Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:48

Москвада украиналык журналист 12 жылга соттолду


Роман Сущенко.
Роман Сущенко.

Москва шаардык соту 2016-жылы "тыңчылыкка" шектелип кармалган украин журналистти Роман Сущенкону 12 жылга абакка кести. Прокуратура аны 14 жылга эркинен ажыратууну сураган. Журналисттин адвокаты Марк Фейгин сот чечими боюнча жогорку инстанцияга арызданышарын билдирди.

Буга чейин Фейгин Сущенко жакында Киевде кармалган "РИА Новости Украина" агенттигинин редактору Кирилл Вышинскийге алмаштырылышы мүмкүн экенин айткан. Киев орусиялык мамлекеттик "РИА Новости" агенттигинин Украинадагы бөлүмүнүн башчысын "чыккынчылык кылган жана Украинага каршы маалыматтык кутум жасаган" деп кармаган.

Роман Сущенко "Укринформ" агенттигинин Франциядагы кабарчысы болуп иштеген. Ал 2016-жылы жеке сапары менен Москвага келгенде кармалып, тыңчылык боюнча айыпталган. Федералдык коопсуздук кызматынын версиясы боюнча, Сущенко – Украинанын Коргоо министрлигинин кызматкери, ал Москвага орусиялык аскерлер тууралуу маалымат чогултууга келген.

Журналист айыптарды четке кагып келатат. Украинанын Тышкы иштер министрлиги Роман Сущенконун ишин "ойдон чыгарылган" деп мүнөздөгөн.

XS
SM
MD
LG