Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:30

Украина: Саясий реформага каршылык


Децентрализациянын каршылары күч түзүмдөрү менен кагылышкан кез. Киев, 31-август, 2015-жыл.
Децентрализациянын каршылары күч түзүмдөрү менен кагылышкан кез. Киев, 31-август, 2015-жыл.

Украин бийликтери жана дүйнө державалары Киевдеги кечээги кыянатчылыктарды айыпташты.

АКШ менен Еврошаркет ага катар расмий Киевди реформа багытынан тайбоого үндөдү. Киевде кечээ Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынганда парламент имараты алдында кагылыш чыгып, үч адам мерт болду, жүздөн ашуун киши жаракат алган.

Киевдеги кечээги тополоңго тынчызданган билдирүүлөр АКШ, Германия, Орусия жана Еврошаркет жетекчилигинен айтылды.

АКШ Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жон Кирби, маселен, Вашингтондогу басма сөз жыйында буларга токтолду:

- Биз парламент имаратынын сыртындагы кыянатчылыктарды айыптайбыз. Украиналыктардын баарын кайсы топко тиешеси бардыгына карабай, мыйзамды жана тартипти сактоого чакырабыз. Украиналыктардын тынч жыйындарды өткөрүү укугун урматтайбыз, бирок, демократиялык коомдо эгер таарынычтар болсо, ал тынч жана мыйзамдуу жол менен чечилүүсү керек. Биз украин парламентинде Конституцияга децентрализация боюнча толуктоо киргизүүнү караган мыйзам долбоору жактырылышын кубаттайбыз. Бул башкарууну жакшыртуу багытындагы маанилүү кадам жана Минск макулдашууларынын чечүүчү бөлүгүн аткарууга да жардам берет.

Киевдеги кечээги кыянатчылыктарды Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча жогору өкүлү Федерика Могерини да айыптады.

Жогорку Рада алдындагы кагылыш. 31-август, 2015-жыл
Жогорку Рада алдындагы кагылыш. 31-август, 2015-жыл

Брюсселдин эсебинде да, украин Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Минск макулдашуулары аткарылышын тездетет жана бийликти борбордук деңгээлден региондорго жана жамааттарга өткөрүү жолундагы маанилүү кадам.

ЕБнын тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Могерини Еврошаркет украин парламенти конституциялык реформаны улантат деп күтөрүн кошумчалады.

Киевдеги кыянатчылыкты өлкөнүн чыгышындагы жикчилерди колдоп келе жаткан Орусия да айыптады.

Бирок Москва Киевдин бийликти децентралдаштыруу боюнча кадамын Минск келишимин аткаруудагы “имитация” деп мүнөздөдү.

Биринчи окууда бул сунушту украин парламентиндеги 450 депутаттын 265и гана колдоду. Башкаруучу коалицияга кирген партиялардын үчөө колдоо көргөзүүдөн баш тартты.

Байкоочулардын баамында, бул президент Петро Порошенко Минск келишиминин шарттарын аткаруу үчүн өзүнүн батышчыл өнөктөштөрүн ийге келтирүүдө да кыйынчылыктарга кабылып жатканын көргөзүүдө.

- Децентрализация Украинанын саясий системасын түп тамырынан өзгөртөт. Бул башкаруунун европалык моделине жол ачат. Бул ошондой эле менин тынчтык планымдын бир бөлүгү. Бүгүнкү добуш берүү оңой болгон жок, бирок тынчтыкты көздөй кадам жасалды, - деген президент Петро Порошенко парламент имараты алдындагы кагылыштарды “жонго бычак уруу” деп атады.

Эми экинчи окууда Конституцияга өзгөртүү жактырылышы үчүн добуштардын үчтөн эки бөлүгү же 300 добуш талап кылынат.

Эгер президент Порошенконун сунушу толук колдоо тапса, өлкөнүн чыгышында орусиячыл жикчилер көзөмөлдөгөн аймактардын автономиясы да кеңейиши керек.

Шейшемби күнү украин парламенти алдына чогулгандар муну “Кремлге багынуу” катары кабыл алышкан эле.

Премьер –министр Арсений Яценюк теледен сүйлөгөн учурунда тополоңдун тутанып кетиши үчүн ашынган улутчулдарды күнөөлөдү:

- Бул кылмыштын цинизми -Орусия жана анын бандиттери украин мамлекетин чыгыш майданда жок кылууга аракеттенип, муну жасай албай жатса, украинчил деп аталган күчтөр өлкөнүн борборунда дагы бир майдан ачууга аракеттенүүдө. Кылмыш кодекстин 348-беренесине ылайык, граната ыргытып, Улуттук гвардиягын жоокерин мерт кылган адамды украин жараны катары өмүр боюу түрмөгө кесүүнү талап кылам.

Украин ички иштер министр Арсен Аваков билдиргендей, кечээги кагылышта алган жараатынан бүгүн Улуттук гвардиянын дагы эки жоокери каза таап, өлгөндөрдүн саны үчкө жетти. Жаракат алган 140тай адам ооруканада жатат, алардын басымдуу бөлүгү аскерлер.

Милиция 30тай киши кармалып, алардын 18си абакта калганын, арасында аскерлерге граната ыргытты деп шектелген адам да бардыгын айтууда.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG