Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Липман: Кыргызстан менен Украинадагы окуяларда айырма көп


М.Липман: Янукович өзүнүн орой аракеттери менен араң турган балансты бузду.
М.Липман: Янукович өзүнүн орой аракеттери менен араң турган балансты бузду.

Украинада экинчи ирет бийлик алмашканы, болгондо да күч менен, кандуу окуялардын натыйжасында президент өлкөдөн качып кеткени Кыргызстанда ушул өңдүү толундоолордун төрт жылдыгынын алдында жүз көрдү.

Кыргызстанда 2010-жылдын апрелиндеги окуяларга көз чаптырганда, андан кийинки кыргыз-өзбек улуттарынын ортосундагы кагылыштарга алып келген июнь окуялары, кайсыл бир деңгээлде, бүгүн Украинанын алдында турган чоң опурталдуу маселедей туюлат. Москвадагы “Карнеги” изилдөө борборунун аналитиги Мария Липман бирок Украинадагы окуяларды Кыргызстандагы 2010-жылкы окуялар менен салыштырганда этият болууга үндөдү.

Мария Липман: Сиз бир маанилүү факторду атадыңыз. Ал Кыргызстанда болгон, бирок Украинада жок. Мен этникалык фактор жөнүндө айтып жатам. Украинада бийликтин алмашуусуна алып келген соңку кандуу окуялар улуттар ортосундагы ажырымдын айынан болгон жок, андай болушу да мүмкүн эмес эле. Бул – таза саясий окуя болду. Эгер аны “ыңкылап” деп атай турган болсок, ал болгону бир нече жүз адамдын президентке каршы нааразылыгын жөн жайгара албай, аларга каршы күч колдоном деп, массалык кыжырданууну жараткан президент Виктор Януковичтин натуура аракеттеринин айынан болду. Анда эч кандай улуттар ортосунда кагылыш болгон жок.

“Азаттык”: Бирок анын натыйжасындагы окуяларда, маселен, орус президенти Владимир Путин Крымдагы аракеттерин дал ошол этникалык негизде түшүндүрбөдүбү. “Орустарды украин улутчулдарынан коргоп жатам” дебедиби?
Борбор Азиядагы көп өлкөлөр бийликти тынч алмаштыруу тажрыйбасын топтой алышпады.
М.Липман
Мария Липман: Билесизби, бул өтө оор маселе. Орусия тараптан азыр чындап эле этникалык риторика улам көп айтылып жатат жана бул мени аябай тынчсыздандырат. “Орустар”, “орус тилдүүлөр”, “биздикилер” деп атап, аларды Украинада кимдир бирөөдөн коргош керектиги тууралуу көп айтылууда. Бул, менимче, опурталдуу көрүнүш. Бирок биз аларды “кимден коргошубуз керек?” деген суроодо так этникалык мүнөз жок. “Орустарды украиндерден коргош керек” деп айтыла элек.

Азырынча орус пропагандасында орус тилдүүлөрдү “неонацисттерден, фашисттерден, экстремисттер менен бандерачылардан” коргош керек деген өңдүү саясий гана терминдер айтылууда. Мунун баары этникалык мүнөзгө ээ эмес. Чынында, орустар менен украиндерди бири-биринен айырмалаш деле оңой эмес. Азырга чейин Орусияда орустар менен украиндерди улут катары бөлүп кароо дегенге коомдо чоң маани беришкен эмес.

“Азаттык”: Мария, аймактагы өлкөлөрдө бийлик ушул өңдүү элдик толкундоолор аркылуу алмашканда сөзсүз “мунун артында сырткы, үчүнчү күчтөр турат” деген ой көп айтылат. Сиз буга кандай карайсыз?

Мария Липман: Бул, албетте, биздин ал сөздү кандай түшүнгөнүбүзгө жараша болот. Маселен, азыр украин кризисин жөнгө салууга Евробиримдик, Орусия, АКШ, иши кылып, дүйнөлүк дипломатия катуу киришти. Президенттер эле канча ирет телефон аркылуу сүйлөшкөнүн, тышкы иштер министрлери жолугушканын караңыз. Чындап эле азыр бул кризис жалпы Европадагы коопсуздукка чоң коркунуч келтирээри айтылууда. Аны “кансыз согуштан” бери Европанын коопсуздугуна жаралган эң опурталдуу коркунуч катары атап жатышканы да бекеринен эмес. Ошондуктан дүйнө толугу менен азыр бул маселени чечүүгө жардам бергенге аракет кылып жатат. Ошол мааниден алып караганда, албетте, мунун артында көптөр турат.
Украина.
Украина.
Ал эми Украинадагыбы, Кыргызстандагыбы же Грузиядагыбы, айтор, ушул өңдүү окуялардын тутанып кетишине кимдир бирөө сырттан аракет кылдыбы дегенге келсек, менимче, бул такыр эле ашыкча фактор. Бул өлкөлөрдүн өзүндө андай бийликтин алмашуусуна алып келүүгө себеп боло турган жагдайлар жетиштүү болчу. Мындан башка бирөөнүн колун, кутумун издебей эле койгон туура го дейм.

“Азаттык”: Акыркы 10 жылдыкта постсоветтик аймакта болгон ушул элдик толкундоолорду, анын натыйжасында бийлик алмашканын карасак, окуялардын баары үч эле өлкөдө болду – Кыргызстан, Грузия жана Украина. Аналитиктер айтылуу “түстүү ыңкылаптар эми мурдагы бүтүн Советтер Союзуна таркайт” дешкен. Андай болбоду. Эмне үчүн ошондон берки тынчыбаган бийлик алмашуулар, элдин нааразылыгы, саясий туруксуздук кайра эле ошол үч өлкөдө кайталанып жатат? Бул дегени түстүү ыңкылап перманенттүү, туруктуу бейстабилдүүлүккө алып келет дегенди билдиреби?

Мария Липман: Менимче, антип бүтүм чыгарганга азырынча эртерээк. Дал ошол Борбор Азиядагы өлкөлөрдө биз алдыда дагы туруксуздуктарга күбө болушубуз мүмкүн. Алардын көбүндө бир эле авторитардык лидер көп жылдардан бери бийликте турат. Бирок убакытты эч ким жеңе албайт. Алардын доору бүткөндө ал өлкөлөр баары бир ушундай эле туруксуздукту баштан кечириши турган иш. Тилекке каршы, алар режимди тынч жол менен алмаштыруу тажрыйбасын топтой алышкан жок. Ошондуктан бул өлкөлөрдө кийин трансформация оор болушун эч ким жокко чыгара албайт.

Бирок эмне үчүн түстүү ыңкылапты баштан кечирген үч өлкөдө туруктуулук орнобой жатат? Мен муну алардагы саясий өзгөчөлүк менен түшүндүрөт элем. Кыргызстанда, менимче, буга өлкөнүн түндүк-түштүк болуп бөлүнгөнү башкы себептерден болуп келатат. Украинада болсо өлкө эгемендик алгандан бери эле “бир улутту түзүү” идеясы ишке ашпай келатат. Жаңы Украинанын тарыхындагы бир да президент коомдогу чыгыш менен батышка бөлүнгөн элди бириктире албай койду. Керек болсо, алар Улуу Ата Мекендик согуштун маанисин да эки башка нукта түшүнөт. Буга чейинки президенттер аздыр-көптүр ошол айырманы анча билдирбей, элди башкарганга аракет кылып келсе, Янукович ошол араң эле турган балансты өзүнүн жакшы ойлонбогон, орой аракеттери менен бузуп салды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG