Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:45

Украина жана Еврошаркет Орусиясыз сүйлөшөт


Виктор Янукович жана Франсуа Олланд
Виктор Янукович жана Франсуа Олланд

Вильнюстагы Чыгыш өнөктөштүгү саммитинде Европа лидерлери Орусиянын Украинага көрсөткөн кысымын сынга алышты. Украина – Еврошаркет сүйлөшүүлөрүнө Орусияны катыштыруу сунушун четке кагышты.

Германия канцлери Ангела Меркелдин Вильнюстан “же биз, же алар менталитетти өзөртүшү керек, Кансыз согуш бүткөн”, - деп айткан сөздөрү ириде Орусияга багытталгандай болду.

Француз президенти Франсуа Олланд болсо Украина Еврошаркет менен Ассоциация жана эркин соода келишимине кол койбоо үчүн Орусия тараптан негизинен газ боюнча кысымга кабылганын белгиледи. Эки лидер тең бул тууралуу Чыгыш өнөктөштүгү саммитинин соңунда сүйлөгөн учурунда айтышты.

Эки күндүк саммит Брюссель менен Киев ортосунда Ассоциация жана эркин соода келишимин түзүү багытында иш улантылат деген убада менен аяктады. Украин президенти Виктор Януковичтин билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй, Киев азыр да келишимге “жакынкы келечекте” кол коюуну каалайт.

Киевдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Киевдеги нааразылык акциясынан бир көрүнүш
Саммиттин жыйынтык декларациясында катышуучулардын баары “Украинанын Евробиримдик менен саясий байланышына жана экономикалык интеграциясына болуп көрбөгөндөй коомдук колдоо бар болгонун” эске алышканы айтылат.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Баррозу саммиттин соңунда буларга токтолду:

- Биз украиналыктар өздөрүн канчалык европалык сезишерин, Европа үчүн канчалык кам көрүшөрүн, Европа өлкөлөрүнүн демократиялык коомунун мүчөсү катары таанылууга канчалык умтулушарын билебиз. Украинанын суверендүү чечимин урматтоо зарылдыгын билүү менен биз, албетте, украин өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү улантабыз.

Еврокомиссия төрагасы Киевдин Еврошаркет менен сүйлөшүүлөрүнө Москва да катышсын деген сунушун четке какты. Жозе Мануэл Баррозунун айтымында, “эки тараптуу келишимди үч тарап макулдашуусунун зарылдыгы жок”.

Акыркы сааттарга чейин үмүт сакталганы менен украин президенти Виктор Януковичтин Еврошаркет менен узактан бери сүйлөшүлүп келаткан Ассоциация жана эркин соода келишимине Вильнюстагы саммитте кол коё албай турганы бир апта мурда анык болгон. Украин өкмөтү буга даярдык иштерин токтотконун 21-ноябрда жарыялап, муну экономикалык жүйө менен түшүндүргөн. Бирок Украинага бул үчүн Орусия саясий да, экономикалык да кысым көрсөткөнү анык болуп калды.

Украин бийликтеринин Еврошаркет менен келишимге кол коюудан баш тартышы "саргылт ыңкылаптан" берки эң ири нааразылык акциялар менен коштолду. Демонстрациялар жума күнү да уланып, көчөгө президент Януковичтин келишимге кол койбоо чечимин колдогон жактоочулары да чыгышты.

Киевдик саясий талдоочу Алексий Харан украин бийлиги эми алдыда Орусия кысымынан улам Бажы союзуна ыктайбы же убакыт өткөрүп, Еврошаркет менен келишим түзөбү деген суроонун жообун мындайча чечмелейт:

- Менимче Янукович Бажы союзунун коркунучун билет жана ага кошулуусу арсар. Мындан да маанилүүсү - азыркы митингдер ал үчүн куткаруучу болуп калды. Андыктан эми Путин Бажы союзга кошулууга кысым көргөзгөн учурда “мен муну жасай албайм, эл кандай жыйналганын көрүп жатасыз”, - деп айта алат.

Айрым талдоочулар эгер Украина Еврошаркет менен келишим түзүүгө барса, бул 2015-жылдан кийинки президенттик шайлоодон кийин гана болорун айтышууда.

Грузия жана Молдова келишимди жактырды

Бул эки өлкө Вильнюстагы саммитте Еврошаркет менен Ассоциация жана эркин соода келишимдерин баштапкы жактыруудан, же дипломаттардын айтымында парафирлөөдөн өткөрүштү. Муну менен алардын келечекте бул келишимге кол коюусуна жол ачылып отурат.

Молдованын премьер-министри Юриэ Лянке бул окуянын өлкөсү үчүн маанисин мындайча чечмеледи:

- Бул менин өлкөм менен Еврошаркет ортосундагы ишенимди, ачыктыкты, кызматташтыкты символдоштуруп турат. Бул биздин мындан аркы алака-катышыбыздын ачык жолун көргөзүүдө. Албетте ал акыр аягында бир күнү менин өлкөмдү Еврошаркеттин мүчөлүгүнө алып келери айныксыз.

Мындай келишимди Вильнюста жактырган Грузия менен Молдова али алдында ага кол коюшу керек.

Еврошаркет менен Ассоциация келишимине кол коюу аны жасаган өлкөлөр үчүн шаркет менен экономикалык интеграцияга баруу, өзүнүн укуктук, мыйзамдык, экономикалык системаларын шаркеттин нормаларына ылайыкташтыруу дегенди туюндурат.

Молдова менен Грузиядан башка эски совет аймагынын Еврошаркеттин Чыгыш өнөктөштүгү программасы тартылган алты өлкөсүнүн бири Азербайжан Вильнюстагы саммитте Брюссель менен жарандары Еврошаркет өлкөлөрүнүн визасын алууну жеңилдетүүнү караган келишим түздү. Беларус болсо виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүү баштоо боюнча ниетин жарыялап, Еврошаркет бул сунушка оң жооп берди. Сүйлөшүүлөр декабрда башталышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG