Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Путин крым татарларына өзгөчө макам берүүгө каршы


Симферополдогу баннер. 14-август, 2015-жыл
Симферополдогу баннер. 14-август, 2015-жыл

Президент Владимир Путин Крым татарлары Орусия былтыр каратып алган Крымда өзгөчө макам алууга аракет кылбашы керектигин эскертти. Татарлар Крым калкынын 12% жакынын түзөт.

Аймактагы туризмди өнүктүрүү боюнча Крымга жасаган үч күндүк сапары учурунда Владимир Путин бир катар улуттук азчылык өкүлдөрү менен, анын ичинде татарлар менен да жолукту. Путин ал жолугушууда Крым татарларына өзгөчө макам берүүгө каршы экенин билдирди.

- Тигил же бул улутка же этноско таандык адамдарга өзгөчө макам берүү боюнча чайкоочулук кылуу өтө кооптуу экенин эскертем.

Путиндин айтуусунда, чет мамлекеттер Крым татарлары кабылган проблема менен ойноодо жана абалды туруксуздаштыруу максатында адам укугун коргоочу уюмдарды каржылап жатышат.

- Силер жана мен эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билебиз. Өздөрүн кесипкөй укук коргоочу санаган адамдар бар. Алар чет өлкөдөн грант алууну көздөйт жана өздөрүнүн жеке, анын ичинде саясий дымактарын ишке ашырууну каалашат. Крым татарларынын маселесин ошол дымактарга жетүү үчүн курал катары пайдаланышууда, - деди Путин.

Жарым аралда жашаган татарлар бул аймактын калкынын 12 пайызга жакынын түзөт жана орустар менен украиндерден кийинки эле үчүнчү орунда. Аларга Орусиянын жарандыгын алууну да сунуштаган Путин татар тилине расмий макам берилгенин да эске салды.

- Крым Орусиянын курамына кайра кошулгандан кийинки кадамдардын бири үч расмий тилдин тең укуктуулугун мыйзам менен бекитүү болгонун эскерте кетейин. Бул үч мамлекеттик - орус, украин жана татар тилдери.

Бирок Крым татарлардын межлисинин башчысы, орус бийликтери тарабынан Крымга кирүүгө тыюу салынып, учурда Киевде жашап жаткан Рефат Чубаровдун оюнча, Крым Орусияга кошулгандан бери улуттук азчылыктар тили боюнча олуттуу маселелер жаралды:

- Путин Крымга Орусиянын келиши менен татар тили да мамлекеттик болуп калды деп бир нече жолу айткан. Иш жүзүндө болсо оккупациянын бир жылынан кийин крым татар жана украин тилдеринин колдонулушу кыйла солгундап кетти.

Крым татарлардын межлисине Путиндин татарлар менен жолугушуусу тууралуу кабарланган эмес. Межлистин биринчи орун басары Нариман Желалдын айтуусунда, Крым татарларынын өзгөчө макамын талкуулоого Путин даяр эмес.

- Крым татарларынын маселесин талкуулоодо бир гана маселе, анын өзгөчө макамы жөнүндө гана сөз болушу керек. Менимче, Путиндин маселени ушул өңүттөн талкуулоо жана кароо планы жок.

Крым татарларын Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда Сталин массалык түрдө башка жерлерге көчүргөн. 1944-жылкы массалык көчүрүүдөн кийин татарлар Москвага ишенбөөчүлүк менен карашат жана андагы күчтөп көчүрүүдөн көптөрү өмүрү менен кош айтышкан.

Татарлар Крымга Советтер союзу кыйраган 1991-жылдан кийин кайта башташкан. Ошондон тарта алар Украинанын курамында өздөрүнүн тарыхый тамырын, маданиятын изилдеп, өнүктүрүп келишкен.

Бирок 2014-жылдын мартында орусиячыл күчтөр жана коопсуздук кызматтары Крым татарларынын ордосу Межлисти камоого алып, аларды өз имаратынан сүрүп чыгарышкан. Ошондой эле татарлардын АТР телекомпаниясы жабылган.

Бул аралыкта Крымда бир канча татар активисттери өлтүрүлүп, сабалып, дайынсыз жоголду. Ошондой эле алардын лидерлерине Крымга кирүүгө тыюу салынган.

Крымды Орусия каратып алганынан бир жыл болгонуна тушташ АКШнын Мамлекеттик департаменти Крымда адам укуктары боюнча абал өтө начарлап кеткенин билдирген.

Киев бийлигин жактаган татарлардын иш-аракетине тоскоол болуу үчүн Москва Кремл менен иштешүүгө даяр жаңы татар топторун түзүүгө да аракет кылууда.

Жаңы бийлик тарабынан жасалып жаткан кысымдар, ошол эле кезде байма-бай берилген убадалар улуттук эркиндиги, укугу үчүн күрөшүп келаткан элди экиге бөлүп коюшу деле ыктымал.

XS
SM
MD
LG