Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Орусия украин режиссерун жыйырма жылга кести


Олег Сенцов (солдо ак футболкачан) жана Александр Кольченко өкүм чыккан кезде. 25-август, 2015-жыл.
Олег Сенцов (солдо ак футболкачан) жана Александр Кольченко өкүм чыккан кезде. 25-август, 2015-жыл.

Орусияда украиналык кинорежиссер Олег Сенцов жыйырма жылга түрмөгө кесилди. Орус бийликтери аны террорчулук менен байланышкан кылмыштар үчүн айыптаган. Расмий Киев орус сотунун өкүмүн кескин сынга алып, маселенин саясий өңүтү бардыгына көңүл бурду. Укук коргоочу уюмдар украин кинорежиссерун буга чейин эле саясий айыпкер катары тааныган.

Украиналык кинорежиссер Олег Сенцовду 20 жылга түрмөгө кескен өкүмдү Түндүк Кавказ округунун аскерий соту чыгарды.

Режиссер менен кошо крымдык Александр Кольченко ысымдуу активист да 10 жылга соттолду. Муну менен сот прокурорлордун өтүнүчүн негизинен канааттандырды. Мамлекеттик айыптоочу Сенцовду 23 жылга, Кольченкону 12 жылга кесүүнү талап кылган.

Орус бийликтери аларды Орусиянын аймагында тыюу салынган украиналык уюм - “Оң сектордун” бөлүмдөрүн түзгөн, “Крымдын орус жамааты” деген топтун, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кеңселерине өрт койгон, Лениндин эстелигин жардырууга даярданган, - деп айыпташкан.

Режиссер Сенцов жана активист Кольченко коюлган айыптарды четке кагышкан, Сенцов атүгүл сот жараяны учурда ФСБнын кызматкерлери андан керектүү көрсөтмө алуу үчүн кыйноого барганын да айтып чыккан. Сенцов сотто акыркы сүйлөчү сөзүнөн баш тартып, баары бир адилетсиз чечим болорун белгиледи. Аскер сот өкүмү угузулган учурда айыпталып жаткандар Украинанын гимнин ырдашты.

Орусиялык аскер соттун өкүмүн украин бийликтери да айыпташты.

Президент Петро Порошенко Одессада жүргөн жеринен белгилегендей, "Сенцов иш жүзүндө барымтадагы адам катары Минск келишимине ылайык бошотулушу керек эле. Ал эми өкүм украиналыктар үчүн Орусияда адилет сот болбой турганын ырастоодо”.

Украинанын тышкы иштер министрлиги орус сотунун өкүмүн “укуксуз” чечим деп атады.

Олег Сенцовду колдогон митинг. Киев, 25-август, 2014-жыл.
Олег Сенцовду колдогон митинг. Киев, 25-август, 2014-жыл.

Украина тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, Кремлдин саясий буюртмасын аткаруу менен сот мыйзамды көзгө илген жок, украин жарандарынын алар күнөөлөнгөн иштерге тиешеси жоктугу боюнча коргоочу тарап келтирген далилдерди такыр эле эске албады.

Режиссер Сенцовдун адвокаты Дмитрий Динзенин айтуусунда, алар эми өкүмдү апелляцияга беришет. Адвокат “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде буларга токтолду:

Дмитрий Динзе
Дмитрий Динзе

- Сот жараяны де-юре мыйзамга ылайык өттү. Бирок де-факто объективдүү эмес жүрдү. Биз маселен, Сенцов да, Кольченко да “Оң секторго” эч качан кирбегени боюнча далилдерди бергенбиз. Алар муну жана кыйноолор тууралуу билдирүүлөрүбүздүн бирин да эске алган жок. Биз актаган өкүм чыгат деп күткөн эмеспиз, бирок бир аз жумшагыраак болот деп ойлогонбуз. Ал эми Сенцов өзү мындан жумшак өкүмдү күткөн эмес. Ага ФСБнын кыззматкерлери 20 жылга кесилерин башында эле убада кылышкан. Албетте, биз Жогорку Сотко кайрылабыз. Ал мындай иштерге бир аз объективдүүрөк карайт. Азыркы реалдуулукта апелляциядан кийин өкүм өзгөрөт деген үмүтүбүз 20% эле барабар.

Адвокат Дмитрий Динзе келечекте Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрылуусу мүмкүндүгүн четке какпады.

АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайет орусиялык соттун украин кинорежиссеруна чыгарган өкүмүн “уят” иш катары мүнөздөдү.

Ал эми Еврошаркеттин тышкы саясат боюна жогорку өкүлү Федерика Могерини орус бийликтерин Олег Сенцов менен Александр Кольченкону тезинен бошотууга чакырды.

Орусиялык “Мемориал” укук коргоо уюму саясий айыпкер катары тааныган эки украин жараны былтыр май айында Крымда, Москва жарым аралды анексиялагандан кийин камакка алынган. Алар менен кошо кармалган дагы эки украин жараны мурдараак жети жылдан түрмөгө кесилишкен.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG