Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 09:27

Украина Михаил Саакашвилиге качкын макамын берүүдөн баш тартты. Өлкөнүн башкы прокурору эми аны экстрадициялоого бөгөт жок экенин билдирди. Саакашвили президент баш болгон украин аткаминерлерин коррупцияга айыптап чыккан. Акыркы күндөрү саясий реформаларды талап кылган митинг өткөрүп жаткан эле.

2015-жылы Михаил Саакашвилиге жарандык берип, Одесса губернаторлугуна дайындап жатып украин президенти жыл айланбай ал олуттуу атаандашы болот деп ойлобосо керек. Мекенинде куугунтукталган Саакашвили анда Украинадан да чыгарыларын ойлоду дейсизби?

Грузиянын, Одессанын экс-жетекчиси ошентип Украинадагы белдүү аткаминерлерден тартып, президентке чейин коррупцияга айыптап чыкты. Буга жооп иретинде быйыл июлда украин жарандыгынан ажыратылды. Мурда грузин жарандыгынан да чыгарылганына байланыштуу саясатчы азыр жарандыгы жок адам. Ага карабастан өзү түзгөн “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” партиясы менен Украинада коррупция менен күрөштү улантарын айтып келет.

Саакашвили Киевде 17-октябрда саясий реформаларды, президент Петр Порошенконун кызматтан кетүүгө талап кылган митинг уюштурган.

"Өлкөдө эч нерсе жакшы жагына өзгөрбөстүгүн бөркүбүздөй көрүп калдык. Жок дегенде өткөн үч жылда деле түшүнүшүбүз керек эле. Порошенко турганда өнүгүү болбойт. Порошенко турганда жемкорлук менен күрөш да болбойт", - деген эле Саакашвили.

Ошондон бери 200гө жакын адам чатыр тигип, талаптары аткарылмайынча парламент алдынан кетпей турганын айтып, түнөп жатышат.

Бул тапта өлкөнүн башкы прокурору Юрий Луценко аларды мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданган деп айтып чыкты:

"Тынч протест өткөрүү укугу четтен каржы алып, авантюристтердин чакан тобуна таянуу менен төңкөрүшкө даярдык көрүү дегенди билдирбейт".

Луценко митингчилер Европадан акча алышып, курал сатып ала башташкан деп ырастайт. Алардын ичинен грузин улутундагы 20 адамды депортациялай турганын кошумчалады. Башкы прокурор Михаил Саакашвилинин өзүн "Украинадагы бийликти басып алуу максатында кызыл чектен өтүп кетти" деп сындады.

Саакашвили октябрдын башында Украинадан качкын макамын алууга арыз берген. Өлкө бийлиги андай макамды берүүдөн баш тартканы 24-октябрда белгилүү болду.

Буга удаа башкы прокурор Луценко эми саясатчыны экстрадициялоого бөгөт жок калганын айтты. Мындай болсо украин бийлиги Саакашвилини Грузияга өткөрүп бериши ыктымал. Анткени бул өлкө экс-президентине төрт кылмыш ишин козгоп, кармап берүүнү Украинадан талап кылып келген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG