Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Киевде "Интер" телеканалына кол салуу болду


Украинада нааразы топ "Интер" телеканалынын ишин токтотууга аракет жасоодо. Ушу тапта өзүн "Ыйык Мария" батальонунун ардагерибиз деп атаган адамдар телеканалдын Киевде жайгашкан кеңсесинин жанында чогулуп турат. "Азаттыктын" украин кызматынын маалыматына караганда, алар имараттын ичиндегилерди чыгарып, бирок кирүүсүнө тоскоолдук кылууга аракеттенүүдө.

Акциянын катышуучулары "Москванын агенттери", "Интер кет!" деген жазууларды кармап турат. Кырдаалга полиция жана өрт өчүргүчтөр көзөмөл кылууда.

Кечээ телеканалга кол салуу болуп, маалымат программалары чыкчу телестудия жок кылынган. Өрт коюп, кол салгандар "Интер - Кремлдин агенти!" деген жазуулар менен чыккан.

Компаниянын жамааты жана жетекчилиги президент Петр Порошенкого арызданды, бирок азырынча жооп боло элек.

Анын алдында Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков өлкөнүн Коопсуздук кызматына кайрылып, "Интер" телеканалын "мамлекетке каршы позициясы үчүн" ишин текшерүүгө чакырган болчу.

Жыл башында Украинанын Телерадио боюнча улуттук кеңеши аталган телекомпанияга бул өлкөдө persona non grata аталган орусиялык ырчы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Иосиф Кобзонго сөз бергени үчүн эскертүү жасаган. (RK)

XS
SM
MD
LG