Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Саакашвили Одессанын мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү пайдалангысы келет


Президент Петро Порошенко Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады. Одесса, 30-май, 2015.
Президент Петро Порошенко Михаил Саакашвилини жаңы кызматка дайындады. Одесса, 30-май, 2015.

Украинанын Одесса облусунун жетекчилигине жаңыдан дайындалган Михаил Саакашвили бул кызматка макул болгон себебин аймактын мүмкүнчүлүктөрү тиешелүү деңгээлде пайдаланылбай жатканы менен байланыштырды. Анын пикиринде, шаарды башкарып турган төбөлдөр бардык багыттар боюнча өнүгүүнү артка тартууда. Бул тууралуу жекшембиде УНН агенттиги жазып чыкты. Андан мурдарак Саакашвили облустагы жетекчи кызматтардын баарын жаңылоо ниетинде экени айтылган. "Одессалыктардан өзгөрүүлөр үчүн мүмкүндүк берүүнү суранам, айрыкча жетекчи кызматтарга конкурс аркылуу жаштарды тартууга", - деди журналисттерге жаңы губернатор кызматка киришкен соң.

Украин президенти Петро Порошенко Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини эки күн мурда Одесса облусунун башчылыгына дайындоо менен ага украин жарандыгын ыйгарган.

Бул арада Грузиянын азыркы президенти Георгий Маргвелашвили Саакашвилинин украин жарандыгын алуу чечимин өз өлкөсүн шылдыңдоо катары баалады. Грузин мыйзамдары боюнча, башка өлкө жарандыгын алган учурда автоматык түрдө Грузия жарандыгынан ажырайт.

Михаил Саакашвилиге өз мекенинде оппозиция бийликке келген соң бир катар олуттуу айыптар тагылып, издөө жарыяланган. Мурдагы президент муну саясий куугунтук деп атап келет.

XS
SM
MD
LG