Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Украинада министр Аваковго иш козголду


Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков
Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков

Украинанын Башкы прокуратурасы ички иштер министри Арсен Аваковго кылмыш ишин козгоду. Бул министр Аваковдун дарегине коюлган биринчи доомат эмес.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваковго кылмыш иши ачылганын өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко билдирди.

“24 канал” телекомпаниясына берген маегинде Луценко Коррупцияга каршы борборунун башчысы Виталий Шабуниндин кайрылуусу бул кадамга түрткү болгонун айтты:

- Мен бир күндө бир нече адамдан кат алам. Алардын арасында мырза Шабунинден да кайрылуу келип турат. Ошол каттын негизинде ички иштер министри Аваковго кылмыш ишин козгодум. Силер ишенбейсиңер, бирок Башкы прокуратурага келген кайрылуунун баарынын статусу бирдей, - деди Луценко.

Юрий Луценко
Юрий Луценко

Бирок башкы прокурордун Аваковго кайсы берененин негизинде иш козгогону белгисиз.

Ички иштер министри Арсен Аваков да бул тууралуу комментарий бере элек.

Бул кылмыш иши Арсен Авакого жасалган алгачкы чабуул эмес. Август айында Жогорку Радада кылмыштуулукка каршы күрөш чабал жүрүп жатканы үчүн Арсен Аваковду иштен алуу боюнча токтом долбоору катталган.

Ага чейин Киевдин Соломен райондук соту Украинанын Коррупцияга каршы бюросуна ИИМ башчысынын телефон чалуулары менен СМС-билдирүүлөрүн текшерүүгө уруксат берген.

Бул чечим министрдин уулу Александр Аваковдун ИИМге өз наркынан жогору баадагы рюкзактарды сатып алуу боюнча тендерге катышканы иликтенип жатканда кабыл алынган.

Журналист Дмитрий Гнаб рюкзак боюнча иликтөө жүргүзгөн. Анын айтымында, тендерден уткан фирманын ээси министрдин уулунун кыйбас досу.

- Социалдык тармактар аркылуу иликтеп көргөндө, тендерден уткан компания харьковдук ишкер Владимир Литвинге караштуу болуп чыкты. Ал Александр Аваковдун кыйбас досу. Экөө покер ойногону чогуу барат.

Бирок Арсен Аваков бул ишке өзүнүн да, аялынын да, баласынын да тиешеси жоктугун Фейсбуктагы баракчасына бир нече жолу жазган.

Тарас Березовец
Тарас Березовец

Ал эми политолог Тарас Березовецтин пикиринде, Аваковго каршы бул иштер украин элитасынын ичиндеги тымызын тирештен кабар берет.

- Аваков Александр Турчинов жана Арсений Яценюк менен бир саясий топтон чыккан министр. Менимче, бул жерде Аваковдун өзүнө эмес, Турчиновго каршы чабуул башталды. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы катары аскердик сатып алууларды жана күч түзүмдөрүн көзөмөлдөйт. Демек анын ордуна барууну каалагандар да көп.

Өткөн жумаларда, тагыраагы 4-сентябрь күнү Киевдеги «Интер» телеканалына 20дай адам өрт койгон. Украиналык серепчилер бул иштин артында “Интердин” редакциялык саясатын сындап келген ички иштер министри Арсен Аваков турганын айтып чыгышкан. Бирок Аваков бул дооматтарды четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG