Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

Путин менен Керри Сирия, Украина маселесин сүйлөштү


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын президенти Владимир Путин.
АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын президенти Владимир Путин.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин Москвада төрт саатка созулган сүйлөшүүсү өттү. Анда негизги сөз Украина жана Сирия тууралуу болду. Керри сүйлөшүүлөр жемиштүү болгонун билдирди.

Кремлде төрт сааттык жолугушуу аяктаган соң Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри президент Путин менен Украинанын чыгышындагы ок атуу режимин токтотуу жана украиналык учкуч Надежда Савченконун тагдыры тууралуу сүйлөшкөнүн айтты:

- Мен Надежда Савченконун окуясын анан камалышын жана айыпталышын, ага өз мекенине кайтууга уруксат берилет деген үмүт менен көтөрдүм. Бул гуманитардык кызыкчылыктын маселеси жана ал токтоосуз чечилиши керек. Ошондой эле мындай жол менен бардык мыйзамсыз камалгандардын тагдыры чечилиши абзел.

Ал эми Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Савченко боюнча өз позициясын аныктаганын кошумчалады. Теманы улай министр Украинанын чыгышындагы кырдаалга токтолуп, Вашингтон Киевди Минск келишимин сактаганга ишендирет деген үмүтүн айтып, өз учурунда Москва да Луганск менен Донецк облусундагы козголоңчуларга басым жасарын билдирди.

Ростов облусунун Донецк шаардык соту 22-мартта украиналык аскер учкучу Надежда Савченкону 2014-жылы Луганск облусунда эки орусиялык журналисттин өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар деп таап, 22 жылга эркинен ажыратты. Ага ошондой эле чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген кине менен 30 миң рубль тегерегинде айып пул салынган.

Керри менен Путиндин Москвадагы жолугушуусунда Сирия тууралуу да сөз болду. Керри тараптар Сирия жаңжалын чечүүдө аракетти күчтөндүрүү боюнча бир пикирге келишкенин кошумчалады. Бул аракеттерге Сирия президенти Башар Асадды бийликти өткөрүп берүү боюнча түз сүйлөшүүлөргө катышууга көндүрүү да кирет.

- Орусия Асаддын туура чечим кабыл алуусу үчүн кандай аракеттерди көрөрүн өзү айтат, ошентсе да биз саясий процессти алдыга жылдыруу үчүн аракетти күчөтүүнү макулдаштык, - деп билдирди Жон Керри.

Анын ырасташынча, Сириядагы бийликти өткөрүп берүү жана жаңы Конституцияны түзүү августка чейин аякташы керек.

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Орусия менен АКШ Сириядагы ок атышууну токтотуу үчүн аракеттерди координациялоо боюнча чогуу иштешүүнү улантарын кошумчалады.

- Азыркы этапта эң башкы жетишкендик - бул саясий процесс үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча келиштик. Ал эми бул процесс сириялыктардын өздөрүнүн чечими менен аякташы керек. Азырынча биздин алдыбызда турган башкы маселе - Женевада расмий Дамаск менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруу.

24-мартта Сирия кризисин жайгаруу боюнча Женевада өтүп жаткан кезектеги сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы жыйынтыкталды. Он күнгө созулган бул сүйлөшүүлөрдө Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура расмий Дамасктын жана оппозициянын өкүлдөрү менен өз-өзүнчө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

24-марттын кечинде Мистура 12 принциптен турган документти жарыялады. Сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасында тараптар бул документ боюнча өз ойлорун билдириши керек. Ал эми кийинки сүйлөшүүлөр качан башталары так белгисиз, ошентсе да атайын чабарман 9-апрелден кечикпей башталышы керектигин белгилейт.

XS
SM
MD
LG