Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Украина Евромайдан курмандыктарын эскерүүдө


 Евромайдандагы демонстранттар. Киев, 23-февраль, 2014-жыл
Евромайдандагы демонстранттар. Киев, 23-февраль, 2014-жыл

Украина Евромайданда тутанган окуянын бир жылдыгын белгилөө алдында турат. Кагылышта жакын адамын, таанышын жоготкондор үчүн бул - эң оор жана караңгы күн болуп калды.

Ушул жума Украинанын туш тарабында Евромайдандын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары өтөт.

Ульяна Вербытскаянын атасы Юрий Украинанын Львов шаарында сейсмолог болуп иштечү. Өткөн жылдын январь айында 50 жылдык мааракесин белгилеген. Эмгек өргүүгө чыккан ал демократияны талап кылып, Евромайданга чыккандарга кошулган болчу. Майданда түнөп калган демонстранттарга ысык чайын берип, бутерброд жасап, жылуу сөзү менен колдоо көрсөтүп турган. Эми минтип ал 51-кышын көрбөй калды.

Евромайдан. 20-февраль, 2014-жыл
Евромайдан. 20-февраль, 2014-жыл

Майданга чыккандар менен полициянын алгачкы кагылыштарынан кийин Юрий Вербитский каза болот. Анын кыйналып өлтүрүлгөн сөөгү Киевдин четиндеги токойдон табылган. Бул Евромайдандын алгачкы курмандыктарынан эле.

- Менин атам абдан ак көңүл адам болчу. Кыйналып, жардамга муктаж болуп турган кишиге жардамын аябайт эле. Мен атамдын Майданда жүргөнүн билчүмүн. Биз үй-бүлөбүз менен абдан тынчсызданып жаттык. Ошол эле учурда митингге чыккандарды колдоп турдук, - деди маркум Юрийдин кызы Ульяна.

Юрий полициянын жардыргыч затынан жабыркап, госпиталга жаткан. Ооруканада жатып кызы менен сүйлөшкөндөгү акыркы сөзү «кабатыр болбогула, баары жакшы болот» деп айтканы болду. Мындан көп өтпөй Юрийди жана анын кесиптеши, белгилүү журналист Игорь Луценкону ооруканадан белгисиз адамдар уурдап кетет. Луценко кийинки күнү ур-токмокко алынып, бирок эсен-соо табылат. Уурдап кеткен адамдар алардан Евромайдан жөнүндө сурап, кыйнашканын билдирген.

Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Янукович.

Учурда кылмышка шектүү 13 кишинин бирөө гана кармалып, калгандары эркиндикте жүрөт. Расмий Киев Юрий Вербитский менен Игорь Луценко мурдагы президент Виктор Януковичтин тушундагы Ички иштер министрлиги, Башкы прокуратуранын буйругу менен уурдалган жана өлтүрүлгөн деп эсептейт. 26 жаштагы Ульяна атасын мындайча эскерди:

- Ал кыйноонун бардык түрүнө каршы болчу. Бардык маселени сүйлөшүп чечсе болот деп айтчу. Ал мени жаратылышты жана жашоону сүйүүгө үйрөттү. Албетте Украинанын азыркы абалы өтө кыйын болуп турат. Бирок өлкө келечеги үчүн жанын берген адамдарды унутпашыбыз керек. Ошондо алар бекер өлбөптүр деп айта алабыз.

Анткен менен Евромайданда каза болгондордун бардыгы ушундай ойдо деп айтууга болбойт. Жыйырмадан жаңы ашкан Сергий Нигоян полиция менен аянттагы элдин кагылышуусунда ок тийип өлгөн. Убагында Тоолуу Карабактан тынчыраак жашоо издеп, көчүп келген анын атасы Харик уулунун көз карашын такыр бөлүшкөн эмес. "Уулуң Украинанын жаркын келечеги үчүн өлдү" деген нерсе да аларды сооротпойт.

- Мүмкүн Украинанын абдан жакшы келечек күтүп турса керек. Бизде андай болбойт. Биз уулубузду биротоло жоготтук.

Евромайданга чыккан активисттер. 23-февраль, 2014-жыл
Евромайданга чыккан активисттер. 23-февраль, 2014-жыл

Медицина кызматкерлеринин айтымында, 21 жаштагы Сергий Нигоян көкүрөгүнө, башына, тамагына тийген октон каза тапкан. Анын ата-энеси бул үчүн Евромайдандын башында тургандарды жана көптөгөн адамдардын өлүмүнүн арты менен бийликке келгендерди айыпташат.

- Алардын бардыгы Майдандын тегерек-четинде жүрүшкөн, багыт беришкен. Азыр алар каза болгондор жөнүндө ойлоп да коюшпайт. Эч ким бизге чалган да, келип абалыбызды сураган да жок.

Европа менен жакындашуу талабы менен тынч митинг Киев Майданында 2013-жылдын ноябрында башталган. Эки айдан соң, 2014-жылдын январында абал курчуп, демонстранттар менен полиция кагылышып, алгачкы адамдардын өлүмү катталган.

Миллиондогон украиндер ушул жумада Нигоянды жана нааразычылыктар маалында каза болгон 110 активистти эскеришет. Евромайдандын курмандыктарын эскерүү иш-чаралары Украинанын туш-тарабында өтөт.

Ал эми өлкөнүн батышындагы Бережано шаарынын аянтына Нигояндын аты берилди. Украина композитору Валентин Силвестроп ага арнап гимн чыгарды.

XS
SM
MD
LG