Тбилисиде көчөгө чыккан оң миңдеген адамга видео аркылуу кайрылуу жасаган кезинде мурдагы президент Михаил Саакашвили “бизде Грузияны өлкөбүздү талкалаган өкмөттөн куткаруу боюнча максатыбыз бир”, - деп билдирген эле.
Анын “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын өкүлдөрү эми өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламентте каралуусу үчүн талап кылынган 60 добушту топтой алабыз деген ишенимде турушат. Өзү Саакашвилинин партиясы 150 орундуу парламентте 51 добушка ээ. Калган добуштарды алар оппозицияга ооп жаткандардын эсебинен алабыз деп үмүт артууда.
Маселен бийликтеги “Грузин кыялы” коалициясынын төрт депутаты, азыр өздөрүн “көз карандысыз” деп эсептешет. Оппозициялык лагерге сегиз депутаты бар “Эркин демократтар” партиясы да оогон. Бирок бул партиянын лидери Ираклий Аласания 23-мартта Брюсселде жүргөн жеринен алар “Улуттук кыймыл” партиясынын өкмөттү кетирүү мүдөөсүнө кошулбай турганын айтып чыкты:
- Иванишвили менен Саакашвили элди коркутуу үчүн бири-бирине гана керек. Бирок Грузия жана биздин келечек үчүн алардын биринин да кереги жок. Грузияга Саакашвилинин өткөнүнө кайтуу эмес, өнүгүү зарыл. Андыктан азыркы конкреттүү кырдаалда биз “Улуттук кыймылдын” демилгесин колдобойбуз.
Алсания бийликке “Грузин кыялы” коалициясы келгенде коргоо министринин кызматына дайындалган. Бирок былтыр ноябрда өкмөттү сындаган соң иштен алынып, оппозицияга өткөн.
Грузияда өкмөттү кызматтан кетирүү жараянын татаалданткан жоболор Конституцияга Саакашвилинин бийлиги учурунда киргизилген болчу.
Өкмөткө ишеним көрсөтпөө маселеси парламентте каралган күндө деле аны аягына чыгаруу үчүн кеминде 75 добуш талап кылынат жана чечимди президент да колдошу абзел.
Ушул жана башка жагдайларды эске алган бир катар грузин эксперттер Саакашвилинин партиясынын өкмөттү кетирүү дымагын азырынча саясий оюн катары баалашууда.
Тбилисилик саясат таануучу Александр Рондели “Азаттык” менен маегинде мындай деди:
- Бул көп жагынан катарда, башкы оппозициялык күч экенин көргөзүү аракети. Алар (“Улуттук кыймыл” партиясы) азыр өкмөттү алмаштыра албасын эң жакшы түшүнүшөт. Бирок алар тирүү жана күчтүү экенин, оппозициянын лидери экенин көрсөтүшүүдө.
Грузиялык дагы бир талдоочу Корнели Какачия Саакашвилинин партиясынын 21-марттагы демонстрациясын да кийинки шайлоого даярдыкты баштоосу катары баалады.
Бирок саясат таануучу Александр Ронделинин пикиринде, “Грузин кыялы” коалициясынын өкмөтү ишинин натыйжалуулугун көрсөтпөсө лидери олигарх экенине карабай бийликти алдырып коюшу да мүмкүн:
- Эгер өкмөт узакка чейин активдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн көргөзбөсө, албетте, оппозицияда нааразылык билдирип, катарына көбүрөөк адамдарды тарткыдай мүмкүнчүлүк жаралат. Андыктан “Грузин кыялы” “Бирдиктүү улуттук кыймылдан” жакшы экенин далилдеп турушу керек. Маселен, адам укуктарын сактоо жагынан азыр алар жакшыраак, бирок ишинин эффективдүүлүгү, экономикадагы абал дурус эмес.
Грузияда да улуттук акча лари былтыртан бери 30% нарксызданган, инфляциянын жана жумушсуздуктун көрсөткүчтөрү өстү.
“Грузин кыялы” бийликке 2012-жылкы шайлоодо келген. Андан бери Саакашвилинин учурунда жогорку кызматта турган бир нече киши түрмөгө түштү. Мурдагы президенттин өзүнө каршы да кылмыш иштери ачылган. Бийлик мөөнөтү бүткөндө эле Грузиядан чыгып кеткен Саакашвили кылмыш иштерди саясий куугунтук катары баалап жүрөт. Ал азыр украин президенти Петро Порошенкого кеңешчилик кылууда.
"Грузин кыялынын" лидери, миллиардер Бидзина Иванишвили премьер-министрлик кызматты бир жыл иштеп эле таштаганы менен бийликтеги таасирин көшөгө артынан кармап турат деп болжолдонот.