Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:12

Порошенко ыңгайсыз абалда калды


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Панамалык Mossack Fonseca офшор компаниясынын дүйнөнү дүң эттирчү маалыматы Украинаны кыйгап өткөн жок. Өлкөнү Европага ыктатып, ачык система түзүп, жемкорлуктан арылтмак болгон президент Порошенко жаңжалдын чордонунда калды.

Панамалык Mossack Fonseca офшор компаниясынан маалымат чууруп, Журналисттик иликтөөлөр эл аралык консорциуму менен Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту иликтөө борбору аны дүйнөгө таратты.

Анда көптөгөн дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери офшорго түз же кыйыр тиешеси бардыгы баяндалат. Көбүнөн айырмаланып, Украина президенти Петро Порошенко таттуу чыгарган “Рошен” ишканасын офшордо Prime Asset Partners аттуу ишкана аркылуу түз башкарганы, натыйжада салыктан качканы баяндалат. Президент аны 2014-жылы каттатыптыр.

Ушул маалымат тарары менен украин оппозициялык Радикал партиясы дароо президентке импичмент жарыялоону демилгеледи. Партия мүчөсү Игорь Попов:

- Импичмент жарыялаш үчүн юридикалык далилдерди табуу керек. Ал үчүн атайын комиссия түзүүнү талап кылабыз.

Бирок Улуттук антикоррупциялык борбор да, Башкы прокуратура да президентке кылмыш ишин козгой элек. Башкы прокуратура өкүлү Владислав Куценко ага негиз көрбөйт:

- Президент мыйзам бузду деп айтыш үчүн адегенде кайсы норманы бузганын айтыш керек. Экинчиден, кимге зыян келгенин аныктоо зарыл. Бул суроолорго жооп болбогон соң айтылгандын баары Украина президентине карата кара пиар.

Маалыматты сууруп чыккандар болсо мыйзам, башка баалуулуктарга шек келгенине токтолушат. Талапкер кезинде миллиардер Порошенко бизнесин өзү көзөмөлдөй албай турганын, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берерин айткан. Иликтөөгө катышкан журналист Влад Лавров Порошенко ушул убадасына турбаганын баса белгилейт:

Башкысы, Украинага төгүлчү салыкты үнөмдөп кала турган схеманын түзүлгөнү. Бизнесмен ушундай кылса болот. Ал эми президентке болбойт. Бул бизнес үчүн кандай сигнал экенин аңдадыңызбы? Ошондой эле сертификаттарда акциялардын номиналдык баасы миң доллар, ал эми президент алардын жападан-жалгыз ээси экени ачык көрсөтүлөт. Маалымат 2015-жылдын 8-октябрына карата берилген.

Президенттин иш башкармалыгынан активдерди ишенимдүү башкарууга өткөрүү узак убакытты талап кылары, азыр юристтер ошону менен алпурушуп жатышканы тууралуу жооп келген. Бирок ал процесс качан бүтөрү айтылган эмес.

Парламенттеги антикоррупциялык комитет төрагасы Виктор Чумак Порошенконун ишинде моралдык жана саясий жоопкерчилик бар дейт. Бирок укуктук да илинчеги бар болгонун белгилейт. Башмыйзамдын мамлекеттик кызматта туруп ишкерлик кылуу беренеси бузулууда. “Компанияны ачуу, тиешелүү каражаттарды которуу ишкердикке кирет”,- дейт Чумак.

Айтмакчы, Порошенко офшордогу фирмасынын мүлктөрү тууралуу декларациясында көрсөткөн эмес.

Акыркы убакта Украинада саясий кризис чечиле элек. Рада коалиция курай албай, мурда ишенимге татыбады делген премьердин ордуна жаңысын алып келе албай атышат. Бул арада каражаттан каржалган Украинага Батыш жемкорлук азайса гана жардамды көбөйтөрүн айтууда. Айтор, президенттин окуясынан кийин талдоочулар өлкөдөгү жагдай дагы начарларын болжошууда.

Айтмакчы, дүйнөдөгү ири офшордук компаниялардын катарындагы Mossack Fonsecадан чууруган маалыматтын алгачкы жыйынтыгы да чыкты. Аялы экөөнүн офшордук фирмасы ашкереленгенден кийин Исландиянын премьер-министри Сигмундур Давид Гуннлёйгссон кызматынан кетери кабарланууда.

XS
SM
MD
LG