Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Украина: жаңы өкмөт түзүү убайымы


Украина жаңы өкмөт шайлоо алдында турат. Президент Петро Порошенконун парламенттеги фракциясы өкмөт башчылыкка Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсмандын талапкерлигин көрсөттү.

Жаңы коалицияга кирүү ниетин билдирген Арсений Яценюктун “Элдик фронт” жана Юлия Тимошенконун “Батькивщина” фракциялары аны колдоого даярбы?

Украин парламентиндеги үч ири фракция жаңы коалиция түзүүнү 29-мартта макулдашкан. Жаңы коалицияга Порошенконун блогу, өкмөт башчы Арсений Яценюктун “Элдик фронту” жана Юлия Тимошенконун “Батькивщина” фракциялары кирүү ниетин билдирген.

Буга чейинки коалициянын мүчөсү болгон “Самопомощь” жана “Радикалдуу партия” фракциялары жаңы коалицияга кирүүдөн баш тартышты.

Жогорку Рада
Жогорку Рада

“Азаттыктын” украин кызматынын кабарчысы Татьяна Якубович үч фракция жакынкы мезгилдерде жыйын куруп, коалициялык макулдашуунун шарттарын сүйлөшөрүн билдирди:

- Үч фракциянын - Порошенконун блогу, “Элдик фронт” жана “Батькивщина” фракцияларынын жыйыны болот. Анда жаңы коалиция түзүүнүн шарттары чечилет. Анын ичинде өкмөт башчылыкка жана өкмөт мүчөлөрү боюнча маселе чечилет. Бирок бул жыйын бүгүн болбойт окшойт.

Президент Порошенконун блогу өкмөт башчылыкка Жогорку Раданын төрагасы Владимир Гройсмандын талапкерлигин көрсөттү. Бирок анын колдоо табары маселе жаратып жатканын саясат таануучулар белгилешүүдө.

Украинада экономикалык каатчылыктын күчөшү, өкмөткө элде ишенимдин аздыгы өкмөттүк кризисти пайда кылды. Президент Порошенко өкмөт башчы Арсений Яценюкту алмаштырууну көздөөдө. Бирок ал Яценюктун фракциясын катыштырбай коалиция түзүү мүмкүн эместиги менен татаалдашууда. Анткени 81 мандаты бар “Элдик фронтсуз” туруктуу коалиция куроо кыйын. Анын ордуна 46 мандаты бар оппозициялык фракцияны коалицияга тартуу мүмкүн. Бирок ал Украинанын ыңкылап идеяларына каршы келген үчүн кабыл алынбайт.

Ал эми мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого барууну эч кайсы саясий күч каалабайт. Бирок саясий кризис улана берсе, ал мөөнөтүнөн мурда шайлоого алып келерин саясат таануучулар белгилешүүдө.

Украиналык саясат таануучу Вадим Карасев жаңы коалиция түзүүдө Арсений Яценюктун кийинки саясий тагдыры негизги маселе болуп жатканын айтат. Ошондуктан жаңы коалиция түзүү жана жаңы өкмөт башчыны шайлоо келечеги азырынча арсар дейт Карасев:

- Бүгүнкү күнгө карай Владимир Гройсманды шайлап жиберишине ишеним аз. Ал жаңы коалиция түзүүнүн негизинде шайланып калышы азырынча мүмкүн гана болуп турат. Яценюк кызматтан кетпей жатат. Анын “Элдик фронту” убакытты созуп, коалициянын жыйынын 5-апрелге калтырууда. Президент Порошенко да ыргылжың болуп турат. Анткени Гройсманды шайлап жибергенге добуш жетишсиз. Ошондуктан жакынкы күндөрү добуш берүү болбойт. Жаңы өкмөт түзүү, Яценюкту кызматтан кетирүү жакында ишке ашпайт.

Вадим Карасев Арсений Яценюк кызматтан кетпесе, Юлия Тимошенконун “Батькивщина” фракциясы коалицияга кирбей турганын белгиледи. Эгерде Яценюк кызматтан кетпей турган болсо, анда “Батькивщина” коалицияга кирбей, анын ордуна Ляшконун “Радикалдуу партиясы” менен коалиция түзүлөт. Анда Яценюк өкмөт башында кала берерин Карасев кошумчалады.

Украиналык дагы бир саясат таануучу Константин Матвиенко премьер-министр Арсений Яценюктун тагдыры эч кимди кызыктырбайт деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде жаңы коалиция түзүлгөн болсо, анда Гройсманды шайлоого добуш жетиштүү болот:

- Яценюктун тагдыры эч кимди кызыктырбайт. Ал эми Гройсманды шайлашабы? Аны шайлоого бүгүнкү күнү добуш жетиштүү. Эгерде келишимге жетишсе, анда аны шайлашат.

450 орундуу украин парламентинде сегиз фракция бар. 2014-жылы парламенттик шайлоодон кийин "Европалык Украина" аттуу коалиция түзүлгөн. Ага Порошенко блогу, “Элдик фронт”, “Самопомощь”, Ляшконун “Радикалдуу партиясы” жана Юлия Тимошенконун “Батькивщина” фракциясы кирген. Алар Арсений Яценюкту өкмөт башчылыкка шайлашкан.

29-мартта Украина парламенти башкы прокурор Виктор Шокинди кызматтан кетирди. Украин коомчулугу Шокин коррупцияга каршы натыйжалуу күрөш жүргүзбөй жатат деп сынга алып келген. Бул маселени президент жана парламент көп ызы-чуусуз чечти. Ал эми өкмөт башчынын маселеси башкы прокурорго караганда бир топ татаал жана кыйын болуп чыкты.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG