Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Германия президенттигине Штайнмайер шайланды


Франк Вальтер Штайнмайер.
Франк Вальтер Штайнмайер.

12-февралдагы Федералдык жыйында Германия президенттигине Франк-Вальтер Штайнмайер биринчи турда шайланды. Аны ландтаг жана бундестагдын 1239 депутатынын 931и колдоду. Бул жеңиш үчүн зарыл болгондон 300 добушка көп.

61 жаштагы Штайнмайерди канцлер Ангела Меркель жетектеген Христиан-демократиялык союз менен Германия социал-демократиялык партиясынан куралган блок президенттикке көрсөткөн. Штайнмайер буга чейин өлкөнүн тышкы иштер министрлигин жетектеген.

Ишке кирүү аземи 19-мартка белгиленген. Мурдагы президент 77 жаштагы Йоахим Гаук болчу.

Германияда бийлик ыйгарым укуктарынын дээрлик баары канцлерде болгону менен президенттик кызмат моралдык бийик даража катары саналат.

XS
SM
MD
LG