Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:54

Киев: Элди атууга буйрукту Янукович берген


Киевдеги тополоң маалында өлгөндөрдүн көбү көзгө атарлардын огунан учканы кабарланган, 20-февраль, 2014
Киевдеги тополоң маалында өлгөндөрдүн көбү көзгө атарлардын огунан учканы кабарланган, 20-февраль, 2014

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинада президенттиктен кулатылган "Виктор Янукович демонстранттарды өлтүрүүгө буйрук берген" деген Киевдин билдирүүсүнө ишенбей турганын билдирди.

Сергей Лавров мындай айыптоого "карама-каршы келген далилдер көп экенин" айтууда. Бейшембиде расмий Киев тополоңдо элге ок чыгарууга Янукович буйрук бергенин, ага орус ФСБсы көмөктөшкөнүн айткан.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков маалымат жыйынында сүйлөп, Янукович “18-20-февраль күндөрү демонстранттарга ок чыгаруу жөнүндө буйрук берген” деди.

Украинада өткөн жылдын ноябрынан тарта өкмөткө каршы жыйында тургандардын ичинде 100дөн ашуун адам тополоңдо өлгөн. Алардын көбү 18-февралдан тарта эки күн бою снайперлердин огунан жан бергени айтылды.

Ошол күндөрү Янукович өлкөдөн чыгып кеткен, кийинчерээк парламент аны бийликтен четтетти.

Украинанын коопсуздук кызматынын башчысы Валентин Наливайченко бейшембидеги маалымат жыйынында айтканына караганда, Майдандагы нааразылык маалында Украинада Орусиянын Федералдык коопсуздук күчтөрү (ФСБнын) кызматкерлери көп жүрүшкөн.

"Биринчи суроо – былтыр 20-декабрда Украин коопсуздук кызматынын полигонунда орус ФСБсынын 26 кызматкери жүргөнү жөнүндө болуп жатат, - деди министр. - Биз алар эмне максатта, кандай тапшырма менен жүрүшкөнү жөнүндө түшүндүрмө сурап жатабыз".

Наливайченко азыр тергөөчүлөр демонстранттарды өлтүрүүнү пландоого ФСБнын өкүлдөрү да катышкан деп ишенип жатышканын кошумчалады.

"Быйыл январдын ортолорунда украин коопсуздук кызматында ФСБнын алты кызматкери болгон. Алар эмне кылып жүрүштү? Дал ошол кишилер кийин айтылуу “антитеррористтик операцияны” пландап ишке аткарууга тартылышкан деп айтууга бизде негиз бар", - деди Наливайченко.

Украинанын Башкы прокурору Олег Мяхницкий ошол Майдандагы элге ок чыгарган деп шектелген атайын коопсуздук бөлүгү - “Бүркүттүн” - бир топ мүчөлөрүнүн камалганы тууралуу буга чейинки билдирүүсүн кайталады.

"Кылмышты иликтөөдө колдонулчу түрдүү ыкмалар – психологиялык жана денеге таасир этүү, жалган айтканды аныктаган детекторду – колдонуу аркылуу биз Майданда элди атууга түздөн-түз катышкан бир нече адамды аныктадык. Таркатылган “Бүркүт” атайын күчтөрүнүн азырынча 12 мүчөсү камалды жана тергөө иштери улантылууда", - деди баш прокурор.

Ал арада Орусиянын ФСБ кызматы Майдан окуяларына эч кандай тийиштиги жок экенин билдирип, айыптоолорду четке какты. Орус атайын кызматынын расмий өкүлү РИА-Новости жана ИТАР-ТАСС маалымат агенттиктерине Наливайченконун билдирүүсү жөнүндө сүйлөп, “Айыптоолордун баары Украин коопсуздук кызматынын абийиринде калат” деди.

Өткөн айда Орусия "Киевде украиналык ультра-улутчулдар полицияга алгач ок чыгарган, муну менен алар Януковичти жана аны колдогон Кремлди жаманатты кылууну самаган болсо керек" деген эле.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG