Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:42

Олег Сенцовдун орус абагындагы ачкачылыгы


Олег Сенцов.
Олег Сенцов.

Украина Орусияга абактагы жарандарын алмашууну сунуш кылды. Киевдин расмий өкүлүнүн билдиргенине караганда, алар Украинанын камагындагы орусиялыктарды Орусиянын абактарында саясий себептен улам отурган украиналыктарга алмашууга даяр турат. Украина Орусиянын абагындагы саясий туткун деп санагандардын бири, режиссер Олег Сенцов Ыраакы Түндүктөгү түрмөлөрдүн биринде бүгүн 25 күндөн бери ачкачылык кармоодо. Адвокаты анын саламаттыгынын абалы опурталдуу чекке жакындаганын айтып жатат.

Расмий Киев алардын абактарындагы 23 орусиялыкты Орусиянын түрмөлөрүндөгү украиналыктарга алмашууга даяр экенин 6-июнда Украинанын үч тараптуу байланыш тобундагы өкүлү, Жогорку Раданын вице-спикери Ирина Геращенко билдирди. Бирок орус тышкы иштер министринин орун басары Григорий Карасин 6-июнда Киевден эч кандай кайрылуу ала элек экенин белгиледи.

Апта башында Геращенко Киев Москванын саясий жүйөдөн улам соттолгон украиналыктарга чыгарган өкүмдөрүн тааныбай турганын жарыялаган. Ошону менен бирге Орусиядан Роман Сущенкону, Олег Сенцовду, Александр Кольченкону, Николай Карпюкту жана башкаларды бошотууну талап кылган.

Булардын арасынан Роман Сущенкону Москванын соту 4-июнда «тыңчы» деген айып менен 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кессе, кинорежиссер Олег Сенцов 14-майдан бери Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы Лабытнанги шаарынын "Ак аюу" деген түрмөсүндө 14-майдан бери ачкачылык кармап жатат.

Лабытнанги шаары.
Лабытнанги шаары.

Сенцовдун акциясы тууралуу 6-июнда Киевдеги атайын жыйынында "Чоң жетинин" тобуна кирген мамлекеттердин дипломатиялык өкүлдөрү кабар алышкан. Бул тууралуу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна ошол жыйынга катышкан жана абакта ачкачылык кармап жаткан Сенцовго барып, 4-июнда учурашып келген режиссер Аскольд Куров мындай деди:

- Жолугушуунун кандайдыр бир жыйынтыктары тууралуу айтуу азырынча мүмкүн эмес. Анткени элчиликтердин өкүлдөрү эч нерсеге убада беришкен жок. Болгону алган маалыматтарын өз өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө жеткизе турганын гана билдиришти. Алар Олег Сенцовдун ишинен буга чейин эле кабардар болушканы да көрүнүп турат.

Буга чейин Сенцов өзү да ушул жуманын башында "Чоң жетинин" лидерлерине түрмөдөн жазган катында аларды Орусиядагы украиналык саясий айыпкерлерге жардам берүүгө чакырган болчу.

41 жаштагы кинорежиссер аннексияланган Крымдан 2014-жылы май айында кармалган. Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда терракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Олег Сенцовду колдогондордун Харьковдогу (Украина) акциясы. 2-июнь, 2018-жыл.
Олег Сенцовду колдогондордун Харьковдогу (Украина) акциясы. 2-июнь, 2018-жыл.

Анын адвокаты Дмитрий Динзенин айтымында, режиссердун ачкачылык жарыялоодогу башкы талабы - орус түрмөлөрүнөн украиналык саясий айыпкерлердин баарын бошотуу:

- Ал ачкачылыкты токтотуу боюнча белгилүү бир шарттарды койгон. Анын манифести украиналык саясий айыпкерлердин арасынан кайсы бир жеке ысымдар менен байланышы жок. Алардын болжолдуу саны 64 экени көргөзүлгөн. Сенцов "украиналык саясий туткундардын орус тарап да, украин тарап да тоңдуруп койгон маселесин жылдырыш керек" деп жатат. Ал өзүнүн манифести, кадамы аркылуу бийликтегилерди сүйлөшүүлөргө, украиналык саясий айыпкерлерди бошотуу же алмашуу боюнча чараларга барып, "токтоп калган жараянды чечүүгө түртө алам" деп жатат.

Адвокат Дмитрий Динзе да кардары менен түрмөдө акыркы ирет 4-июнда жолуккан. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен болгон маегинде Олег Сенцов өзүнүн эң баштапкы билдирүүсүндө көргөзгөндөй “өлүмгө чейин ачкачылык кармай тургандыгын” айтып жатканын, абалы опурталдуу чекке жакындаганын кошумчалады:

- Сегиз килограммдай жоготуптур, ачкачылыкка даярдангандыктан ал мурда эле арыктай баштаган. Албетте, чарчаңкы жана арык көрүндү. Дарыгер анын өлүп калышына эч ким жол бербей турганын айтыптыр. Ачарчылыктын 30-күнүнө барып, ички органдары, биринчи иретте бөйрөгү иштебей калышы мүмкүн экендигин эскертишиптир. Мына ошол опурталдуу чек жакындагандыктан дарыгерлер аны дээрлик күн сайын карап жатышат. Кокус ачкачылыктын кесепеттери башталса, аны мажбурлап тамактандырып, мурду аркылуу түтүк менен ашказанына суюктук куюшарын эскертишиптир.

Олег Сенцовду колдогондордун Краковдогу (Польша) акциясы. 1-июнь, 2018-жыл.
Олег Сенцовду колдогондордун Краковдогу (Польша) акциясы. 1-июнь, 2018-жыл.

Орус президенти Путинди Олег Сенцовду абактан бошотууга жуманын башында ондогон чет элдик режиссерлор менен журналисттер, Орусиянын өзүнөн, Санкт-Петербург шаарынын Пен-клубу да чакырган.

Ал эми кинорежиссерду колдогон активисттер 1-2-июнь күндөрү дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде “Олег Сенцовду сактоо” (Save Oleg Sentsov) деген акция өткөрүшкөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG