Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:36

Украина: өкмөт башчы кызматтан кетти


Арсений Яценюк.
Арсений Яценюк.

Украинанын премьер-министри Арсений Яценюк кызматтан кетерин жарыялады. Өкмөт башчынын отставкасы тууралуу кептер жыл башынан бери айтылып келген.

Февралда Жогорку Рада Яценюктун кабинетине ишеним көргөзбөө маселесин колго салып, бирок жетиштүү добуштун жоктугунан иш токтоп калган. Жаңы премьерликке парламенттин азыркы спикери шайланат деген миш-миштер чыга баштады. Жекшемби күнкү телекайрылуусунда өкмөт башчы:

- Украинанын премьер-министр кызматынан кетүү чечимин кабыл алдым, 12-апрелде расмий арызды парламентке тапшырам, - деп билдирди.

Яценюк мындай чечимдин артында бир нече себептер турганын да айта кетти:

- Өкмөттөгү саясий кризис жасалма түрдө тутандырылган, бир кишини алмаштырабыз деп максат койгон саясатчылар алысты көрө албай, реалдуу өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу аракеттерин токтотуп коюшту. Өкмөттү алмаштырууну ойлонбостон, алга жылбаган жараянга айландырышты. Мен өлкөгө, президентке жана парламентке бул кызматка жабышкан жокмун деп айтып келатам.

Премьер анын отставкасынан кийин жаңы кабинет дароо курулууга тийиш деп белгиледи.

Яценюк “Петро Порошенконун блогу” фракциясы парламенттин спикери Владимир Гройсманды өкмөт башчылыкка көргөзгөнүн кошумчалап, стабилдүүлүктү жана өлкөнүн багытын үзгүлтүккө учуратпаш үчүн кызмат ыйгарымдарын жаңы өкмөт башчыга өткөрүп берерин ырастады.

Премьер белгилегендей, согуш жүрүп жаткан чакта бийликтин аткаруу бутагын туруксуздукка такабаш керек.

Ал эми “Петро Поршенконун блогу” фракциясынын төрага орун басары Алексей Гончаренко "Азаттыктын" украин редакциясынын суроолоруна жооп берип жатып, жаңы премьер эмки жумада дайындаларына ишенерин билдирди.

- Жаңы премьер-министрди тандай албасак, Яценюк өкмөт башчынын милдетин аткара бериши мүмкүн. Бирок эмки шейшембиде (12-апрелде) жаңы өкмөт башчыны шайлайбыз деп ойлойм, - деди депутат Гончаренко.

“Сөз Гройсман тууралуу жүрүп жатабы?” - деген кабарчыбыздын суроосуна, Гончаренко “Ооба” деп жооп берип, бул – саясий кризисти жөнгө салууга жардамдашмакчы”, – деп кошумчалады.

Яценюк 2014-жылы бийликке келгенден бери коррупцияны ооздуктарына жана экономикалык реформаларды ишке ашыраарына убада кылган. Бирок кийин өзү паракорлукка малынган деп айыпталган.

Жыл башында президент Петро Порошенко өкмөткө ишенимди калыбына келтирүү үчүн Яценюкту отставкага кетүүгө чакырган.

16-февралда премьерге ишеним көргөзбөө маселеси Жогорку Радада колго салынып, бирок көпчүлүк Яценюкту колдоп добуш берген.

Парламенттеги көпчүлүктөн радикалдар партиясы, “Батькивщина" жана "Самопомощь” деген майда фракциялар чыгып кеткенден кийин башкаруучу коалиция иш жүзүндө ыдырап, саясий кризис тереңдеген.

Жаңы альянс түзүү аракеттеринен болсо азырынча майнап чыкпай келатат.

XS
SM
MD
LG