Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Саакашвили Грузия жарандыгынан баш тартты


Президент Петро Порошенко Михаил Саакашвилини губернатор катары одессалыктарга тааныштырууда. Одесса, 30-май, 2015-жыл.
Президент Петро Порошенко Михаил Саакашвилини губернатор катары одессалыктарга тааныштырууда. Одесса, 30-май, 2015-жыл.

Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өз өлкөсүнүн жарандыгынан баш тартты. Украинада Одесса облусунун губернаторлугуна дайындалып, украин жарандыгын алган экс-президенттин бул кадамы мекенинде кызуу талкууларды жаратты. Бийликтер Саакашвили кылмыш жоопкерчилигинен кача албасын айтышууда.

Украинада губернаторлук кызматка дайындалуу менен катар Грузиянын жарандыгынан да баш тартып жатканын мурдагы грузин президенти Одессадагы кеңсесинен маалымат каражаттарына берген интервьюларында да ырастады.

Маселен, грузиндердин “Рустави 2” телеканалы менен маегинде ал жарандыктан баш тартып жатышынын себебин чечмелеп, төмөнкүлөргө токтолду:

- Бул (жарандык) азыр менин досторум отурган Матросов түрмөсүнөн алты чарчы метр жер. Грузиянын жарандыгы мен үчүн бүгүн ушул нерсе. Грузияга, Украинага, Европа үчүн чоң иштерди жасоо мүмкүнчүлүгүн мен ушул нерсеге алмаштыруум керек экен да!

Украин президенти Петро Порошенко Саакашвилини Кара деңиз жээгиндеги порттук Одесса облусунун губернатору кылып, 30-майда дайындаган. Ага катар мурдагы грузин президентине дароо украин жарандыгын да ыйгарган болчу.

Былтыр майда Одессанын профсоюздар үйүндө болгон өрттөн 30 кишинин өмүрү кыйылган.
Былтыр майда Одессанын профсоюздар үйүндө болгон өрттөн 30 кишинин өмүрү кыйылган.

Одесса Украинанын коррупция гүлдөгөн, кылмыштуу топтордун таасири күчтүү облусу катары белгилүү.

Саакашвили бул облуска губернаторлук кызматка көнүшүн “жаңы Украинаны” курууга көмөктөшүү деп түшүндүрдү. Анын ырастоосунда, мында ал мекенинин кызыкчылыктарын да эске алды. Анткени, “жаңы Украинасыз Грузиянын келечеги жок” дейт ал.

Грузин Конституциясы боюнча башка өлкөнүн паспортун алган адам автоматтык түрдө жарандыкты жоготот экен.

Мыйзам боюнча чет элдик катары ал эми оппозициядагы “Бириккен улуттук кыймыл” партиясынын лидери катары саясий ишмердик менен да шугулдана албайт.

Саакашвили мекенинен 2012-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин дароо чыгып кеткен. Кийинчерээк ага каршы кылмыш иштери ачылып, жакын туугандарынын үй-мүлкү да камакка алынган эле.

Азыркы грузин президенти Георгий Маргвелашвили мурдагы мамлекет башчынын кадамын өлкөсүн кордогондук катары сыпаттады:

- Мен буга абдан терс көз караштамын. Грузиянын президенти жарандыгынан баш тартпоосу керек. Ал мындай кадамга баруу менен биздин өлкөнү жана президенттик институтту кордоду. Менимче, карьерага караганда баалуулуктар маанилүү.

Грузиянын юстиция министри Тея Цулукианинин айтымында, Саакашвилинин жарандыгы боюнча маселе мыйзам боюнча үч айда чечилет.

Саакашвили мекенинен 2012-жылы президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин дароо чыгып кеткен. Кийинчерээк ага каршы кылмыш иштери ачылып, жакын туугандарынын үй-мүлкү да камакка алынган.

Тбилисилик саясат таануучу Корнели Какачия “Азаттыктын” Кавказ кызматы менен маегинде экс-президенттин Одессадагы губернаторлугу эмне менен аяктары белгисиздигин айтты:

Корнели Какачия
Корнели Какачия

- Ал ва-банкка барды. Эгер ал бул татаал жана чоң аймакты жөндөп кетсе, баатырга айланат. Эгер иши оңунан чыкпаса, Саакашвилинин саясий келечеги күмөн.

Саясат таануучу Корнели Какачия Саакашвили өзүнүн тобокелчил кадамы менен Грузияда болжолдоого болбой турган саясий кырдаалды жаратканын да кошумчалады.

Талдоочунун пикиринде, Саакашвилинин партиясы жана башка батышчыл партиялар алдыда жаңы коалиция түзүүгө умтулушат.

Ал эми бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясы парламенттеги көпчүлүктү сактоо аракетинде орусиячыл күчтөр менен сүйлөшүүгө барышы мүмкүн. Грузиядагы кийинки парламенттик шайлоо келерки жылы күздө болот.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG