грузияны башкарган Саакашвили былтыр май айында Украинанын Одесса облусун губернатору болуп дайындалган. Украин президентине кеңешчилик да кылган Саакашвили саясий кызматка келүү үчүн Украинанын жарандыгын алган. Ал облуста реформаларды жүргүзөрүн, Одессаны Грузиянын курорттук Батуми шаарына айлантарын да айтканы бар.

Бирок грузин губенатору мурдагы украин премьер-министри Арсений Яценюк баштаган өкмөт өкүлдөрү менен тил табыша албай келди. Ал өкмөттү коррупциялашкан жана ишинин жыйынтыгы жок деп байма-бай айыптап жатты. Былтыр декабрь айында Реформалар боюнча улуттук кеңештин жыйынында Саакашвилинин айыптоолоруна териккен украин ички иштер министри Арсен Аваков стакандагы сууну мурдагы грузин президентине чачканга чейин барган.

Ошентип, Украинанын саясий айдыңында да талкууга себеп болгон Саакашвилинин арызын президент Порошенко кабыл алганы кабарланды. Айрым украин саясатчылары Саакашвили кыйын учурда кетпей турса болмок дешсе, кайсы бири губернатордон жасаган иши тууралуу отчет алуу керектигин айтышты. Депутат Вадим Рабынович Саакашвилинин кадамы чет өлкөлүктөр Украина үчүн күйбөй турганын көрсөттү деп билдирди.

Президенттин “Тилектештик” блогунун депутаты Алексей Гончаренко болсо Украинанын “112” агенттигине берген маегинде Саакашвили жоопкерчиликтен качты деп билдирди:

- Михаил Саакашвили эч качан Одесса облусунун губернатору болгон эмес. Анткени губернаторлук иш жыйынтыкты талап кылат. Ал керек болсо Одессанын өзүндө да көп болгон жок. Ал президентти Украин жарандыгын алуу үчүн пайдаланды Одессаны болсо саясатка кайтуу үчүн трамплин катары колдонду. Партиясы Грузияда утулуп калгандан кийин анын саясий ишмердүүлүгү үчүн Украина жалгыз мүмкүнчүлүк болуп калды. Андыктан ал керексиз губернаторлук кызматты таштап жатат. Бул жумушта ал жыйынтык көргөзүшү керек. Мындан улам ыңгайлуу оппозицияга өтүп жатат.

Грузиянын өзүндө болсо Михаил Саакашвилиге бир нече кылмыш иши ачылып, анын бир канча тарапкерлери жоопко тартылган. Грузин бийлиги Саакашвили өлкөгө келсе, камаларын эскерткен. Мурдагы президент өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, Грузияда реформа жүргүзгөнүн баса белгилеп айтып келет.

Саакашвили: Жемкорлукту жеңебиз. 7-сентябрь, 2015-жыл. "Азаттыктын" архиви.

Саакашвили: Жемкорлукту жеңебиз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG