Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Жемкорлукка каршы күрөштүн эки ыкмасы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Калыс Кенжебаев жиберген сунуш.

2018-жылы өлкө башчысы тарабынан «коррупцияга каршы күрөшүү жылы» деп жарыяланганы анык. Аталган жыл ичинде жүздөгөн кылмыш иши козголуп, миллиарддаган сумма ачыкка чыкты. Анткен менен эл аралык рейтингдерде өлкөнүн жемкорлуктан алыстаганы же жакындаганы байкалган жок. Жыл ичинде сарпталган убакыт менен каражаттын натыйжасы сүйүндүрбөйт. Бул аркылуу көйгөй менен жөн гана күрөшө бербестен, натыйжалуу күрөшүү зарыл экенин түшүнсөк болот.

Мен бул чакан макалада коррупция менен күрөшүүнүн өзүм натыйжалуу деп эсептеген жолдорун карап өтөм. Коррупцияга каршы колдонулган көптөгөн ыкмалар менен таанышкан соң аларды экиге бөлүп кароо ыңгайлуу: катаал жана жумшак ыкмалар.

Алдыда бул эки ыкманын бири-биринен айырмасы, коомго тийгизген таасири жана карапайым калктын билим деңгээлине төп келиши тууралуу ой толгоп, биздин өлкөнүн коомчулугуна эң ыңгайлуу жана таасирдүү дегендерин тандаганга аракет кылалы.

Жогоруда белгиленгендей коррупцияга каршы күрөшүүнүн биринчиси катаал ыкма. Бул жолду Кытай, Сингапур жана АКШнын айрым штаттары, бир катар өлкөлөр колдонушкан. Кытай Эл Республикасы 2013-жылдан бери 1,5 миллиондон ашык партия мүчөлөрүн жемкорлугу үчүн жазалаганга жетишкен. 2015-жылдан баштап Кытай Эл Республикасы өлкөдөн чыгып кеткен, качкын коррупционерлерди кайрып алуу боюнча активдүү иш жүргүзө баштаган. Азыркы убакка чейин башка 120 өлкөгө качып чыгып кеткен 5000ге жакын шектүүлөр өлкөгө кайра кайтарылган. Орто кылымдагы Кытайда пара алган кызматкерлерди өлүм жазасына тарткан соң териси калыпка кийгизилип, ал кызматкердин иш ордуна илинчү. Бул үрөй учурарлык ыкманын максаты жемкорлуктун натыйжасын көрсөтүп, кийинки жумушчулардын үшүн алуу болгон. Азыркы заманбап Кытай да паракорлорго каршы катаал чараларды жогото элек. Ар бир жаран пара берип же алып жатып өз өмүрүн тобокелге салат.

Кытай ушундай жол менен жемкорлукка татыктуу күрөш жүргүзө алды. Бирок биздин өлкөдө катаал мыйзамдарды орнотуу менен маанилүү орундарды ээлеп турган коррупционерлерге ыңгайсыз адамдарды четке чыгарып коюга жакшы шарт түзүп берип алышыбыз мүмкүн. Анын үстүнө дүйнөлөшүү жана маалымат бөлүшүү заманында жарандарды коркутуу менен курулган система көпкө чыдабай урап калары бышык.

Ал эми жумшак ыкмалар аркылуу Европанын бир катар өлкөлөрү коррупцияны жеңе алышты. Алсак, Швеция XIX кылымдын жарымына чейин коррупцияга малынган өлкө болуп эсептелчү. Ошого жараша өлкөнүн экономикалык абалы боор ооругудай эле. Жемкорлукка каршы күрөштү Швеция алгач соттук системадан баштаган. Себеби, соттук органдар согуш учурунда да ишин токтотпогон жана кызматкерлерин алмаштырбаган маанилүү орган. Менин баамымда биздин өлкөдө жемкорлук тамыр жайган жана «мен-мен» деген коррупционерлерди калкалап турган олуттуу орган – прокуратура. Орусия, Украина өңдүү мамлекеттер сыяктуу эле биздин коррупциянын да башы ушул органда катылган. Кылмыштуулукка каршы канча орган түзүлбөсүн, сотко жеткен иш ачык-айкын, так жана калыс чечилбесе эч кандай майнап болбойт. Швециянын ошол убактагы элитасы бул механизди жакшы түшүнгөн. Азыр Швеция коррупциянын деңгээли өтө төмөн деп эсептелген өлкөлөрдүн катарында.

Соттук системаны жакшы жагына өзгөртүш үчүн бир маанилүү суроого жооп берүү зарыл: «Эмне үчүн кызматкер пара алат?».

Жеке менин көз карашым боюнча пара алуунун эки себеби бар. Биринчиси - материалдык жетишсиздик; экинчиси - жеке жашоого болгон коркунуч. Айрым кызматкерлер ыйманы таза болуп турса да пара алууга аргасыз. Себеби коррупцияга чыланган системада эч ким чынчыл кызматкердин коопсуздугуна кепил боло албайт.

Бул эки маселени чечүү көптөгөн мамлекеттерге көптөгөн жылдар бою негизги маселе болуп келе жатат. Ал эми Кыргызстан бул маселени чечүүнүн алгачкы кадамдарын кыла баштады. Кыргызстанда акыркы убакта санариптештирүүгө болгон аракеттер маанилүү орундарды ээлеген кызматкерлердин коопсуздугуна кепилдик берүүдө чоң жардамын тийгизе алат. Санариптештирүү жана технологиянын өнүгүшү адам факторлорун жоюп, коопсуздукка кепил боло алат. Алсак, бирдиктүү реестр жана «Акылдуу шаар» долбоорунун ишке кириши менен өлкөдө бир аз да болсо өзгөрүүлөр болуп жатат. Эң негизгиси - жарандардын бул мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга билими жетишет. Андыктан бул демилгени калк арасына жайылтуу маанилүү.

Экинчи маселе - сот органдарында жана деги эле мамлекеттик кызматтарда эмгектенгендердин маянасынын аздыгы. Эгер бул маселе чечилсе өлкөдө коррупциянын деңгээли дагы бир топ төмөндөйт.

Кыргызстанда кызматкерлер үчүн бүйүр кызыткан шарттар, ал жумушчуларда кызмат ордун сактап калууга болгон аракет жок. Андыктан ар бир жумуш ордунда баарыдан мурда жеке кызыкчылыгы үчүн чуркаган жумушчуларды көрүүгө болот.

Мамлекетибиздин экономикалык абалы бул маселени чечүүгө шарт түзүп бере албайт. Демек, мамлекет тарабынан бөлүнчү каражатты күтпөстөн чечим кабыл алууга аргасызбыз. Бул үчүн мен мамлекеттик кызматкер казынага топтогон каражаттын бир канча пайызын үстөк маяна катары кайра өзүнө бергидей системаны сунуш кылгым келет. Мисалы, сот органдарына ар бир кабыл алган чечимине жараша маяна берилет жана пара сунуш кылган адамдын айып пулунан бир канча пайызын да үстөк маяна катары өзүнө калтыра алат. МАИ кызматкерлери ар бир жол эрежесин бузган айдоочудан түшкөн айып пулдун бир бөлүгүнө ээлик кылат. Медицина үчүн жыйылган салыкты жана башка кирешени толугу менен ооруканаларда калтыруу менен кызмат ээлерине мотивация жана ооруканалар арасында конкуренция жаратууга болот. Жалпысынан алганда ар бир жаран кандайдыр бир коррупциялык учур тууралуу маалымдаса, ачыкка чыгарса, ашкерелесе кийин колго түшүрүлгөн ошол кирешенин бир канча пайызына ээлик кыла алат. Мындай болгондон кийин мамлекеттик кызматтар толугу менен конкуренциялык түргө өтөт. Бул аркылуу мамлекеттик кызматтын сапатын жакшыртууга да, паракорлуктун алдын алууга да болот.

Калыс Кенжебаев

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG