Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Украин премьеринин жардамчысы тыңчылык боюнча шек менен кармалды


Владимир Гройсман .
Владимир Гройсман .

Украина премьер-министринин жардамчысы Станислав Ежов "Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган" деген шек менен кармалды. Бул тууралуу өкмөттүн парламенттеги өкүлү Вадим Денисенко 112.UA телеканалы менен маектешип жатканда билдирди.

- Бул адам мыйзамсыз ишмердик менен алектениши ыктымал деген маалымат кыйла эле мурда белгилүү болгон. Ал акыркы убактарда тыңшалып жүргөн болчу, - деди Денисенко.

Ал эми Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "бул кабарды окудук, бирок эч кандай маалыматка ээ эмеспиз, ошон үчүн конкреттүү эч нерсе айта албайм" деп жооп берди.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ежов премьер-министр Владимир Гройсманды чет өлкөлөргө барганда коштоп, ага тилмечтик кылып жүргөнүн жазып жатышат. Ал буга чейин президенттик аппаратта жана Украинанын АКШдагы элчилигинде иштеген экен.

20-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы "агрессор өлкөнүн атайын кызматынын кызыкчылыгына иштеген" мамлекеттик кызматкерди кармаганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG