Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Москва "момпосуйу": кедери кеткен Крым


Орусия аннексиялап алган Крым.
Орусия аннексиялап алган Крым.

Украинанын Крым аймагы Москва тарабынан аннексияланып, жарым аралдын Орусияга кошулуусу боюнча референдум өткөнүнө эки жыл толду.

Андан бери Крымда кандай өзгөрүүлөр болду, Москва референдум алдындагы убадаларын аткардыбы?

Кысылган Крым

Мындан туура эки жыл мурда, 2014-жылдын 16-мартында Украинага караган Крымдын макамы боюнча референдум өтүп, анын натыйжасында жарым арал Орусия курамына өткөн. Расмий маалымат боюнча, анда крымдыктардын көбү Орусияга кошулууну колдогон. Көп өтпөй Мамлекеттик Дума Крымды Орусияга кошуу тууралуу мыйзамдар топтомун кабыл алган.

Бирок көз карандысыз серепчилер референдум деп аталган бул жараян эл аралык укуктук эрежелерди, атүгүл ошол кезде Крым Автоном республикасы карап турган Украина Баш мыйзамын одоно түрдө бузуу менен өткөнүн айтып келишет. Жарым арал Орусияга кошулганы расмий түрдө бир канча айдан кийин таанылганы менен, аймакты февралдан тарта эле орус аскерлери көзөмөлдөй баштаган. Эл аралык коомчулук 2014-жылдын 16-мартында өткөн бул референдумду мыйзамсыз деп эсептеп, Крым де-факто Орусияга кошулуусун аннексия катары тааныган.

Мурдагы гүлдөгөн Крым жок. Ал азыр Орусиянын кедери кеткен түпкүрдөгү бир аймагына айланып калыптыр.
Валерий Балаян

Мындан эки жыл мурдагы референдум алдында Крым Украинадан ажырап, Орусияга кошулуусун жактагандар бул жарым аралдын гүлдөп өсүп-өнүгүшүнө, айлык акы, пенсия көбөйүшүнө алып келерин жана аймактын коопсуздугу бекемделерин айтып чыгышкан эле.

Бул үмүттөр акталдыбы жана азыр Крым кандай күн кечирүүдө? Бул суроого “Азаттыктын” орус кызматы жакында эле аталган жарым аралда болуп келген режиссер-документалист Валерий Балаяндан жооп алды. Ал эки жыл мурдагы референдум алдында да бир канча крымдыктын пикирин сурамжылап, тасмага түшүргөн эле.

Мурда 15 жылдай Крымда жашаган режиссер негизинен азыр элден көңүлү чөккөн маанайды байкаганын айтат:

- Жалпы жонунан айтканда, азыркы абалдан алган таасирлер жакшы эмес. Мен Украин тараптагы чек арадан өттүм. Орус тарапта текшерүү катаалдашы аябай таң калтырды. Муну мурда-кийин болбогон текшерүү эмес эле тинтүү деп айтса болот. Машинеңдин ичин бүт аңтарып, чөнтөктөрүңө чейин тинтишет экен. Мындайды эч качан көргөн эмес элем. Чек арадан өткөн ар бир адамга үчтөн текшерүүчү. Алар мынчалык кимден коркуп жатышканын биле албадым. Андан ары Симферополдо жана Салгир өрөөнүндөгү бир канча айыл-кыштактарда болдум. Эл аябай коркуп калгандай таасир калтырды. Баары сүйлөшкөндөн коркуп турушат, өзгөчө Крымдын Орусияга кошулуусу боюнча эч ким сөз кылгысы келбейт. Мен мурдагы кошуналарымдан жана мага ишенген тааныштарымдан гана болгон чындыкты угуп жаттым. Жалпысынан кысылган, көңүл чөгүңкү маанайды байкаса болот. Майда, чакан бизнес дээрлик жабылыптыр. Туристтердин аягы үзүлгөн, эч ким жок. Түндүк Кавказдан баргандар баарын көзөмөлдөй баштаптыр. Мурда ишкерлер украин милициясына гана үлүш берип, алардын калкалоосунда болсо, азыр орус полициясына да, анан жергиликтүү калк “чечендер” деп атаган жанагы Түндүк Кавказдан баргандарга да акча төлөөгө мажбур. Чакан бизнеске ошолор көз салат экен. Крымды көп адам таштап кеткени көрүнүп турат.

Москва убада кылган "момпосуйдун" кычкыл даамы

Режиссер Балаян андан ары күн санап Крымдын кедери кетип баратканына токтолду:

Севастополь, Крым
Севастополь, Крым

- Өзгөчө кары-картаңдарга кыйын болуптур. Симферополдо электр жарыгын азбы-көппү берип атышат. А Крымдын түштүк жээгиндеги шаарчаларда эки сааттан үзүп-үзүп берет экен. Мындан улам көп кабат үйлөрдө лифттер иштетилбейт. Карылар үстүңкү кабаттарга күшүлдөп-бышылдап араң чыгып жатканын көрсөң тим эле бооруң ачыйт. Кыскасы, мурдагы гүлдөгөн Крым жок. Ал азыр Орусиянын кедери кеткен түпкүрдөгү бир аймагына айланып калыптыр.

Маектешибиз андан ары украин азык-түлүктөрүнө тыюу салуу дүкөн текчелерин томсортуп, баа кескин өсүшүнө алып келгенин, элдин Москванын референдум алдындагы убадаларынан көңүлү кайт боло баштаганын кошумчалады. Мындан тыш иш орундары да кыскарып, элдин жашоо-шарты начарлаган.

Крым жарым аралы 2014-жылдын 16-мартында Орусия тарабынан аннексияланып, Москва аны өзүнүн карамагына кошуу боюнча референдум өткөргөн. Бирок анын жыйынтыгын эл аралык коомчулук тааныган эмес. Жарым аралды Бириккен Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөрдүн көпчүлүгү дале Украинанын бир бөлүгү катары санайт.

Валерий Балаякиндин Крымдагы "референдумдан" кийин тартылган кадрлары. 17-март, 2014-жыл

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG