Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:12

Украина: Порошенко же Тимошенко...


Петр Порошенко.
Петр Порошенко.

Украинада ушул аптада президенттикке талапкер болгусу келгендерди каттоо аяктайт. Бирок байкоочулар баамында, негизги күрөш миллиардер Петр Порошенко менен жакында абактан бошонгон мурдагы премьер Юлия Тимошенконун ортосунда болчудай.

Украинанын негизги саясий партиялары президенттикке талапкер көргөзгөн курултайларын ушул ишембиде жарыша өткөрүштү. Ал парткурултайлардын сырт байкоочулар үчүн жаңылыгы, Виктор Януковичти президенттиктен кетирүүдө чечүүчү роль ойногон үч-төрт саясатчынын бири, президенттик шайлоого барарын башкалардан озунуп жарыялаган УДАР партиясынын лидери Виталий Кличконун жарыштан чыкканы болду:

- Украинанын кызыкчылыгынан улам, анын биримдигин сактоо үчүн, демократиялык күчтөрдүн атынан бирдиктүү талапкер катары Петр Порошенкону колдоого чакырам.

Деген Кличко алдыда Порошенко менен бирге иш жүргүзөрүн, өзү Киевдин мэрлик кызматы үчүн ат салышарын кошумчалады.

Кличко сунуш кылгандай Порошенко, жыйырмадай киши жарышка түшөрү күтүлүп жаткан шайлоодо демократиялык күчтөрдүн бирдиктүү талапкери болобу же жокпу, бул азырынча беймаалым.

Курултайда шайлоонун биринчи айлампасында жеңүү мүдөөсү бардыгын жашырбаган Петр Порошенко президенттикке "Батькивщина" партиясы көргөзгөн мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкону саясий оппонент же душман деп санабасын айтат:

- Мен курултайда жарыяладым, азыр да айтам: Юлия Тимошенко менин саясий оппонентим же душманым эмес. Эгер ал өнөктүктү улантуу чечимине келсе, бул шайлоо учурундагы гана атаандаштык болот. Мен ал өлкөбүздүн өнүгүү багыттары, жолдору боюнча идеялардын, принциптердин атаандаштыгы болот деп үмүттөнөм.

48 жаштагы Порошенко украин саясатына 98-жылдан тарта аралашып жүргөнү менен анча белгисиз, коомдук таасири жок саясатчы катары саналчу.

2000-жылдардын башында Януковичти жогорку бийлик сересине алып чыккан “Региондор" партиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Бирок көп өтпөй эле ошол кездеги президент Леонид Кучмадан кол үзүп, Виктор Юшенконун “Биздин Украина” партиясынын каржылык колдоочусуна айланган. 2004-2005-жылдардагы “саргылт ыңкылапты” колдоп, Юшенконун өкмөтүндө иштеген, 2009-2010-жылдары тышкы иштер министри болгон.

Порошенкону 2012-жылы Янукович да соода жана экономика министри кылып дайындаган. Бирок ал бул кызматты сегиз ай гана аркалап, парламентке көз карандысыз депутат катары кайтып келген.

Капыстан көтөрүлгөн кадыр

Порошенкону көптөр Евромайданды каржылагандардын бири деп билгени менен ал өзү демонстрациялардын башында турган эмес.

Киевдик саясий талдоочу Иван Лозови коомдук пикирди сурамжылоодо Порошенко озуп чыкканына таң калганын белгилейт:

- Ал акыркы айларда өзгөчө белгилегидей эч нерсе деле жасаган жок. Өзүнүн менчик телеканалы бар, ошондо узак интервьюларды берет. Албетте, баланс болуш үчүн алар башка саясатчыларды да чакырышат. Бирок кайталап кетейин, ал кыска жана орто мөөнөт аралагында жасаган маанилүү нерсе болгон жок.


Иван Лозови Украина практикалангандай, Порошенко коомдук
пикирдеги беделин көтөрүш үчүн акча төлөп да коюшу мүмкүндүгүн да жокко чыгарбады.

Порошенко Украинада Рошен шокалад брэндинин ээси катары таанымал. Байлыгы 1,3 миллиард доллар деп эсептелип жүрөт.

Социологиялык сурамжылоонун жакында жарыяланган жыйынтыгында 25% менен Порошенко биринчи орунду, 9% менен экинчи орунду Кличко, 8% менен үчүнчү орунду Тимошенко ээлеген.

Киевдик дагы бир саясий талдоочу Владимир Фисенконун пикиринде, Порошенконун бедели арта түшүүсүн эл аны Тимошенкого караганда жоопкерчиликтүү саясатчы жана антикризистик менеджер иретинде карап жаткандыктан болушу мүмкүн.

Башка саясат таануучулар, Поршенконун Крымга орусиялап ураан чакырып жатышканда референдумду токтотуу аракетинде жасаган сапары да украиндер арасында кадыры өскөнүнө салым кошконун айтышат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG