Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:23

Путиндин барымтасы


Орусия барымтага алган Эстон Кохвер, Олег Сенцов жана Надежда Савченко.
Орусия барымтага алган Эстон Кохвер, Олег Сенцов жана Надежда Савченко.

Үч адам өз өлкөсүндө уурдалып, кыянатчыл кошуна держава тарабынан акыйкатсыз камакка алынды. Алардын тагдыры талкаланып, келечеги туңгуюкка кептелип турат.

Таанышып алыңыз, Владимир Путиндин барымтасына кабылган бул эки эркек менен бир аял Кремлдин кожоюну эл аралык мыйзамдарга каршы жарыялаган жихаддын курмандыгы болуп калды.

Путиндин акыркы эки жылда жасаган иштери көптөрдү бейпайга салды. Ал – Европада Адольф Гитлердин тушунан бери башка өлкөнүн аймагын аннексиялап алган алгачкы лидер. Ал Украинанын чыгышында миңдеген өмүрлөрдү кыйган согушту атайлап баштады. Ал Орусияны сандырак ксенофобияга, сабырсыздыкка жана репрессияга дуушар кылды. Ал Батыш менен коркунучтуу конфронтация оюнун баштады. Ошондой эле адам уурусуна да айланды, иш жүзүндө бул аны эл аралык кылмыш тобунун башчысына теңеп койду.

Полициячы

Москва Эстон Кохверди эстон тыңчысы, ал Орусия аймагында тыңчылык менен алектенип жатканда кармалган деп ырастайт. Бирок Кохвер тыңчы эмес, ал тыңчылык менен шугулданбаган. Ал болгону өз ишин мыкты жасаганы үчүн гана күнөөлүү болуп, Орусия үчүн ыңгайлуу бутага айланып калды. Кохвер – Эстониянын ички коопсуздук кызматынын, же ФБР сыяктуу эле КаРОнун кызматкери.

Ал орусиялык уюшма кылмыштуу топ менен байланышы бар Эстониядагы аткезчилер тобунун ишмердигин изилдеп жүргөн учурда уурдалып кетти. 2014-жылдын 5-сентябрында эртең менен Кохвер өзүнүн жашыруун маалымат берчү кишиси менен Орусия чек арасынан бир канча чакырым бериде турган Миикс деп аталган эстон кыштагынын жанындагы токойдо жолугушканы бараткан.

Бул тузак болчу, башкача айтканга болбойт. Кохвер жолугушууга бараткан жолдо буктурмага кабылды. Ага катылгандар шоокумдуу граната колдонуу менен тапанча аркылуу коркутуп, Орусия аймагына уурдап кетишти.

Эстон жана орус чек арачылары Кохвер жоголгон жерди ошол эле күнү карап чыгышты. Ал жердеги издерди текшерүүнүн натыйжасына таянуу менен эки тилде түзүлгөн биргелешкен протколдо адамдардын тобу Орусиядан Эстонияга өтүп, кайра артка кайтканы даана көрсөтүлгөн. Документте шоокумдуу граната жарылганда түшкөн издер да белгиленген.

Катуу сынга кабылган “кожо көрсүн” жараяндын жыйынтыгында Орусиянын Псков облустук соту Кохверди тыңчылык үчүн он беш жылга абакка кести.

Кинорежиссер

Орусия Олег Сенцов – террорчу экенин ырастайт. Бирок андай эмес. Ал эр жүрөктүүлүгү үчүн гана айыптуу болуп калды, Москва мекенин мыйзамсыз аннексиялап алганына ачык каршы чыгууга даяр эле.

Сенцов – көптү үмүттөнткөн украин режиссеру, 2012-жылы Роттердам фестивалында “Гамер” фильми менен көпчүлүккө таанылган. Ал эки баланы жалгыз тарбиялап жаткан ата. Крымда туулган Сенцов Украинадагы батышчыл маанайдагы “Евромайдан” козголушунун ашкере жактоочусу эле. Жана ал Орусия Крымды аннексиялашына катуу каршы чыгып, жарым аралда калып калган украин аскерлерине тамак-аш жеткирүүгө кол кабыш кылып жүргөн.

Сенцов 2014-жылдын 11-майында аннексияга каршы демонстрациядан кайтып келатканда Симферополдун көчөсүндө орус коопсуздук кызматынын өкүлдөрү тарабынан кармалган. Бир канча күндөн кийин ал Москвада камакта отурганы, ага “Бирдиктүү Орусия” партиясынын жана Крымдагы орус жамааты уюмунун кеңселерин өрттөө боюнча айып тагылганы белгилүү болду. Аны Симферополдогу Лениндин эстелигин жардырууга даярдык көргөн деп да айыптоодо.

Прокурорлор айыптоодо Сенцовго каршы жарып-жалчыбаган күбөлүк өтүштү, а негизги күбө Геннадий Афанасьев сотто мурдагы көрсөтмөлөрдү кыстоо менен аргасыздан бергенин айтып, андан баш тартты.

Ростов-на-Донудагу Сенцовдун “кожо көрсүн” сотунда прокурорлор ага 23 жылдык абак мөөнөтүн берүүнү сурады. “Силерден эч нерсе суранбаймын, - деди жалтанбаган Сенцов соттогу акыркы сөзүндө. – Баскынчылардын соту акыйкат боло албайт, башка сөзүм жок, урматтуу сот!”

Учкуч

Путиндин үч эл аралык туткунунун ичинен эң белгилүүсү - Надежда Савченко.

Москва Савченко киши өлтүргүч экенин айтат. Андай эмес. Анын бар күнөөсү – өз өлкөсүнүнүн төбөлсүздүгү үчүн өмүрүн тобокел сайганы. Украинадагы алгачкы аял – аскерий учкуч Савченко Донбасстагы Москва колдогон жикчилерге каршы согушга өз ыктыяры менен чыккан. 2014-жылдын июнь айынын орто ченинде Луганск облусундагы Металлист конушунда жикчилер аны кармаган кезде украин аскерлерин сактап калуу операциясына катышып жүргөн. Бир жумадан соң жикчилер ал түркүккө чынжырланган кишенчен абалында суракка алынып жатканы тартылган видео тасманы жарыялашкан.

Кийин эле Савченко Орусия абагында отруруп калды. Ага миномет менен аткылоодо мерт болгон эки орус журналистинин өлүмүнө тиешеси бар жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өткөн деген айыптар тагылды. Савченконун адвокаттары анын телефондук сүйлөшүүлөрү жана видео тасма журналисттер мерт болгон учурда ал эбак туткунда отурганын далилдеп турганын айтып келет. Алдыда Савченкону 25 жылдык абак мөөнөтү күтүшү мүмкүн.

Бута

Кохвер, Сенцов жана Савченкону Путин тарабынан барымтага алынышынан тышкары дагы бир жалпы нерсе байланыштырып турат. Үчөө тең Советтер Союзунда төрөлүп, кийин төбөлсүздүк алган өз өлкөсүнүн ишине так, ийгиликтүү жана мамлекетине пайда алып келген жарандарына айланды. СССРдин кыйрашын трагедия деп эсептеген Путин үчүн аларды өз бутасына алууга ушул эле жетиштүү болчу.

Бирок алар башкалар үчүн барган сайын коркунучтуу болуп бараткан кыянатчыл мамлекет тарабынан уурдалган барымтадагы адамдар.

(“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун баяндамачысы Брайан Уитмордун баянын Шайырбек Эркин уулу кыргызчалады.)

XS
SM
MD
LG