Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Украинада өкмөттү сындаган министр иштен кетти


Кызматтан кетирилген каржы министри Олександр Данилюк.
Кызматтан кетирилген каржы министри Олександр Данилюк.

Жогорку Рада бейшемби күнү акыркы кезде премьер-министр менен көз карашы келишпей, талашып-тартышып келе жаткан каржы министри Олександр Данилюкту кызматтан кетирүү тууралуу сунушту колдоду.

Министр өкмөт башчысын реформаларды жайлатып жатат, коррупциялык кызыкчылыктары бар деп Киевдин өнөктөштөрү саналган «Чоң жетиге» кирген өлкөлөрдүн элчилерине кат жазган. Ошондон кийин өкмөт башчы Владимир Гройсман аны кызматтан алууну парламентке сунуштаган.

7-апрелдеги добуш берүүдө премьер-министрдин каржы министри Олександр Данилюкту кызматтан кетирүү сунушун парламенттеги 450 депутаттын 254ү колдоду.

Аны кызматтан алууга 226 добуш жетиштүү болмок. Данилюк өткөн жумада “Чоң жетинин” элчилерине жөнөткөн катында өкмөт башчысын фискалдык саясаттагы реформаларга бут тосууда жана министрликтеги кызматтарга президент Петро Порошенкого жакын адамдарды коюуга аракеттенүүдө деп айыптаган.

“Чоң жети” уюмуна Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония мамлекеттери кирет.

- Кесепети мамлекет үчүн миллиарддаган долларга тете жаш балдардын кадамын жасабай, мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу керек. Мен министр болуп дайындалгандан бери эл аралык уюмдардын кызыкчылыгын коргойт деген жемелерди угуп жүрөм. Жок! Мен украиналыктардын кызыкчылыгын коргоп келе жатам, - деди Олександр Данилюк аны кызматтан кетирүү маселеси добушка коюлардын алдында парламентте сүйлөп жатып.

Ал депутаттарды жана өкмөт мүчөлөрүн чыныгы реформаларды жасоонун ордуна жеке жана партиялык кызыкчылыктарын артык көрөт деп айыптады. “Бул деген саясий коррупция. Менин алдымда тандоо турат: кетүү же аны чогуу жасоо. Мен өлкөмдү сатпайм” деди Олександр Данилюк.

Өкмөт башчысы Владимир Гройсман каржы министрин кызматтан кетирүүнү парламентке 6-июнда сунуштаган. Анда “ал Европа Биримдиги менен боло турган маанилүү сүйлөшүүлөрдүн алдында биздин эл аралык өнөктөштөрүбүзгө туура эмес маалымат жайылтып, жолугушуунун жыйынтыгын коркунучка кептеп” койду деп билдирген.

7-июнда Владимир Гройсман парламентте депутаттардын сунушун колдоого чакырып, буларга токтолду:

- Мен бүгүн сиздерден украин өкмөтүнүн башчысы катары каржы министрин кызматтан алуу тууралуу сунушумду колдоп берүүгө чакырам. Анда жакшы команда бар. Биз мындан ары жакшы иштей алабыз.

Володимир Гройсман.
Володимир Гройсман.

42 жаштагы Александр Данилюк салык жана бажы тармагын реформалоого, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүгө чакырып келгени менен белгилүү.

Бул күнү украин парламенти – Жогорку Рада президенттин маанилүү, бирок буга чейин талаш-тартыш жаратып келген Антикоррупциялык сот түзүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл алды.

Президент Петро Порошенко парламентте мыйзам долбоорун өзү коргоп, добуш берүүгө көз салып турду.

- Өзгөчө белгилеп койгум келет. Биз бул мыйзамды, кээ бир адамдар ойлогондой, Эл аралык Валюта Фонду үчүн кабыл алып жаткан жокпуз. Биз аны Венеция комиссиясы, Европа Кеңеши, Европа Биримдиги же АКШ үчүн да кабыл албайбыз. Биздин максат – аны Украина үчүн кабыл алуу.

Петро Порошенко парламентте. 7-июнь, 2018-жыл
Петро Порошенко парламентте. 7-июнь, 2018-жыл

Антикоррупциялык сотту түзүү - Киевге жаңы насыя бөлүүгө убада берген Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) талабы болчу.

Кошмо Штаттар да Украинада көз карандысыз антикоррупциялык сотту түзүү зарылдыгын билдирген.

2014-жылы ошол кездеги президент Виктор Януковичтин Москва менен кызматташуусуна каршы эл көтөрүлгөн майдан окуяларында коррупцияга каршы күрөш негизги талаптардын бири болгон. Бирок жемкорлук азыркы президент Петро Порошенконун аны жеңебиз деген убадаларына карабай, Украинанын чоң көйгөйү бойдон калууда. Орусия Крымды 2014-жылдагы окуялардан кийин аннексиялап алган.

Бул аралыкта эл аралык каржы уюмдары жана өнөктөш мамлекеттер Киевге бир канча миллиард долларлык каржылык жардам көрсөттү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG