Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Украинада жаңы өкмөт башчы шайланды


Премьер-министр болуп шайланган Володимир Гройсман жана Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий. 14-апрель, Украина
Премьер-министр болуп шайланган Володимир Гройсман жана Жогорку Раданын төрагасы Андрей Парубий. 14-апрель, Украина

14-апрелде Украина жаңы өкмөт башчысын шайлады. Премьер-министр болуп шайланган Володимир Гройсман ким? Ага украиналык саясат таануучулар кандай баасын берип жатышат?

Бейшемби күнү Украинанын Жогорку Радасы премьер-министр Арсений Яценюкту кызматтан бошотуу жөнүндөгү арызын канааттандырып, анын ордуна өзүнүн төрагасы Володимир Гройсманды шайлады. Ошону менен Украина жаңы өкмөт башчысына ээ болду.

38 жаштагы Гройсмандын талапкерлигин парламенттеги президент Порошенконун блогу сунуштап, Жогорку Рада 257 добуш менен шайлады. Гройсмандын шайланышы үчүн негизи 226 добуш керек болгон болсо, ал андан бир топ көбүрөөк добуш топтой алды.

Володимир Гройсман 2014-жылдагы ыңкылапка чейин Виницы шаарынын мэри болуп келген. Ыңкылаптан кийин Порошенконун тизмеси менен Жогорку Радага шайлоого катышкан. Парламенттик шайлоодо президенттин блогу эң көп добушка ээ болгондуктан Володимир Гройсман Жогорку Раданын төрагалыгына шайланса, экинчи орунду ээлеген “Элдик Фронттун” лидери Арсений Яценюк өкмөт башчылыкка шайланган эле.

Арсений Яценюк
Арсений Яценюк

Арсений Яценюк Украинада элдин жактыруусуна ээ болбогон бир катар реформаларды өткөрдү. Бирок социалдык-экономикалык турмушта илгерилөө болбогондуктан, эл ичинде кадыры кескин түшүп кетти. Ошонун айынан өткөн жылкы Украинадагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууга Арсений Яценюктун партиясы батынган да жок.

Элдин ишеними жок өкмөттү кетирүүгө президент Порошенко киришип, ал өз максатына жетти. Өкмөт башына өзүнүн командасындагы Володимир Гройсманды алып келди.

Петро Порошенко Арсений Яценюктун кабинети коалицияда колдоону жоготконун айтып, бирок анын оор шартта иштегенин эске салды:

- Туура, Арсений Яценюктун кабинети парламент жана коалициядагы үч фракциядан колдоону жоготту. Биз бул чечимди урматтап, аткарышыбыз керек. Бирок украин өкмөтү ушул кезге чейин өтө оор шарттарда иштегени да акыйкаттык. Бул нерсе эми биздин тарыхыбызга айланды.

Гройсманды шайлоодо 257 депутат добуш бергени менен, ошол эле күнү анын программасын бекитүү үчүн 226 добуш топтоо кыйын болуп, Жогорку Рада үч жолу кайра-кайра добуш берүүгө аргасыз болду.

Гройсмандын ордуна Жогорку Раданын төрагасы болуп шайланган Андрей Парубийдин аракети акыры ийгиликке жетип, үчүнчү ирет добуш берүүдө программа бекитилди.

Гройсман депутаттардын алдында сүйлөп жатып, алдыда күтүп турган кыйынчылыктарды атады:

Володимир Гройсман
Володимир Гройсман

- Мен алдыбызда турган коркунучтарды көрүп, түшүнүп турам. Алардын ичинен үчөөнү бөлүп көрсөткүм келет: бул-коррупция, начар башкаруу жана популизм. Популизм биздин өлкө үчүн чыгыштагы душмандай эле чоң коркунучка айланды.

Володимир Гройсман "өкмөт кандайдыр бир натыйжага жетишпесе, Украинаны канча сүйөбүз десек да эл колдоо көрсөтпөйт", - деди. Ал ошондой эле өкмөт украин коомчулугу менен көбүрөөк сүйлөшүүнү, өкмөттүн өз ишине жооптуу болушу керектигин кошумчалады.

“Азаттыктын” Украина кызматы жергиликтүү эксперттерди сурамжылаганда, алардын көпчүлүгү Гройсмандын жаштыгын, тажрыйбасы аздыгын белгилешкен.

Саясат таануучу Андрей Ермолаев Гройсманды бир шаардын деңгээлиндеги “жергиликтүү” саясатчысы деп, аны сырттан колдоо издеген жана компромистерге барууга даяр фигура катары мүнөздөйт.

Ал эми Сергей Гайдай аттуу саясат таануучу “Өкмөт башчылык Гройсман үчүн өз алдынча саясатчы болууга берилген акыркы мүмкүнчүлүк” деп эсептейт.

"Гройсман мындан ары президент Порошенко жана анын айланасынын таасиринен чыгып, өз алдынча боло аларын көрсөтүшү керек. Бул жагдайдан алганда Гройсман өкмөт башчылыкка көрсөтүлүп, өкмөттүн курамы боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде, ага басым жасалганда өкмөт башчылыктан баш тартууга даяр экенин көрсөтүүсү үмүт байлайт", - дейт Ермолаев.

Саясат таануучу Владимир Фесенко Гройсманды өз алдынча саясатчы жана ал жетиштүү деңгээлде өз саясатын жүргүзгө алган өкмөт башчы болот дейт. Ошол эле учурда ал конструктивдүү өнөк болуп, Саакашвили сыяктуу жаңжалдарды уюштурбайт деп эсептейт. Одесса облусунун губернатору, Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили украин бийликтерине ультиматум коюп, коррупциялашкан жетекчилер кызматынан алынбаса, чечкиндүү кадамдарга бараарын эскерткен видео тараткан. Ал видеого Киев тарабынан азырынча расмий жооп кайтарылган жок.

Жогорку Рада мына ушундай өкмөт башчысын жана анын программасын бекитип, ага бир жыл ичинде тийишпей тынч иштөөсүнө шарт түзүү милдетин алды.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG