Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:20

АКШ менен Орусия "санкция алмашты"


Мамдуманын депутаттары Крымды Орусиянын бөлүгү катары тааныган келишимди жактыргандан кийин, 20-март, 2014
Мамдуманын депутаттары Крымды Орусиянын бөлүгү катары тааныган келишимди жактыргандан кийин, 20-март, 2014

Кечээ Орусия менен АКШ Крымдын аннексияланышына байланыштуу бири-бирине санкция жарыялашты. Орус тышкы иштер министрлиги америкалык жогорку даражалуу тогуз расмий өкүлгө санкция жарыялады. Анын алдынан АКШ президенти Барак Обама Крымды Орусияга кошууга тиешеси бар делген орусиялык чиновниктер менен башка өкүлдөрдүн тизмеси кеңейтилгенин айткан.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги америкалык расмий өкүлдөр жана Конгресстин мүчөлөрүнөн турган тогуз адамга санкция жарыялап, алардын Орусияга киришине тыюу салды.

Ал тогуз кишинин арасында АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Кэролайн Аткинсон, президенттин дагы эки жардамчысы, сенатор Жон Маккейн, дагы төрт сенатор бар. Мындан сырткары, Конгресстин Өкүлдөр палатасынын спикери Жон Бейнер да ушул тизмеде.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги муну ушул эле күнү Америка Кошмо Штаттарынын президенти Барак Обама орусиялык чиновниктерге жарыялаган санкциясына жооп иретинде билдирген. Обама апта башында жарыяланган жазананы толуктаган тизмеде орус президентинин администрация башчысы Сергей Иванов, парламенттин төмөнкү палатасынын – Мамдуманын – спикери Сергей Нарышкин, депутат Сергей Железняк, Орус темир жолдорунун башчысынын жана орус өкмөтүнө жардам берип келаткан бир нече бизнесмендин ысымдары, ошондой эле “Россия” банкы аталды.

Мындан сырткары, Обама орус экономикасынын маанилүү секторлоруна таасир этчү кошумча жазаналарды жарыялоону караган буйрук чыгарганын да билдирди.

"Бул санкциялар орус экономикасына гана эмес, дүйнөлүк экономикага да кесепетин тийгизбей койбойт, - деди АКШ президенти. - Бирок Орусия абалдын мындан ары курчушу аны дүйнөлүк коомчулуктан улам алыстата бере турганын түшүнүшү керек".

Ошол эле маалда, Обама Орусия менен азыр кризисти чечүү боюнча дипломатиялык аракеттер улантыла берээрин айтып, Москваны азыр Украина өз тагдырын өзү чечишине укуктуу экенин таанууга үндөдү.

Апта башында Вашингтон орусиялык жана украиналык 11 чиновникке санкция киргизген. Анын шарттарына ылайык, “кара тизмеге” киргендердин Кошмо Штаттардагы мүлктөрү камакка алынат, өздөрү өлкөгө киришине тыюу салынат.

Эки тарап ушинтип бири-бирине санкцияларды жарыялашкандан кийин, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров телефондон сүйлөштү.

Ал сүйлөшүүдө Лавров “Крымдын аннексиясы талкуулана турган маселе эмес” деп билдиргени айтылууда.

Ал арада, Франциянын президенти Франсуа Олланд быйыл июнга Орусия менен өтөөрү белгиленген саммиттен Евробиримдик баш тартаарын айтты. Ушул аптада АКШ менен катар Еврошаркет да орусиялык жана украиналык чиновниктерге санкцияларды жарыялаган.

Батыш азыр Орусия Крымды өзүнө кошуп алганын мыйзамсыз жана Европанын коопсуздугуна карата “кансыз согуштан” берки эң эле чоң коркунуч катары атап жатат.

Орусия болсо өзүнүн аракеттери толугу менен эл аралык мыйзамдарга төп келет деп, Москва азыр ал жакта орустар менен орус тилдүүлөрдү украиналык улутчул топтордон коргоп жатканын айтууда.

Кечээ, мындан сырткары Мамлекеттик Дума Крымды Орусиянын бир бөлүгү катары тааныды. Орусия менен азырынча тааныла элек “Крым Республикасынын” ортосунда түзүлгөн келишимге парламентте бир гана депутат - Илья Пономарев каршы добуш берди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG