Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Украина, Грузия, Молдова Европаны көздөй бет алышты


Украина президенти Петро Порошенко.
Украина президенти Петро Порошенко.

Украина жана Евробиримдик Брюсселде ассоциациялык макулдашуу жана ортодогу эркин соода алакалары тууралуу келишимге кол коюшту.

Украин президенти Петро Порошенко бул күн анын өлкөсү үчүн 1991-жылы эгемендик алгандан берки эң маанилүү тарыхый учур болгонун айтып, Брюсселде келишимдерге кол коюлгандан кийин толкундана "бул документтер Украина алдында таптакыр жаңы келечекке жол ачканын" белгиледи.

- Мен бир тараптуу билдирүү жасагым келип турат. Европа Биримдиги менен макулдашууларга кол коюп, Украина европалык мамлекет катары демократия, мыйзам үстөмдүгү баалуулуктарын баарынан жогору коюп, келечекте Евробиримдикке мүчө болуу багытын эгемендүү өлкө катары тандады.

Жума күнү Брюсселде Евробиримдик менен ассоциациялык макулдашууга Украинадан башка Грузия жана Молдова да кол коюшту. Кол коюу аземи алдында Европа Кеңешинин төрагасы Херман Ван Ромпей “Биздин максат – үч өлкөнүн экономикасын Евробиримдик аймагына интеграциялоо. Визасыз режим биздин элдерди жакындатат, молдовалыктар азыр да Европага визасыз каттап жатышат”, - деген билдирүү жасады.

Украина менен Евробиримдик ортосунда виза режимин жоюу тууралуу макулдашууга кол коюла элек, ага жыл аягына чейин кол коюлат деген ишеничин Порошенко Брюсселде кошумчалай кетти. Грузия, Молдова, Украинага Евробиримдик менен эркин соода алакалары кандай жаңылык алып келет? Албетте, эң ириде үч өлкө европалык 500 миллиондой кардары бар базарга кирүү мүмкүндүгүн алат. Евробиримдик бул үч өлкөнүн товарларына импорт төлөмдөрүн жойот. Андай жеңилдик бардык товарларга бир күндө эле киргизилбейт. Документке ылайык, украиналык товарларга жети жылда, Киев европалык товарларга он жылда барып бажы төлөмдөрүн жойот. Киевдик жетекчилер европалык автоунааларга импорт салыгын 15 жылда жоюуга уруксат сурады. Антпесе, украин экономикасына олуттуу сокку урулары турган иш.

Украина, Грузия, Молдова Европага биринчи кезекте тамак-аш экспорттоого кызыкдар. Бул маселеде да далай кыйынчылыктар бар экенин Еврокеңештин соода эксперти Дмитар Бечев чечмелеп берди:

- Стандартка келсек, баарынан маанилүү тармак, албетте, тамак-аш соодасы. Европалык лидерлер кайсы бир өлкөдөн тамак-аш сатылып алынса, ал азык-түлүк жарандарынын саламаттыгына зыян келтирбей турган стандартта болушун талап кылат. Ал стандарттарды, талаптарды аткаруу үчүн Украина, Грузия, Молдова - үчөө тең Евробиримдикте кабыл алынган тамак-аш коопсуздугуна ылайык бардык нормаларды аткарышы керек. Германия, Франция, Британияга азык-түлүк экспорттоо үчүн бул үч мамлекет бир топ иштерди, мыйзам жагынан, сертификациялоо, сапатты текшерүү жагынан далай милдеттерди мойнуна алат. Жакшы жагы - акырындап олтуруп, тамак-аш жана башка тармактарын европалык сапаттын деңгээлине көтөрүп алат.

Айтор, Евробиримдикке жакындашып-жуурулушуу жараяны акырындап ишке ашат, бирок бул жараянга кантсе да жол ачылды. Дал ушул Брюсселде кол коюлган Евробиримдик менен ассоциация тууралуу келишимге кол коюу ишин кийинкиге жылдырганы үчүн мурдагы украин президенти Виктор Янукович массалык демонстрацияларга туш болуп, аягында ал окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген.

Орусия азыр да Украина, Грузия, Молдова Евробиримдик менен жакындашуу, экономикалык интеграцияга жол ачкан келишимдерге кол койгонун катуу сындап жатат. Тышкы иштер министри Сергей Лавров "Украина муну менен КМШ алкагындагы соода артыкчылыктарынан кол жууйт" десе, президент Путиндин кеңешчиси Сергей Глазьев Брюсселде кол коюлган келишимдерди “жаңы тарыхтагы эң ири саясий авантюра” деп атады.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG