Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Киевде ЕККУ жыйыны өттү


Украина, 4-декабрь, 2013-жыл
Украина, 4-декабрь, 2013-жыл

Киевдин Төбөлсүздүк аянтында өкмөттү кызматтан кетүүгө чакырган европачылардын пикети алты күндөн бери уланууда. Украинанын мурдагы үч президенти демонстранттарга тилектештигин билдиришти.

4-декабрда Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Киевде митингчилер менен кездешип, Евробиримдиктин эшиги Украина үчүн ачык деди. Ордо шаарда бүгүн Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун министрлеринин жыйыны башталды.

Украин өкмөтүнүн отставкага кетүүсүн жана кезексиз парламенттик шайлоо өтүүсүн талап кылган демонстрация Киевдин Төбөлсүздүк майданында уланууда. 4-декабрда Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле демонстранттарга жолукту. Кездешүү оппозициячыл УДАР партиясынын башчысы Виталий Кличко жана “Батькившина” фракциясынын лидери Арсений Яценюк менен чогуу өттү. Вестервелле Киевге Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму - ЕККУнун министрлеринин 5-ноябрда ачылган саммитине келген. Бул жыйынга АКШ мамкатчысы Жон Керри да келди. ЕККУга Европа, Азия жана Түндүк Америкадан болуп, 57 мамлекет мүчө.

ЕККУ саммитинин ачылышында сүйлөгөн премьер-министр Микола Азаров “демократия өнүгүп жаткан өлкөдө нааразылык акциялары кадыресе көрүнүш” экенине көңүл бурду.

Виталий Кличко жана Гидо Вестервелле
Виталий Кличко жана Гидо Вестервелле
Гидо Вестервелле демонстранттар менен жолугушканда Украин өкмөтү өткөн аптада Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тартса да, Евробиримдиктин эшиги 46 миллион эли бар өлкөгө ачык экенин билдирди:

- Биздин сүйлөшүү конструктивдүү жана мазмундуу болду. Мага жагдай жана Украинадагы саясий абал жөнүндө маалымат беришти. Биздин сөзүбүз жөнөкөй жана ачык. Биз бул жерге европалыктарга келгендей келдик. Европа Украинанын тагдырына көңүлкош эмес. Биз европалык дөөлөттөрдү жайылтабыз жана Европага эшик ачык бойдон турат.

Кездешүүдөн кийин “Батькившина” фракциясынын ана башы, экс-спикер Арсений Яценюк да Украинадагы кризисти дүйнө кунт коюп карап турат деди:

- Бүгүн Украинага дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери келишти. Бул дүйнө украиндердин өз укугу үчүн күрөшүн дүйнө көз салып турбастан, колдогонун да тастыктайт. Биз германиялык досторубуздан абдан маанилүү кабар алдык: Евробиримдик эшигин Украина үчүн ачык кармоодо. Европа биримдиги жана Германия ар бир жаңжалдын тынч, мыйзамдуу жөндөлүшүн жактайт. Ошон үчүн биз тынч протестке чыктык; ошон үчүн өз укуктарыбыз үчүн күрөшөбүз.

Бул тапта Украинанын ички иштер министри В. Захарченко милицияга тынч демонстранттарга каршы күч колдонбоону буйруп, анын уюштуруучулары акциянын коопсуздугу үчүн жооптуу экенин эскертти. Ошондой эле ар кандай бузукулукка азгырылбоону суранды.

Демонстранттарды өлкөнүн мурдагы үч президенти да колдоду. “Биз жүз миңдеген жаш украиналыктардын тынч жарандык акциясына тилектешпиз”,-деп билдиришти экс-президенттер Леонид Кравчук, Леонид Кучма жана Виктор Ю́щенко. Аларды Вашингтон да жактаарын АКШ мамкатчысы Жон Керри кайра кайталап, "украиндер да молдовалыктар сыяктуу эле өз болочогун өзү тандаш керек",- деди кечээ Кишиневдогу визити маалында. Молдова 28-29-ноябрдагы Вильнюстагы жыйында Евробиримдик менен өнөктөштүк келишимине кол койгон.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 4-ноябрда тыш өлкөлөрдү Украинадагы жагдайга киришпөөгө үндөп, абалды жөндөө украиндердин ички иши деген.

Кычыраган кыш алдында Украинаны экономика да кысмакка алууда. Шаршемби күнү биринчи вице-премьер Юрий Бойко башындагы делегация Москвага финансылык көмөк издеп барды. Ушундай эле максат менен президент Янукович Кытайда жүрөт. Өкмөткө газдын акысын жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн миллиарддаган долларга муктаж.

Акыркы келген маалыматтар боюнча, оппозициячыл депутаттар Жогорку Раданын сессиясына жолтоо кылып, иштетпей койду. Төбөлсүздүк майданында бир нече миң демонстрант калууда. Алардын башка тобу Өкмөт үйүн курчап алган.

Нааразылык акциялары Украина өткөн аптада Вильнюста Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койбогондон соң башталган.

XS
SM
MD
LG