Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Украин депутаттарынын иммунитети чектелет


Украинанын Жогорку Радасы.
Украинанын Жогорку Радасы.

3-сентябрда украин парламенти - Жогорку Рада депутаттардын иммунитетин чектөө тууралуу мыйзамды колдоду. Сессияга катышкан президент Владимир Зеленский «мыйзам чыгаруучулар саясий чечимдери үчүн мурдагыдай эле жооп беришпейт» деп белгиледи.

Конституцияга тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча сунушту 373 депутат колдоду, документтин өтүшү үчүн 300 добуш жетиштүү болчу.

Маалыматтарга караганда, мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуулоо учурунда каршы пикирин орусиячыл «Оппозициялык платформа» партиясы гана билдирди.

«Украинада кээ бир адамдардын кастасы пайда болгон. Эмнегедир алар үчүн мыйзам башкача жазылгандай. Буга чейин соттор, депутаттар жана президент ошол адамдардын арасында болуп келишкен. Бүгүн биз эл өкүлдөрүнүн иммунитетин алууну талкуулап жатабыз. Бул чечим мыйзам алдында бардыгы тең болушу керек дегенди гана билдирет», - деди «Добуш» партиясынын лидери Святослав Вакарчук.

30-августта биринчи окуудан өткөн мыйзам долбоору парламенттин мурунку чакырылышынын кароосуна мурдагы президент Петро Порошенко тарабынан киргизилген. Сунушта «парламентарийлер депутаттык кол тийбестикке ээ, аларды Жогорку Раданын уруксатысыз кармоого, камоого же кылмыш жоопкерчилигине тартууга болбойт» деген эрежени Конституциядан алуу каралган.

Былтыр өлкөнүн Конституциялык соту мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келбейт деп тапкан.

Ошол эле маалда Конституция «эл өкүлдөрү добуш берүүнүн жыйынтыктары, жалаа жабуу, акаарат келтирүү учурларынан тышкары парламентте жасаган билдирүүлөрү үчүн укуктук жактан жоопко тартылбайт» деген кепилдик берет.

3-сентябрдагы сессияга катышкан президент Владимир Зеленский бул мыйзам кабыл алынса, депутаттар бийликтегилердин куугунтугуна туш болушу ыктымал деген кооптонуулар негизсиз деп ишендирүүгө аракет кылды:

Президент Зеленский парламентте. Киев, 3-сентябрь, 2019-жыл.
Президент Зеленский парламентте. Киев, 3-сентябрь, 2019-жыл.

«Парламент мүчөлөрү саясий чечимдери, добуш берүү же башка саясий жана коомдук билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылбайт. Сөз кылмыш жообуна тартуу тууралуу жүрүп жатат. Кечирип койгула, бирок депутат бирөөнө кол көтөрсө, мыйзамсыз кен казууну калкаласа же башка кылмыштарга барса, мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш».

41 жаштагы мамлекет башчысы 21-апрелде шайлоону жеңгенден кийин украин саясатындагы эски «системаны бузууга» убада берген. 3 айдан кийин президенттин «Эл кызматчысы» партиясы парламенттик шайлоодо марага биринчи келип, парламенттеги көпчүлүктү камсыздоого жетишти. 450 орундуу Жогорку Радада анын партиялаштарына 254 мандат тийип, Зеленскийге үгүт маалындагы убадаларын ишке ашырууга өбөлгө түзүлдү.

Ошол эле маалда Батыштагы көптөгөн талдоочулар гана эмес, президенттин кээ бир колдоочулары да, парламенттеги өнөктөштөрү да газ жана электр тармактарын оңдоо, коррупцияга каршы күрөш, көп жылдан бери саясаттын багытын аныктап келаткан оллигархиялык системаны реформалоо өңдүү маанилүү маселелерди чечүүгө канчалык кудуреттүү экенин күтүп жатышат.

«Депутаттардын кол тийбестигин алуу менен катар прокурорлордун, соттордун өз алдынчалыгын кепилдеген реформалар ишке ашырылууга тийиш», - деген ою менен бөлүштү Европа саясаты борборунун улук эксперти Брайн Уитмур.

Былтыр «Transparency International» уюмунун коррупцияны кабылдоо индексинде - Украина 180 өлкөнүн ичинен 120-орунга жайгаштырылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG