Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:30

"Евромайдан" окуяларына төрт жыл болду


2014-жылдын 22-февралында президент Янукович Орусияга качып, бийлиги кулатылган.
2014-жылдын 22-февралында президент Янукович Орусияга качып, бийлиги кулатылган.

Украина "Евромайдан" деген ат менен тарыхка кирген кандуу окуялардын төрт жылдыгын белгилеп жатат. Ошол күндөрү нааразылык акцияларына чыгып курман болгондор эскерилүүдө. Өзгөчө 2014-жылы 20-февралда Киевдеги кагылышууда өкмөткө каршы демонстранттар көп өлгөн.

"Небесная сотня" - төрт жыл мурда бийликке каршы акцияларда курман болгон 104 адамды Украинада ушундайча аташат. Алардын көбү көзгө атардын огунан мүрт кеткени айтылып жүрөт. Өзгөчө 20-февралда 40тан ашуун адамдын өмүрү кыйылган. Бүгүн аларды эскерүү күнү.

Эскерүү күнүн утурлай президент Петро Порошенко элине кайрылып, “Украина эгемен, демократиялуу жана дүйнөгө ачык өлкө болушу үчүн ошол жүздөн ашуун адам өмүрүн арнаганын” айтты.

Украинанын президенти Петро Порошенко баштаган лидерлери эскерүү иш-чарасында. 20-февраль, 2018-жыл.
Украинанын президенти Петро Порошенко баштаган лидерлери эскерүү иш-чарасында. 20-февраль, 2018-жыл.

"Евромайдан" деп тарыхка кирген Украинадагы окуялар 2013-жылдын ноябрында башталган. Буга ошол кездеги президент Виктор Янукович Евробиримдик менен ымаланы арттыруучу келишимге кол койбой, андан көрө Москва менен экономикалык алакаларды өнүктүрүүнү жактай тургандыгын билдиргени себеп болгон. Социалдык адилетсиздик, эл турмушунун начарлашы, өкмөт, сот жана күч түзүмдөрүндө тамырлаган коррупция ага кошул-ташыл болгону да кеп болгон.

2014-жылдын 22-февралында президент Янукович Орусияга качып, бийлиги кулатылган.

Андан бир ай өтпөй Орусия Крым жарым аралын өзүнө каратып алды. Бирок аны дүйнөлүк коомчулук тааныган жок. Ошого удаа эле Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орусиячыл жикчилдер борбордук өкмөткө баш ийбей, куралдуу жаңжал тутанды. Андан ушул күнгө чейин он миңден ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Жарадар болгондор андан көп. Там-ташын таштай качкандар 1,5 миллиондон ашканы расмий белгиленет.

Виктор Янукович.
Виктор Янукович.

Азыр Порошенко баштаган жаңы бийликке колдоо-мактоо менен катар сын да көп. Алар "элди аткандар, ага жооптуу аткаминерлер жазаланган жок" дешет. "Турмуш оңолбоду, жемкорлук менен күрөш жок" деп нааразы болгондор да бар.

Өткөн жылдын октябрынан бери Порошенконун кызматтан кетишин талап кылган миңдеген киши катышкан митингдер өтүп келатат.

Качкын президент Януковичтин соту болсо дагы эле бүтө элек. Баса, эртең президент Порошенко биринчи жолу ал сотко келип, көрсөтмө бергени турат.

Ал арада АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Хизер Нойерт "АКШ Оруссиянын агрессиясына туш болуп келаткан Украинага көмөк көрсөтө берээрин" билдирди.

"Азаттыктын" архиви: 19.02.2014.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG