Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:28

Украина: оппозициянын көздөгөнү импичмент


Киевдеги президентке каршы демонстрация. 3-декабрь, 2017-жыл.
Киевдеги президентке каршы демонстрация. 3-декабрь, 2017-жыл.

Жекшембиде Киевдин борбордук аянтына чыккан миңдеген оппозициялык активисттер президентке импичмент жарыялоого жол ачкан мыйзамды кабыл алууну талап кылышты. Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин демилгеси менен башталган өкмөткө каршы демонстрациялар октябрдан бери өтүп келатат.

Михаил Саакашвилинин “Жаңы күчтөр кыймылы” уюштурган демонстрацияга полициянын маалыматы боюнча эки жарым миңдей киши катышты. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары акцияга 5 миңге чукул киши келгенин кабарлап жатышат.

Чогулгандарга кайрылып, Саакашвили депутаттар алардын талаптарын аткарбаса, украиналыктарды 10-декабрда башкалаанын Эгемендик аянтына чогулууга чакырды.

Саакашвили демонстранттар менен. 3-декабрь, 2017-жыл.
Саакашвили демонстранттар менен. 3-декабрь, 2017-жыл.

- Мага көчөдөн катардагы кишилер келип "Силер артка кайтпайсыңар да? Коркпойсуңар да? Максатыңардан тайбайсыңар да?" деп жатышты. Биз андай эмеспиз. Эч качан, эч качан чегинбейбиз.

Демонстранттар шаардын борборунда жөө жүрүш жасап, митинг өткөргөн соң тынч тарап кетишти.

Акциядан соң камуфляж, каска кийген ондогон киши "NewsOne" телеканалы жайгашкан имараттын кире бериштерин кум салынган мүшөк, тикенек зым менен тороп салышты.

"NewsOne" телеканалынын астындагы тосмо. Киев, 3-декабрь, 2017-жыл.
"NewsOne" телеканалынын астындагы тосмо. Киев, 3-декабрь, 2017-жыл.

Алар "канал редакциялык саясатын алмаштырсын, анын кожоюну, оппозициялык депутат Евгений Мураев "Евромайдан" деген атка конгон 2014-жылдагы демонстрациялар тууралуу комментарийлери үчүн кечирим сурасын" деп талап кылышууда.

Ал эми компания Саакашвили уюштурган акцияны чагылдырган жападан-жалгыз телеканал болгондугу үчүн “радикалдар” аларга кол салганын билдирди.

2014-жылы болгон ал окуялар ошол кездеги президент Виктор Януковичти бийликтен кулатуу менен аяктаган.

Өкмөткө каршы чыккан демонстранттар октябрдан бери парламенттик кол тийбестикти алып салууну, коррупцияга каршы сот түзүүнү, Шайлоо кодексин өзгөртүүнү жана президентке импичмент жарыялоого жол ачкан жобону кабыл алууну талап кылып келатышат. Алар парламенттин (Верховна Раданын) сыртына чатыр лагерин тигип алышкан.

Нааразылык акцияларын адегенде президент Петро Порошенконун бир кездеги санаалашы Саакашвили баштаган. Кийин демонстрацияларга көптөгөн башка да оппозициялык саясий лидерлер кошулду.

Президент Порошенко соңку нааразылык акцияларынын чыныгы максаты - өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузуу экенин айтып келатат.

2004-2013-жылдары Грузиянын президенти болуп турган Саакашвили мекенинде кызматтан кеткенден кийин төңкөрүш уюштурууга аракеттенген деп шек саналууда. Бирок өзү расмий Тбилисинин дооматтарын четке кагып келатат.

Киевдеги нааразылык акциясы. 3-декабрь, 2017-жыл.
Киевдеги нааразылык акциясы. 3-декабрь, 2017-жыл.

2015-жылы болсо аны Порошенко Одесса облусунун губернатору кылып дайындаганда Грузиянын жарандыгын тапшырган.

Бирок былтыр ноябрда мамлекет башчынын өнөктөштөрү анын ишине тоскоолдук кылышканын билдирип, кызматтан баш тарткан.

Андан кийин Порошенко Саакашвилини украин жарандыгынан да ажыратып салган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG